Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:37

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ишке орноштуруу, жеңилдетилген шарттарды түзүү мыйзамдары аткарылып жатабы? Аткарылбаса себеби эмнеде?

Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген 168 миңден ашык жаран катталган. Алар майыптык тобуна жараша айына 5 миң сомго жетпеген жөлөк пул алышат. Алардын ичинен билими, жөндөмүнө жараша ишкерлик кылып, үй-бүлөлүк бюджетке кошумча каражат табайын деп аракет кылгандар арбын. Бирок мүдөөсүнө жетпегендер да көп. Майыптыгы бар адамдардын ишкерлик менен алектенүүсүнө мыйзамдык кандай негиздер түзүлгөн?

“Азаттык” бүгүнкү “Арай көз чарай” талкуусунда мына ушул маселеге сереп салат.

Катышуучулар: Социалдык өнүктүрүү министрлигинин мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга социалдык кызмат көрсөтүү жана кары адамдар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Жаңыл Алыбаева.

“Ынсап элим” коомдук фондусунун жетекчиси, бала күнүнөн бери 1-топтогу майып Төлөбек Бейшенбеков.

Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөсү Темирлан Ормуков.

Майыптардын окуусуна, жашоосуна, иштөөсүнө эч кандай шарт жок. Мисалы, мен жашаган Балыкчы шаарында 54, анын айланасындагы айылдарда бардыгы болуп 100дөн ашык бала майып деп катталган.

“Азаттык”: Жаңыл айым, Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды иш менен камсыз кылуу жөнүндөгү мыйзамдын талабына ылайык, саны 20 адамдан ашкан ар бир эмгек жамаатында 5% кем эмес майып адам ишке кабыл алынышы керек. Бирок ал талап аткарылып жатат деп айта алабызбы? Ушул тапта 168 миң 200дөн ашык мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын канчасы иш менен камсыз болгон? Алардын арасында ишкерлик кылгандардын саны канча?

Жаңыл Алыбаева: Кыргызстандын Эмгек Кодексине ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды ишке алуу боюнча 5% квота бар. Тилекке каршы, ал буга чейин аткарылбай келген. Бирок азыр мекеме, уюмдар ишке кабыл алышпаса, Административдик кодекске киргизилген жаңы жобого ылайык айып пул салынып, жаза берилет. Ал жобо 2015-жылдын 14-июнунан тарта күчүнө кирди.

Квота жыл сайын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын уюмдары менен биргеликте чечилет. Быйылкы жылы өлкө боюнча 500 орундук квота белгиленди. Ушул мезгилге чейин 100 иш ордуна майып адамдар ишке кабыл алынды. Административдик кодекске ылайык, ишке албаган жетекчилерге эсептешүү көрсөткүчүнүн 20дан 50гө чейинки өлчөмүндөгү айып салынат. Эгер бул талап бир жылда кайталана турган болсо, жүзгө чейинки өлчөмдөгү айып салынат же уюмдун, мекеменин жетекчиси ээлеген кызматынан бошотулат.

Шарт жок десем да, толук бар десем да туура эмес болуп калат. Себеби, майыптар социалдык төлөмдөрдөн жана жер салыгынан бошотулган.

“Азаттык”: Темирлан мырза, сиз көзүңүздүн начар көргөнүнө карабастан ишкерлик менен алектенген саналуу адамдардын бири экенсиз. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ишкерлик кылуусуна шарт барбы?

Темирлан Ормуков: Шарт жок десем да, толук бар десем да туура эмес болуп калат. Себеби, майыптар социалдык төлөмдөрдөн жана жер салыгынан бошотулган. Бирок жеке ишкердик кылганда майыптарга кредит берилбейт жана ишкерлик кылса, анын коопсуздугу коргоого алынбайт.

“Азаттык”: Төлөбек мырза, сиз азыр канча жаштасыз? Сиз “Ынсап элим” деген коомдук фондун кандай максат менен түздүңүз эле? Ишкерлик кылууга аракет барбы? Эгер болсо ишке ашчудайбы?

Төлөбек Бейшенбеков: Мен 38 жаштамын. Фондду жапон эли “Адамга балыкты кармап бербей, аны кармоочу кайырмак бер” дегендей өзүбүзгө-өзүбүз жардам берели деген максат менен түзгөнбүз. Анткени, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам беребиз деген бейөкмөт уюмдар абдан көп, бирок алардын көбү убактылуу гана аракеттерди көрүшөт.

Ал эми биз мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды иш менен камсыз кылуу жана майып балдарга билим берүү максаты менен түзгөнбүз. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ишкерлик кылуусуна гана эмес алардын жашоосуна шарт барбы деген суроо менен сизге жооп бергим келип турат. Майыптардын окуусуна, жашоосуна, иштөөсүнө эч кандай шарт жок. Мисалы, мен жашаган Балыкчы шаарында 54, анын айланасындагы айылдарда бардыгы болуп 100дөн ашык бала майып деп катталган.

Алардын ата-энелери балдарын жылына бир жолу ооруканага да көрсөтүп келүүгө чамасы жетпейт. Алардын арасында окуй турган, кийин иштеп кете турган балдар бар. Биз бир жарым жылдан бери аларды калыбына келтирүү борборун түзүп, кийин окуп кетишине шарт түзөлү деп шаар бийлигине кайрылып, оң жооп алалбай жатабыз. Алар Ысык-Көлдүн жээгиндеги биз сураган кичинекей бир жерди берүүдөн баш тартып жатышат. Биз алардан каражат эмес, борбор курууга жер гана сурап жатабыз. Анткени, ал жерди кийин эч кандай пайда бербей турган бизге окшогон майыптарга бергенден көрө чөнтөгү калың байларга сатып, пайда табууну көздөп жатышат. Биз мыйзамга таянып, шарт түзүүнү өтүнүп жатабыз, бирок үнүбүз эч кимге угулбай жатат.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG