Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:32

Майыптар Өкмөт үйүнүн алдында “Бөгөтсүз мектеп” деген акция өткөрүп, аларга мектептерде жана университеттерде билим алуу үчүн шарт керектигин жарыялашты.

Жылдыз Бердиева эки жашында жол кырсыгына кабылып, баспай калган. Жетиге чыкканда тегеректеги балдар мектепке барышса, майыптар арабасы менен жүргөн Жылдыз тепкичтерден өтө албай кыйналчу экен. Университетке да ушундай себептерден улам барбай калган. “Эгер билим берүү жайларда биз үчүн шарттар болсо, мен дарыгер болуп бирөөлөрдү сакайтат элем”, - дейт Жылдыз Бердиева үшкүрүп.

- Университетте окугум келет, бирок мүмкүнчүлүк жок да. Мени бирөө коштоп, колясканы түртүп жүрүш керек, анын үстүнө тепкичтерден кантип чыгам? Коомдук транспортко түшө албайбыз, дайыма таксиге отурууга мажбурбуз. Өзүбүзчө чыкканда жүрө албайбыз го деп ойлойм, дүкөндөргө да кириш кыйын.

Отуздан ашып калган Жылдыз Бердиева билимге кана турган күндөр артта калды деп ойлойт. Бирок майыптар арабасына отурууга аргасыз болгон кичине балдар өзү курактуулар менен чогуу окушу керек деп эсептейт. Ага мамлекет бардык шарттарды түзүп берүүгө тийиш деген талап менен Жылдыз бүгүн Өкмөт үйүнүн алдына чыкты.

Ошентип, он эки мүчөсүнүн бири кем элүү чакты активист "Бөгөтсүз мектеп” деген ураан менен жүрүш уюштурду. Алар майыптардын окушуна шарт түзүү үчүн “Билим берүү” мыйзамына өзгөртүү киргизип, аны тез арада Жогорку Кеңешке жибергиле деп өкмөткө чакырык таштады.

Акциянын уюштуруучусу, майып жарандардын укугун коргоо боюнча Республикалык түйүндүн өкүлү Айша Дүйшөбаеванын айтымында, Батышта майыптар коомдун толук кандуу мүчөсү. Алардын билим алуусуна бардык шарттар түзүлгөн, Кыргызстанда да ошондой болушу керек:

- Мыйзам долбоорунда, биринчиден, инфраструктураны түзүү каралган; экинчиден, окуу жайларда атайын программалар иштелип чыгыш керек; үчүнчүдөн, мугалимдер кайра окутулуп чыгып, майыптарды кандай окутуш керек, кантип мамиле түзүш керек деген жоболор каралган. Биздин аткаминерлердин эрки болсо бул мыйзам толук ишке ашат. Биз да кеп-кеңештерди бергенге даярбыз.

Жүрүштүн катышуучулары Өкмөт үйүнүн алдына келгенде аларды Билим берүү министри Канат Садыков, анын орун басары Доктургүл Кендирбаева жана Өкмөт аппаратынын билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү күтүп алышты.

Өлкөнүн окуу жайларында майыптарга шарттарды түзүү, башкача айтканда инклюзивдик билим берүү боюнча долбоор 2012-жылы Жогорку Кеңеште иштелип чыгып, талкууга салынган. Билим берүү жана илим министри Канат Садыков мыйзамдагы бул өзгөртүүлөр министрлер кабинетинде колдоо тапканын, бирок аны ишке ашыруу үчүн каражат жагы тартыш экенин “Азаттыкка” кабарлады.

- Бул демилгени ишке ашыруу үчүн алгач “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизиш керек. Жогорку Кеңештеги демилге тобунан бул мыйзамдын долбоору өкмөткө жиберилди, ал азыр бул жакта экспертизадан өтүп жатат. Азыр баары туура жүрүп жатат, мөөнөтү пландаштырылгандай эле, эч кандай токтоп калган жок. Экспертиза бүткөндөн кийин Жогорку Кеңешке жиберилип, ал жакта өзүнүн этаптарынан өтөт.

Инклюзивдик билим берүү системасында өлкөнүн окуу жайларында мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын башкалар менен кошо билим алуусуна шарт түзүү каралган. Укук коргоочулардын пикиринде, майыптар коомдун толук кандуу мүчөсү болуш үчүн аларга ачылган атайын мектептер жабылып, жөнөкөй мектептерде башка балдар менен чогуу окушу үчүн шарт түзүлүүгө тийиш.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 23 миңден ашык майып бала бар, анын 75 пайызынын билим алууга мүмкүнчүлүгү жок.
XS
SM
MD
LG