Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Д.Жапаров "Кумтор Голд Компанинин" жетекчилигинен кетүүгө арыз берди


“Кыргыз алтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Дилгер Жапаров 1-февралдан тарта "Кумтор Голд Компани" жабык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин төрагалык кызматынан кетүүгө арыз берди. Бул тууралуу маалымат "Кыргыз алтын” ишканасынын интернет сайтына жарыяланды. Жапаров мындай чечимди Жогорку Кеңештин депуттары тарабынан айтылган, канадалык тараптын кызыкчылыгын коргоп жатат деген шектенүүлөрдү жокко чыгаруу максатында кабыл алгандыгын айткан.
"Кумтор Голд Компанинин" Директорлор кеңешин башкаруу “Кыргыз алтын” ишканасына 2004-жылдагы уставдын негизинде берилген. Жапаров эки кызматты тең аткарып келген.

XS
SM
MD
LG