Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Бийликке үнү жетпеген майыптар


2-декабрда журналисттер тобу Чүй облусундагы социалдык объекттерде болушту.

Мамлекеттик социалдык тапшырыкты (МСТ) өлкөдө ишке ашыруу жаатында кандай иш-аракеттер жана ишке ашырылган долбоорлордун туруктуулугу кандай экендигин билүү максатында 2-декабрда Өнүктүрүү саясат институту пресс-сапар уюштурган эле.

Иш-чара мамлекеттик социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн толуктугу жана сапаты жаатындагы көйгөйлөргө журналисттердин көңүлүн буруу максатында уюштурулган.

Аталган пресс-сапардын алкагында Бишкек шаарындагы журналисттер Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорунда жайгашкан үч мекемеге баш бакты. Алардын экөө мамлекеттик социалдык тапшырыктын алкагында табыштама менен кайрылып, ал долбоорлорду ишке ашырууга 1 миллион сомдон, ал эми үчүнчүсү – 400 миң сом утуп алган. Алар:

“Жакшы жашоого укук” коомдук фонду аткарган “Жакшы жашоого укук” Борборун түзүү долбоору.

“Манас” социалдык кыштагы” коомдук уюму ишке ашырган “Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү жаштардын социалдык адаптациясы” долбоору

Чүй облусунун Жаш майыптар союзу аткарган “Жаш майыптардын жумушка орношуусуна жеткиликтүүлүк” долбоору.

2-декабрда эртең менен пресс-сапардын көздөгөн максаты, тапшырмалары жана жалпы эле мамлекеттик социалдык тапшырык тууралуу түшүнүк берүү үчүн Институттун кеңсесинде журналисттер менен эксперт Назгүл Ташпаева жолукту.

МСТ тууралуу толук маалымат берүү үчүн социалдык чөйрөдөгү эксперт Н.Ташпаева бул убакытка чейин ишке ашырылган МСТ долбоорлору жана социалдык кызматтарды элге жеткирүүдөгү көйгөйлөр менен жетишкендиктер тууралуу кеңири айтып берди. Андан соң өлкөдөгү коомдук-саясий гезиттердин өкүлдөрүнөн турган журналисттер пландаштырылган объекттерге карай жол тартышты.

Журналисттер барган биринчи эки объект – Зумрият Резаханова жетектеген “Жакшы жашоого укук” борбору жана Г.Такырбашева жетектеген “Манас” социалдык кыштагы болду. Ар бир уюм өзү тууралуу айтып берген соң, учурда ишке ашырып жаткан МСТ долбооруна кеңири токтолушту. Ар биринин мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды колдоо багытында алып барып жаткан иш-аракеттери жана жетишкендиктери өзгөчө таазим кылууга татыктуу экендиги дагы бир жолу тастыкталды.

Программанын акыркы объекти болгон Чүй облусунун Жаш майыптар союзунун “кеңсеси” Сокулук районунун спорт комплекси жайгашкан имараттын жертөлөсүндө орун алыптыр. Журналисттер келет экен дегенди угуп алышып, бөлмөнүн сууктугуна карабастан 3-4 саат күтүп отурган уландар журналисттер тобун жадырап тосуп алышты. Журналисттерди уюмдун “кеңсеси” деп аталган жертөлөгө баштап келе жаткан Эрнист Мамыркан уулу тепкичтерди көрсөтүп, “Азырынча пандус жасаганга каражатыбыз жок, бирок биз эң биринчи кезекте ушул маселени чечебиз” – деди.

“Биздин уюмдун – Чүй облусунун жаш майыптар союзу – катарында 562 адам бар болсо, алардын ичинен 112си – жаш балдар, - деп баштады өз сөзүн Мыктыбек уулу Эрнист, аталган уюмдун жетекчиси. – Азыркы күндө биз райондук спорт комплексинин жертөлөсүндө отурабыз. Бул жерди суранып жүрүп, райондун башчысынан 2011-жылы бөлдүрүп алганбыз. Ал мезгилде бул жер өрттөнүп кеткенден кийинки абалда болчу. 2012-2014-жылдары бул жерди ошол мезгилдеги Чүй облусунун губернатору К.Кулматов тарабынан бөлүнгөн 15 миң долларга болушунча оңдоп-түзөдүк. Ошондон тарта бул жерде үстүндө үйү же ижарага батир алууга каражаты жок мүчөлөрүбүз жашайт».

Чүй облусунун Жаш майыптар коому 2005-жылы түзүлгөн. Мамыркан уулу Эрнист бул уюмду 2007-жылдан бери жетектеп келет. Өзү 1-топтогу майып (буту протез); майыптык боюнча алган бир айлык пенсиясы 1000 сом.

Эрнистин айтымында, аталган убакыттын ичинде уюм өз алдынча бир кыйла ийгиликтерге жетише алды. Мисалы, 2016-жылы уюмдун 24 мүчөсү уюмдун астында түзүлгөн "Аракет" окуу борборунан атайын кесиптик окуулардан өтүп, алардын төртөө азыркы күндө Бишкектеги “Кыял” уюмунда иштейт; 15 улан-кыздары туруктуу негизде айлык алып иштеп калган жай мезгилинде.

“Адал эмгектин уяты жок дегендей, биздин уландарыбыз тигүүчүлүк жаатында, анын ичинде топчу тигүү менен үтүктөө иштерин өздөштүрүштү. Дагы бир топ балдарыбыз жыгач иштетүү устачылык кесибин аркалап, түрдүү эмеректерди жасоо менен иш алып барып келишкен. Бирок ушул жылдын 1-декабрынан тарта биз 2-3 айга таркап кеткенге мажбур болдук. Биздин жертөлөдө жылуулук системасы жок. Бул көйгөйдү 2014-жылдан бери чече албай келебиз. Кимге гана кайрылбадык жардам сурап! Бардык чиновниктерде бир эле жооп – акча жок. Ал эми Көчмөндөр оюнуна, облустун 90 жылдыгына же дагы башка миллиондогон акча каражаттары сарпталган иш-чараларга акча табылат”, - дейт Эрнист.

Бирикме социалдык турак жай куруу үчүн Сокулук айылынын борбордук бөлүгүнөн акимден суранып жүрүп жер участогун бөлдүрүп алышкан. Кызыл китеби да бар бул участокто фундамент бар, бирок ал фундаменттин жарымы коңшулаш жайгашкан участокто калган. Сокулук районунун башчысы – акимдин аракети менен донордук араб уюмдары келип, куюлган фундаментти көрүп, ал участок толугу менен уюмга караштуу болгондо, 60 батирлик турак үйүн курууга жардам бере тургандыгын айтышкан. Ал эми азыркы күндөгү участоктогу курула турган үй 31 батирге эсептелген.

“Биз бул эки подъездүү үйдүн болжолдуу сметасын түзгөндө, ал сумма 640 миң долларга барабар болду. Бирок бардыгы ошону менен эле туруп калды. Акча жок. Өзүбүз эптеп баштай берели десек, биздин алган пенсияларыбыз 1000 сомдон 3000 сомго чейин түзөт. Ал акчага биз батир ижаралайбызбы, үй-бүлөбүздү багабызбы же үй салабызбы? Каягына жеткиребиз?” – дейт уюмдун дагы бир мүчөсү.

Ошентсе да уюм мүңкүрөп калбай, жетечиси Эрнистин аракеттери менен түрдүү сынактарга катышып, грант каражаттарын утуп алып, алардын эсебинен уста аспаптарын жана материал, чийки зат сатып алууга жумшоого жетишкен. Уюмдун жертөлөдөгү кеңсесинде тигүү цехи да бар. Ал цех 2015-жылы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан жарыяланган мамлекеттик социалдык тапшырыгынын негизинде утуп алган 400 миң сомго жабдылган. Цехти иштетүү үчүн атайын адис чакырылып, ал кыздарга тигүүчүлүк, бычмачылыктын сырларын гана үйрөтпөстөн, тигилген продукцияны сатууга аракеттерин жасап келген. Сатылган продукциясын эсебинен айлык алган тигүүчү кыздар кыйла эле белсенип калышкан. Бирок азыр цех дагы иштебей турат – бөлмө суук.

“Биздин негизги көйгөйүбүз болгон – жылуулук системасын киргизип бергенге жардам беришсе эле биз ыраазы болмокпуз. Азыр бул жерде бараар жери жок майып балдарыбыз жашап жатышат. Бирок иштеп, айлык албаган соң, алардын жашоосу да кыйла эле татаал” – деди бирикменин дагы бир мүчөсү.

“Биз эч кимден бекер акча сураган жокпуз. Мамлекеттик же жергиликтүү бийлик органдары, жеке менчик мекемелер тарабынан буйрутмалар болсо, иштемекпиз. Бизге өкмөт буйрутмалар менен камсыздоодо жардам берсе эле болгону турат. Буйрутмачы чийки затты же материалдарын өздөрү алып келсе деле мейли! Биз жасаган акыбызды эле алабыз. Бул да болсо биздин майып балдарга чоң көмөк болмок. Албетте, бизге боору ооруп, колунан келген жардамын берип, жакшы сөзүн, ысык тамагын аябаган жөнөкөй адамдар да жок эмес. Алардын арасында жеке ишкерлер да жок эмес. Мисалы, Чыңгыз Алканов деген жеке ишкер бизге Майыптар күнүнө карата баасы 5000 доллар болгон жыгач иштетүүчү станокту белек кылды. Бул биз үчүн абдан чоң жардам” – деп бүтүрдү өз сөзүн Эрнист Мамыркан уулу.

XS
SM
MD
LG