Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:01

Кыргыз коомчулугунда журналист Адилет Айтикеев жөнүндө интернетке чыккан видеотасма кызуу талкууланып, укук коргоочулар менен журналисттерди дүрбөлөңгө салууда. Адамдын жеке жашоосундагы купуя учурларды жалпы коомчулукка жарыялоого кимдер кызыкдар деген суроого берилген жооптор да ар кыл.

“Азаттыктын” кезектеги “Арай көз чарай” таңкы талкуусу адамдын жеке турмуштук сырын коргоо үчүн мамлекет жана коомчулук кандай аракеттерди көрүшү керек деген суроого жооп издеди.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев жана Кыргызстандын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун катышты.

“Азаттык”: Турсунбек мырза, тажрыйбалуу укук коргоочу катары сизге алгачкы суроо, Адилет Айтикеев жеке турмушу жөнүндө чуулгандуу видеотасманын таратылышы жөнүндө Фейсбукта “өзүн бакиевчи атагандары үчүн күйүп кетерин” билдирсе, бир тууганы, журналист Мирбек Айтикеев “анын тайманбастыгы, чындыкты айтып, жазганы башкы себеп болду” деп жазды. Мындай тасманын тартылышына жана жарыяланышына кимдер кызыкдар, себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Турсунбек Акун: БУУнун 1948-жылы кабыл алынган Адам укуктары боюнча Жалпы декларациянын талаптарына ылайык, адамдын жеке турмушу купуя сакталышы керек. Анткени, ар бир адамдын жеке купуя сыры бар.

Биз Адилет Айтикеев тууралуу жаман же жакшы деп ар кандай сөздөрдү айтышыбыз мүмкүн. Бирок, купуя сырын интернетке чыгарып, ушак кылып, рекламалоого жол берилбейт. Ошон үчүн бул окуяны мен айыптайм.

Бул Адилеттин адамдык аброюна шек келтирет, анын да ага-туугандары, кайындары, үй-бүлөсү, балдары бар. Демек, бул анын адамдык абийирин басмырлагандык деп эсептейм.

Өзү саясатта жүрүп моралдык жактан ушундай ишке барышы туура эмес, бирок аны интернетке чыгаруу да өтө жаман иш болду. Эгер буга мамлекеттик органдар кызыкдар болгон болсо абдан жаман, анткени Акаевдин, Бакиевдин убагында ушундай окуялар болгон. Эми Атамбаевдин бийлиги учурунда ушундай окуялардын болушун каалабайт элем, анан ал киши да мындай нерселерге жол бербейт. Президент өзү андай көз карашта эмес. Эгер УКМК же башка органдар ошондой ишке бара турган болсо, анда чоң проблемага айланат жана коомчулук ага жол бербеши керек.

“Азаттык”: Жанар мырза, социалдык тармактарда окуяны талдап жаткандардын бир даары бул бийликтин колунан келди дешсе, бир даары Адилеттин журналисттик жоопкерчиликти билбей, сындоо этикасынан аша чапкандыгы үчүн өч алышты деп жатышат. Бир даары адамдын жеке турмушундагы өтө аяр учурду жарыя кылып, аны курал кылууга, аны менен коомдо жалпы маданиятты төмөндөтүүгө бийлик барышы мүмкүнбү?

Жанар Акаев: Чындыгында, ким жасаса да бул туура эмес жолдогу күрөш. Мындай жол менен душманын жок кылуу өтө пастык!

Экинчиден, мындай окуялар кыргыз коомунда болгону менен анын каармандары эч нерсе болбогондой жүрө берет. Андан душмандары деле утуп чыкпайт. Мисалы, мындан эки-үч жыл мурун АКШнын Дэвид Петроус деген генералы бирөө менен жөн эле кызматтык кат жазышып койгону үчүн үй-бүлөмдүн алдында мен чыдай албайм, өтө туура эмес иш кылдым деп, бүтүндөй АКШ элинен кечирим сурап, ээлеген кызматынан баш тартып кеткен. Бизде мындай маданият түптөлө элек. Белгилүү саясатчылар эки-үчтөн аял алса деле эч нерсе болбогондой камарабай жүрө беришет. Мындай нерсе менен саясатчылардын да, журналисттердин да, депутаттардын да бетин кызартып, коомдо каралайм деген максатына жетпейт. Бирок, албетте, тууган-урук, үй-бүлө үчүн оор. Ошон үчүн мындай жол менен күрөшүү жарабайт.

Ал эми бул ишти ким кылганын айта албайм жана Адилет бийликти уктатпай жаткан журналист, аны олуттуу душман көрөт деп айта албайм. Ал оппозиционер деле эмес, анткен менен журналист катары кайсы бир жеке адамдардын буйрутмаларын аткарып, сын макалаларды жазып курал болуп калышы мүмкүн.

Угармандын пикири: Мен Бишкектен чалып жатам. Атым Таалай. Мен купуя сырды жашыруу дегенге ишенбейм. Мисалы, биометрикалык маалыматтар алынып жатканда чуулгандуу окуялар көп болду. Хакер деген жаш балдар компьютердеги маалыматтарды ачып алышып, ойноп жүрүшкөндөрүн журналисттер элге жарыя кылышпадыбы. Демек, купуя сыр мамлекет тарабынан корголуш керек. Жеке адамдын купуя сырын коргоо Акыйкатчы же башка бейөкмөт уюмдардын колунан келчү нерсе эмес.

“Азаттык”: Турсунбек мырза, Кыргызстанда мындай видеотасма таратуу биринчи жолу болуп олтурган жери жок. Албетте, мындай көрүнүш тасманын каарманына гана эмес, бүткүл коомго терс таасир тийгизип, адамдардын ортосунда өз ара сыйлашуу, уялуу, ийменүү деген ыйык мамилелерди жокко чыгарып бара жатат. Демек, эмне үчүн Конституциянын 29-беренесинде жазылган “Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын корголушуна укуктуу” деген талап аткарылбай жатат? Эмне үчүн тартип коргоо органдары, Акыйкатчы мындай окуяларды иликтеп, күнөөлүү адамдарды жоопко тартууга батынбай жатат?

Турсунбек Акун: Буга чейин мурдагы муфтий Рахматулла, ыраматылык Мелис Эшимканов жана башка саясатчылар жөнүндө видеолор чыгып кеткен. Мунун бардыгы коомчулук жана укук коргоо тарабынан жазаланбай калып жатат. Эгер жазаланганда мындай аракеттерге бөгөт болмок.

Адилет Айтикеев журналист катары курч пикирлери менен айырмаланып жатат. Ушундан улам аны жаманатты кылуу үчүн бийликтин тиешеси бар деген пикир болуп жатат. Элдин оозун ким токтото алат? Ошон үчүн укук коргоо органдары, айрыкча УКМКнын тиешеси жок болсо бийлик өзүн актоо үчүн буга эч кандай тиешебиз жок деп ачык билдириши керек. Эгер антип чыга алышпаса мурдагы бийликтен кандай айырмага ээ болуп калат?

Акаевдин, Бакиевдин убагында кеткен каталарды азыркы бийлик деле кетирип жатат деген пикирге жем таштап калат. Бирок, мен бийлик Адилет Айтикеевдин артынан түшүп жатат дегендерге ишенбейм.

Жанар Акаев: Анткен менен саясатчылар журналисттерди колдонуп жатат. Бул саясий маданияттын деңгээлинин төмөндүгүн айгинелеп турат.

“Азаттык”: Жыйынтыктап айтканда, Адам укуктарынын Жалпы декларациясында, Кыргызстандын Конституциясында белгиленгендей адамдын жеке турмушундагы купуя сыр корголуш керек жана аны коргоого мамлекет да, журналисттер да, саясатчылар да жоопкерчиликте болушу парз экендигин баса белгилешибиз зарыл.

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG