Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:27

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Тышкы иштер министрлигиндеги кадр саясатын сынга алып, туугандарды кызматка алуу күч алганын билдирип чыгышты.

Буга чейин Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде жарандарга жасалган орой мамилелер да сынга кабылган болчу. “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу дипломаттык кызматтардын ишине арналды.

Талкууга Жогорку Кеңештин Регламент жана мамлекеттик кызматчылардын этикасы боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Надира Нарматова, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Тышкы иштер министрлигинин Коомдук көзөмөл кеңешинин мүчөсү Айбек Молдогазиев катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: “Азаттык” үналгысы Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан берки дипломаттык кызматтарда байкалган кемчиликтерди чечүүгө аз да болсо салыш кошууну гана максат кылат.

Надира айым, Жогорку Кеңеште түзүлгөн, сиз жетектеген жумушчу топ Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтердин ишине карата бир катар олуттуу сындарды айтып чыкты. Алардын ичинен эң башкы жүйөө катары Тышкы иштер министрлигинде "жакын туугандарын жумушка алат, чоңдордун балдары гана иштейт" деген пикир айтылууда. Бул кайдан чыкты? Деги туугандарын кызматка алган канча конкреттүү факт катталды?

Надира Нарматова: Биз мамлекеттик кызмат жөнүндө КР мыйзамын турмушка ашырууну көзөмөлдөө боюнча Жогорку Кеңештин 2011-жылдын 27-майындагы №524 токтомунун негизинде кезектеги министрликтердин катарында Тышкы иштер министрлигинин кадр саясаты боюнча жүргүзүп жаткан иштерин кароону пландаштырганбыз.

Бул багытта жетекчиликтер кандай саясат жүргүзүп жатканына дыкат көз жүгүртүп, атайын профессионал адистерден түзүлгөн жумушчу топ карап чыккан.
Тышкы иштер министрлиги кандай мамлекетте болбосун консервативдик министрлик. Ошондуктан түбү менен реформалоонун муктаждыгы жок.

Башка министрликтерге салыштырмалуу ТИМдеги кадр саясатынын үлгүлүү жактары көп, өзгөчө кадрларды тандоо багытында, конкурстук тартиптерин, профессионалдуулугуна көңүл бурулганын баса көрсөтсөк болот.

Сайтка биз айтпаган маалыматтар чыгып кеткенин ачык айтып коюшубуз керек. Себеби тууган-уруктарын ишке алуу багытындагы өтө одоно мыйзам бузган фактылар жок. "Атасы, кызы иштейт" дегендер түздөн-түз бири-бирине баш ийбеген багыттагы кызматтар. Бирок мыйзам боюнча, атасы иштеген жерде кызы иштебеш керек деген талапты койгон сын-сунуштар айтылган.

“Азаттык”: Руслан мырза, деги эле Тышкы иштер министрлигин династия катары сыпаттагандар бар. Бул жерге династияга кирген адамдар гана ишке алынат, башкалар алынбайт дешет. Бул кечээки парламенттин жыйынынан кийин чыккан пикирлер канчалык жөндүү?

Руслан Казакбаев: Жылдан жылга чогулуп калган көп маселелер бар болчу. Мындай текшерүү биринчи жолу 2009-жылы болгон. Ошондо 35тен ашык ар түрдүү мыйзам бузуулар катталган. Анын көбү такталып, оңдолуп, мыйзамга туура келтирилди. Бул жолку текшерүүдө да ар түрдүү кемчиликтерибиз айтылды. Бизде андай иштегендер болгон.

Ал мыйзам бузуу эмес. Себеби түздөн-түз жетекчиликтин астында эмес, ар түрдүү бөлүмдөрдө, элчиликтерде иштеген учурлар болот.

Сиз династиялык деп айтып атасыз. Династия менен кандай кесипте болсун сыймыктаныш керек. Себеби атасы илим адамы, дарыгер, же мугалим болуп, балдары да ошол жолду улап, жогорку сапаттагы кесиптик билим алып иштешсе, бул жакшы династиялык улануу болот. Бул мамлекеттин өнүгүшүнө жардам берет.

Бизде мурдагы экс-министрлердин балдары иштейт. Бирок алар түздөн-түз байланышып, бир элчиликте, же бир бөлүмдө иштеген мыйзам бузуулар жок.

“Азаттык”: Айбек мырза, сиздер байкоочу кеңештин мүчөсү катары министрликтин кадр саясатына кандай баа бересиз?

Айбек Молдогазиев: Биздин Тышкы иштер министрлигинин астындагы байкоочу кеңеши жакында эле түзүлдү. Кадр боюнча декабрдын башында карайбыз. Азыр суроолор даярдалып атат. Ошондо бул суроо каралат.

“Азаттык”: Руслан мырза, кандай өзгөрүш керек, канткенде өзгөрөт?

Руслан Казакбаев: Тышкы иштер министрлиги кандай мамлекетте болбосун консервативдик министрлик. Ошондуктан түбү менен реформалоонун муктаждыгы жок.

Бирок реформа сөзсүз керек. Себеби демократиялык процесстин жүрүшү менен реформалар жүрүп атат. Эң негизгиси жаңы мыйзамдарды Конституцияга ылайык келтириш керек, тышкы саясатты ким аныктайт, ким ишке ашырат, тышкы иштер министринин кандай максаттары болуш керек - мына ушулар боюнча.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG