Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:56

Кыргызстанда медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясына акча сунмайын майыптык топ ала албай жаткан учурлар коомчулукта арбын айтылып келет.

Бул комиссияларды тескеген Социалдык өнүктүрүү министрлигинен жарандар оозеки жана фактысыз арыздар менен гана чектелип жатканы паракорчулукту токтотууга кедергисин тийгизип жатканын айтышууда.

Өзгөн районунунун тургуну Акылбек Садиров бутуна зак кетип, акыр- аягы бирөөсүн кестирүүгө аргасыз болгон. Учурда экинчи бутунда да кан тромбдору пайда болуп элүү метрден ашуун баса албай калган. Акылбек жети баланын атасы:

- Бутума үч жолу операция жасалган. Буга чейин 2-топтогу майыптык берилген болчу. Бул жылы комиссия мени үчүнчү топко түшүрүп койду. Медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясына кирүү үчүн кезекте турган адамдар “акча берсең 1-топко чыгарып бермек” деп айтып калышты. Комиссияга кайра кирсем эми кийинки жылы кайра карайбыз" деп чыгарып жиберишти. Балдарым баары мектеп курагында. Эми 1200 сом жөлөк пулга тогуз кишинин жашоосу кантип өтөт ойлонуп отурам.

Бул окуянын чоо-жайын билүү үчүн Өзгөн райондук медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясынын төрайымы Касиет Маткурбановага кайрылганыбызда Акылбек Садировго атайын жобо боюнча чечим чыкканын, бейтап күмөн санаса, борбордук комиссияга кайрылууга укугу бар экенин айтты:

- Акылбек Садиров биздин комиссиядан ушул жылы январда өткөн экен. Бир буту ооруйт, бир буту ампутация болгон. Айрымдарды ушинтип биринчи топтон экинчиге, же экинчиден үчүнчүгө түшүрүп койсок эле дароо “силерге акча керекпи?” деп нааразы болуп чыгышат. Биз болсо бул жакта атайын өкмөт тарабынан бекитилген жобого карап чыгарбыз. Эгер бейтаптар биз чыгарган чечимден күмөн санаса, анда жогорку жакка же Республикалык борборго кайрыла алышат.

Экспертизалоо комиссиясынын ишине нааразы болгондор тууралуу Жогорку Кеңеште жана республикалык тармактык жыйындарда байма-бай айтылганы менен анык арыз менен кайрылгандар дээрлик жокко эсе.

Социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун адиси Кымбат Абазбекованын айтымында, 2014-жылы 153 арыз түшсө, анын ичинен болгону бирөө гана комиссия мүчөсү акча алгандыгы тууралуу катталган.

- 2014-жылы пара алуу боюнча бир арыз түшкөн. Анда Кадамжай МСЭКтин төрагасы акча алды деп шектелип, тергөө иши жүргөн. Анын иши сотко өткөндө жумуштан четтетилген. Бирок ал соттон жеңип келип, кайра жумушуна орношуп алды. Акча сурап атышат деп оозеки көп айтылат. Мындай учурда бир да дарыгерди кармай албайбыз. Биз айтып эле келебиз, атайын органдар менен биргеликте акчаны белгилеп, пара алып жатканда карматса, ошондо жазасын алмак.

31-мартта "Майыптыктын структурасы, көйгөйлөр жана реформалоонун негизги багыттары" (“Структура инвалидности, проблемы и основные направления реформирования") деп аталган долбоорду талкуулоого арналган жыйында социалдык тармак боюнча вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева да майыптыкты аныктоо боюнча эски ыкмадан арылууну тездетүү талабын койду.

Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун методология бөлүмүнүн адиси Бурул Сүйүналиева майыптык топту аныктоо боюнча учурда жаңы ыкма сыноодон өтүп жатканын билдирди:

- Учурда төрт медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясында жаңы ыкма боюнча сыноо жүрүп жатат. Ага ылайык майып адамдын эмгекке жарамдуулугу пайыз менен эсептеле баштайт. Азырынча бул комиссияларда жарандарды кабыл алуудан сырткаркы төлөмдөр, социалдык кызматтар, реабилитациялар эски ыкмада эле жүргүзүлүп жатат. Сыноо бүтүп, анализ чыгарылса, план боюнча 2018-жылы жалпы Кыргызстан жаңы ыкмага өтүү каралган.

Кыргызстан боюнча майыптык бере турган 28 медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясы бар. Алардын дээрлик көпчүлүгү хирург, терапевт жана невропатолог болуп үч дарыгерден турат.

Ошол эле учурда кургак учук, көз жана кардиология боюнча атайын комиссиялар да бар. Алар Бишкек жана Ош шаарларында орун алып, жер-жерлерде белгиленген күнү гана өздөрүнүн көчмө кароолорун уюштуруп келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG