Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:21

Орусиянын ОРТ жана “Россия РТР” телеканалдарына Кыргызстандын аймагында жергиликтүү мыйзамдарга баш ийбей турган өзгөчө макам берүү сунушталууда.

Демилгенин автору Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргызстандын Орусия менен жакын катыштыгын эске алуу керектигин бетке кармайт. Бул долбоор азыртадан эле кызуу талашты жаратып, Орусия өзүнүн федералдык каналдары аркылуу пропагандалоо саясатын жүргүзүп, өлкөнүн маалымат коопсуздугуна коркунуч туудурарын айткандар бар.

Маданият министрлиги болсо ОРТ жана РТР каналдарын ретрансляциялоо мүмкүнчүлүгү Орусия тарабынан акысыз берилип жатканын айтып, бул артыкчылыкты колдон чыгарбоо керектигин белгилөөдө. Министрдин орун басары Айнура Темирбекованын “Азаттыкка” билдиришинче, КМШ өлкөлөрү мындай укук үчүн акы төлөшөт.

- Орусия менен мурдатан стратегиялык өнөктөш болгонубузга байланыштуу алардын каналдарын көрүп көнүп калганбыз. Бизге акысыз берип жатат. Бул азырынча долбоор. Орусия аталган эки каналдын контенттерине жылына 3 миллиард доллар коротот экен.

Санарип менен кошо пропаганда келет

Орусиянын аталган эки каналын учурда санариптен тышкары, аналогдук берүүлөрдөн да көрсө болот. Бирок ушул жылдын май айынан баштап аналогдогу каналдар четинен өчүрүлүп, бардыгы санариптик берүүдөн гана көрсөтүлө баштайт.

Транспорт жана байланыш министринин орун басары Эрнис Мамырканов ОРТ менен РТР каналдарына өзгөчө статус берилбесе, санариптен да көрсөтүлбөй жабылып калышы мүмкүндүгүн айтууда.

- Ушул маалга чейин санариптен кетип жаткан РТР каналына Орусия өзү төлөп келди. Бирок жаңы жылдан баштап орус тарап каржылоону токтотуп жатат. Ошондуктан Кыргызстандын өзүнө каналды берүүдө. Бизде Орусиянын ТНТ, СТС деген сыяктуу көп эле каналдары бар. Аны Орусиядан сатып алып, жарнама учурунда Кыргызстандын жарнактарын жарыялап, киреше табышат. Ал эми РТР менен ОРТ каналдарын бизге бекер берип жатышат.

Орусия өзүнүн саясатын пропагандалоодо дал ушу эки каналдын ролу зор экенин белгилөө зарыл. Мындан улам ОРТ менен РТРге өзгөчө макам берүү менен Орусия өзүнүн пропагандасын бекер жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алууда деген пикирлер үстөмдүк кыла баштады.

Журналист Нарын Айып аталган эки каналдын сапатынан күмөн санабаганы менен, бир катар терс факторду көрүп турат.

- Бизге Орусиянын маданий же спорт каналы бекер берилип жаткан жок. ОРТ, РТР – бул кийинки учурда жалаң эле пропагандага өтүп кеткен каналдар. Ошондуктан буларга өзгөчө макам берүү менен Кыргызстан ого бетер Орусиянын маалымат айдыңында калып, ал өлкөнүн пропагандасына багынып калабыз. Демек Орусия каналдарын бекер көрсөтөт жана пропагандасын жүргүзө берет. Экинчиден, орусиялык каналдарга артыкчылык берүү кыргыз тилин өнүктүрүүгө жолтоо болмокчу.

Долбоорго бийликчил депутаттар да каршы

Орусиянын федералдык каналдары Кыргызстандын коомдук-саясий айдыңына тыкыр байкоо салып, атүгүл кийлигише калып жүрөт. 2010-жылдагы парламенттик жана президенттик шайлоодо Орусиянын бир катар каналдары кээ бир партия менен талапкерге ачык жана кыйыр үгүт жасап, коомдук пикирди өзгөртүүгө салым кошкону менен эсте калган.

Кыргызстан ОРТ каналына ретрансляциялоо үчүн жылына 50 млн. сом төлөйт деген маалымат былтыр депутаттар арасында бир топ нааразычылыкты жараткан. Ошол эле учурда ВГТРК холдингине таандык “РТР-Планета”, “РТР-24” жана “РТР-Культура” өлкөгө 96 миллион сом төлөөрү айтылган.

Азыркы талкууланып жаткан долбоорго бийликтеги депутаттар да каршылыгын билдирүүдө. КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев өзгөчө статусту Орусиянын саясий эмес, маданий каналдарына берүүгө макул.

- Орусияда ошол эле “Культура” деген сыяктуу бир топ маданий каналдары бар. Менин оюмча ошолорго артыкчылык берсек жакшы болмок. Бизде саясат ансыз деле жетчү чегине жетти. ОРТ менен РТР саясий каналдар экенин баарыбыз билебиз, ошондуктан долбоордун азырынча кереги жок деп ойлойм.

Коңшуларды карасак...

Ал арада коңшу Казакстан, тескерисинче, орусиялык телеканалдарга чектөөлөрдү киргизип жатат. Расмий Астана 1-январдан тартып чет элдик телеканалдарды алып көрсөтүүдө жарнама коюуга тыюу салды. Ал эми 2017-жылдан тарта чет элдик телеканалдар Казакстанда өздөрүнүн расмий өкүлчүлүктөрүн ачууга милдеттендирилди.

Тажикстан менен Өзбекстан федералдык каналдарды спутник аркылуу гана акы төлөп көрүшөт.

Кыргызстанда ОРТ менен РТРди санариптен алып салган учурда деле, көрүүчүлөр спутник аркылуу көрө берсе болот. Бирок Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктан аталган каналдарды бекер көрсөтүү боюнча кайрылуулар көп болгонунан улам ийкемдүүлүккө барганын айтышууда.

Анткен менен өлкөнүн “Теле жана радио көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамдын 8-беренесинде телеканалдын берүүсүнүн жарымысынан көбү мамлекеттик тилде болуп, программалардын 60 пайыз берүүсүндө улуттук продукт коштолушу шарт. Өзгөчө макам берүүнүн артында ОРТ менен РТР бул жоопкерчиликтен арылып, жергиликтүү мыйзамдар эки каналга иштебей калат. Себеби алар 100 пайыз расмий тилде көрсөтүүлөрүн чыгарып келээри анык.

Учурда өлкөнүн санариптик берүүсүндө 37 канал көрсөтүлүп жатса, анын 14ү социалдык пакетке кирип, мамлекет тарабынан колдоого алынып келет. Ал эми Орусиянын РТР жана ОРТ каналдары 2-мультиплекс аркылуу кыргызстандыктарга көрсөтүлүүдө. Эгер долбоор колдоо таап, өкмөт аралык келишимге кол коюлса, Кыргызстан ОРТ менен РТР каналдарын көрсөтүүнү өз жоопкерчилигине алмакчы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG