Линктер

Жаз келгенден бери Кыргызстандын бардык аймагында табият кырсыгы күч алып, бир канча адамдын өмүрүн алып кетти.

Жогорку бийлик жетекчилери кырсык баскан аймактарга барып, элдин абалын көрүп, акчалай жардам бергенди адатка айлантты. Ал эми жергиликтүү тургундар кырсык айттырбай келет дешип, аны болтурбоо үчүн алдын ала кам көрүшпөйт. Буга эмне себеп? Суу ташкыны же жер көчкүсү болчу аймактар тууралуу эртелеп маалымат бербеген тиешелүү мамлекеттик бийлик мекемелери күнөөлүүбү же кенебестикке алдырган элби?

Бул суроолорго “Азаттык” “Арай көз чарай” талкуусунда жергиликтүү тургундар менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүнөн жооп алды.

Талкууга Улуттук илимдер академиясынын сейсмология илим изилдөө институтунун лаборатория башчысы Медер Өмүралиев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам башкармалыгынын башчысы Урмат Шамырканов жана Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Улук Керимкулов катышты.

Мисалы, жер көчкү быйыл катуу болду, андан курман болгон адамдар да болду. Министрлик жер көчкү болот деп эскертип, ал жерлерден көчүп кеткиле деп элге катуу эскерткенге карабастан, көчпөй жашай беришип, кырсыктан жабыр тартышты.

“Азаттык”: Урмат мырза, кийинки күндөрү Кыргызстандын бардык аймагында сел алды, суу басты, таш кулады, жер көчтү деген маалыматтар айтылып жатат. Андан өмүрүн алып кеткен кырсыктар да бар, азап тарткандардын да саны улам көбөйүп жатат. Буга эмне себеп? Элдин кенебестигиби же кокустуктарга алдын-ала даярдабаган тиешелүү бийликтеби?

Урмат Шамырканов: Кыргызстандын аймагында жыл башынан бери 137 табигый жана техногендик өзгөчө кырдаалдар катталды. Андан 25 адам курман болду. Бирок өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдагы окуялардын саны 58%, курман болгондордун саны 45% кыскарды. Өткөн жылы ушул мезгилде курман болгондордун саны 28 адам болгон эле. Тилекке каршы, биздин алдын ала берген эскертүүлөргө, даярдыктарга карабастан, атуулдарыбыз этибарга албай жатышат. Мисалы, жер көчкү быйыл катуу болду, андан курман болгон адамдар да болду. Министрлик жер көчкү болот деп эскертип, ал жерлерден көчүп кеткиле деп элге катуу эскерткенге карабастан, көчпөй жашай беришип, кырсыктан жабыр тартышты. Министрликтин табигый кырсыктар болушу мүмкүн деп элге алдын ала берип жаткан маалыматтардын бардыгы 97% дал келет.

Чоң жер титирөөлөр өз цикли менен болуп турат. Ошол циклга ылайык болжол менен ушул жылдары чоң жер титирөө болушу мүмкүн деп айтылып турат. Быйыл 8 баллдык жер титирөө Алай тоосунда болду, демек эми чоң жер титирөө болот деп чочулоого негиз жок.

“Азаттык”: Улук мырза, жакында эле Аксы районундагы сиз жетектеген Кашка-Суу айыл аймагында эки көпүрөнү суу алып кетти. Суунун көлөмү көтөрүлөрүн билген белеңиздер? Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала божомолдорду кабарлады беле?

Улук Керимкулов: Ооба биздин айыл өкмөтүнүн аймагында 27 - 28-июнь күндөрү катуу жаан жаап, Элен-Булак, Ак-Жар айылдарындагы көпүрөлөрдү алып кетти. Биз ага даярдык көргөнбүз, бирок ушундай деңгээлде болуп кетет деп ойлогон эмеспиз. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бизге эскерткен, бирок ага чейин мындай ташкын болгон эмес, ошон үчүн күткөн эмеспиз. Айыл өкмөтү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз, элдин өзү деле ашар жолу менен арыктарды, жолдорду колдон келишинче тазалап жатышат.

“Азаттык”: Медер мырза, акыркы күндөрү Кыргызстандын аймагында бир нече жолу жер титиребедиби. Ошондон уламбы, социалдык тармактарда азыр жер титирегендей болду деп жазгандар, шекшигендер көбөйүп кетти. Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов мындан бир нече жыл мурун 2016-жылы 8 - 9 баллга жеткен жер титирөөлөр болот деп айтканы бар. Ага негиз барбы?

Медер Өмүралиев: Жер титирер алдында жана андан кийин да майда жер титирөөлөр болот. Мисалы, өткөн жылы 17-ноябрда Талдыкта, быйыл 26-июнда катуу жер титирөө Алай тоосунда болду. Ошонун алдында да, андан кийин да майда жер титирөөлөр болуп атат. Ал эми чоң жер титирөөлөр өз цикли менен болуп турат. Ошол циклга ылайык болжол менен ушул жылдары чоң жер титирөө болушу мүмкүн деп айтылып турат. Быйыл 8 баллдык жер титирөө Алай тоосунда болду, демек эми чоң жер титирөө болот деп чочулоого негиз жок. Ал эми элдин табигый кырсыктарга алдын ала даярдык көрбөй, сактанбай жаткандыгынын негизги себеби - тиешелүү мекемелердин, бийлик органдарынын кандай учурда кандай жоопкерчилик тартарынын такталбагандыгы деген ойдомун. Себеби, бизде табигый кырсыктарда ким эмнеге жооптуу болорун аныктаган мыйзам кабыл алына элек.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

XS
SM
MD
LG