Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Майыптар мамлекеттен колдоо күтөт


Бишкекте Майыптар биримдигинин мүчөлөрү парламент жана өкмөт үйүнүн алдында митингге чыгышты.

Алар майыптардын социалдык колдоолорун жакшыртууну талап кылышты. Чогулгандар Майыптар тууралуу конвенцияны ратификациялоого каршы. Митингге чыккандар менен вице-премьер-министр Камила Талиева жолугуп, талаптарды карап чыгууну убада кылды.

Арстан 25 жашта, төрөлгөндөн бери буту баспайт. Майыптыгы үчүн алган пенсиясы көп нерсеге жетпейт. Ата-энесине жардам кылайын деп базарга кайыр сураганы чыгат. Бишкекте өтүп жаткан митингди колдоо үчүн келди.

- Алган 3000 сом пенсия күнүмдүк турмушта жокко эсе. Ага азыр эч ким жашай албайт. Биринчи топтогу майыпмын. Биздин бийликтегилер, депутаттар ошол суммага өздөрү жашап көрсө, анан түшүнөт эле. Мен Калыс-Ордодо жашайм, он бир тууганмын, ата-энем бар. Ал жагынан алганда Кудайга шүгүр.

Арстан сыяктуу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер Кыргызстанда бүгүнкү күнү 150 миңге чукулдады. Алардын атынан Майыптар биримдиги каршылык акциясына чыгып, социалдык колдоолордун көбөйүшүн жана мыйзамдардын аткарылуусун талап кылды. 2010-жылы жылуулук, суу, электр жарыгына жеңилдиктердин токтоп калуусу алардын шартын оорлотконун айтышты.

Өкмөткө түрдүү талабы бар 50 чакты кишинин ичинен Данияр Айдаралиев “жеке мен үчүн көмүр эле беришсе болду эле” деп кейиди.

- Бизге айыл өкмөттөрдөн жылда көмүр каралган. Бирок алар жергиликтүү бюджеттин тартыштыгынан же дагы башка шылтоолор менен көмүрдү бербейт. Мен ошону мамлекеттик бюджеттен түз бөлүнө тургандай жасалышын каалайм. Үч баламды, аялымды жалгыз багам. Электр кубатынын баасы тууралуу кептер айтылып жатат. Майыптар отун жарып, от жага албайт. Баары электр жарыгы менен күн көрөт.

Ак үйдүн алдына чогулуп парламент төрагасын чакырып, башка эшигине барып президенттин чыгуусун талап кылгандар өкмөт үйүнө чейин жетишти.

Чогулгандар 2011-жылы Кыргызстан кол койгон Бириккен улуттар уюмунун “Майыптардын укугу боюнча” конвенциясын ратификациялоого да каршы. “Талант сыры” коомунун жетекчиси Сапарбай Муратов мындай дейт:

- Конвенцияны кабыл ала койсок эле биздин жашообуз оңолуп кетеби? Өзүбүздүн ички мыйзамдарыбызды тактай албай жатып конвенцияга өтүп кетсек эле жакшы болуп кетеби? Биринчи ички мыйзамдарыбызды ишке ашырып алалы. Конвенция кандай пайда алып келет?

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер конвенцияга кагаз үстүндө калчу документ болуусунан сырткары башка да себептерден улам каршы болуп жаткандай. Майыптар биримдигинин төрагасы Бакыт Исаков конвенциянын мазмунун ийне-жибине чейин билет. Айтымында, андагы шарттарды аткарууга Кыргызстандын кудурети жетпейт, бул - өлкөгө талап коюп, сырттан басым кылып туруунун жолу.

- Конвенция аткарылбай тургандай түзүлгөн. Экономикалык абалы менен Кыргызстан ал талаптарга жооп бере албайт. Эгер аткара албасак, ар кандай сунуштарды бере башташат. Ошондуктан ал бизге керек эмес! Биздин сырткы карыздарыбыз көп. Эл аралык донорлор атайын ошого такап жатышат. Өзүбүздүн мыйзамды иштетпей, башканыкын кабыл алсак, анда кандай мамлекетпиз?

Социалдык өнүктүрүү министрлигинен конвенция боюнча каршы жана колдогон эки топ бар экенин билдиришти. Министрликтин башкармалык башчысы Бурул Сүйүналиева бүгүн митингге чыккандардан да конвенцияны колдогондор бар болчу деди.

- Бул конвенцияга 150 мамлекет кошулган. 2011-жылы өкмөт “бул конвенция бизге керекпи же кереги жокпу” деген суроону такташ үчүн комиссия түзгөн. Ушул эле жигиттердин катышуусунда ошондо токтом чыккан. 36 кишиден турган комиссияда 20дан ашыгы мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү болчу. Ошол уюмдардын сунушу менен кошулуу боюнча токтом чыккан. Анда Кыргызстан кол койду. Бирок ратификациялана элек.

Майыптык түрүнө жараша алар 1000 сомдон 3000 сомго чейин пенсия алышат. Электр жарыгы сыяктуу төлөмдөргө жеңилдиктер 2010-жылы токтотулган. Өкмөт мекемелер аркылуу берилген жеңилдиктерди пенсияга кошуп берүү туура болот деп чечип, ар бир кишиники 200 сомго көбөйгөн.

Ал эми митингге чыккандар вице премьер министр Камила Талиева менен жолугуп, ал 20-декабрга чейин талаптарын карап чыкмай болду.
XS
SM
MD
LG