Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:40

Урматтуу окурмандар, "Азаттыктын" апта темасы - сөз эркиндиги жана жоопкерчилик. 3-майда басма сөз эркиндигинин Дүйнөлүк күнү белгиленмекчи, ошого байланыштуу эркиндик менен жоопкерчиликти айкаштыруу мүмкүнбү, болгон окуя менен жалган ушакты кандай ажыратуу керек, ыплас жана кордогон сөздөр үчүн ким жооп берет, азыркы кыргыз журналистикасы чындыктын жүзү боло алабы? - деген суроолор тегерегинде ой бөлүшүүгө чакырабыз. Бул тема тегерегинде маектерди, арай көз чарай талкууларды "Азаттык" үналгысынан угуп жана интернет сайтынан окуй аласыздар.

Эгер радиого үн кошкуңуз келсе, Бишкектеги 31 61 65 телефон номерине чалыңыз, жазуу тилегиңиз бар болсо, "Azattyk.kg" сайтына кат салыңыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG