Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Эми дарыгерлер талап коюп жатат


Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов дарыгерлердин маянаны жогорулатуу боюнча талаптары тууралуу “Азаттыкка” айтып берди.

“Азаттык”: 10-январда болсо Бишкектеги жана Чүйдөгү дарыгерлер жамааттары, профсоюз уюмдардын өкүлдөрү айлык маселеси боюнча жыйын курушат экен. Сиздердин министрликке айлык акыны жогорулатуу боюнча өкмөткө айткыла деп кайрылгандар көбөйгөнү маалымдалды. Айлык көтөрүлсүн деген мугалимдер, мисалы маяна эң аз дегенде 6800 сомдон кем болбосун деп атышат. Ал эми медиктердин талабы кандай?

К. Мамбетов: Былтыркы жылдын ноябрь айынан баштап мугалимдерден кийин эле биздин медициналык кызматкерлер бул маселени көтөрүп жатышат. Ар кайсы региондордон бизге кат келген, биз дагы ошо мугалимдер менен чыгабыз деп телефон чалышкан. Бирок биз медицина тармагындагы жетекчилери менен сүйлөшүп “азырынча шашпай тургула, биз өкмөткө, парламентке бардык жерге эсеп кылып каттарды жөнөткөнбүз, биз да силердин талабыңарды туура түшүнүп жатабыз”, деп айтып министрлик ушундай позицияда турат.

Ушул айдын онунда Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин сунушу менен Бишкектеги улуттук мекемелердин, андан кийин шаардык мекемелердин, Чүй облусунун райондорунун медициналык мекемелеринин жететчилерин, профсоюз уюмдарынын башчыларын чакырып, бул маселени ортого салып кеңеш түзөлү деген оюбуз бар.

Азыр бизде дарыгерлердин айлыгы болгону 3,9 миң сом турат. Орто медицина кызматкерлеринин айлыгы 3 миң сом, анан жууп-тазалоочу кызматкерлердин айлыгы болгону 1,7 миң сомду түзөт.

Мугалимдердей болуп өлкөдө орточо айлык 6800 сом турат, ошого жеткиргиле деген талап койгон жокпуз. Биз тарифтик торчодон чыгалы деген сунуш киргизип жатабыз. Ошондо жалпы Кыргызстан боюнча эсептесек, медицина кызматкерлерине 2 миллион сом керек экен. Же болбосо экинчи вариант: медицина кызматкерлеринин айлыгын көтөрсө бюджеттен кошумча 1 миллион 179 сом керек экен.

“Азаттык”: Мугалимдер өкмөткө мөөнөт берип, ушул убакыттын аралыгында маяна көтөрүлбөсө жапырт иш таштоо болорун эскертип жатышат. Медиктер да ушундай кескин кадамдарга барганы жаткан жокпу?

К. Мамбетов: Бизде кудайга шүгүр андай курч талаптар жок. Анткени медицина кызматкерлери ант берген, билишет, эгер мектепти жаап койсо, же айылдык клубду жаап койсо көп деле зыян болбойт. Бирок төрөт үйдү, же хирургия бөлүмүн, тез жардамды жаап койсо ал билинип калат. Өзүңөр туура түшүнөсүңөр, оорубаган киши жок. Биздин медиктер иш таштайбыз, жолду жабабыз деген ойдон алыс.

“Азаттык”: Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев "Азаттыкка" курган маегинде айлык акы бир заматта көтөрүлбөрүн айтты. Мындай шартта медиктердин маянасына байланыштуу маселе кандай чечилиши мүмкүн, сиздин баамыңызда кандай чечилиши керек?

К. Мамбетов: Биз аны айта албайбыз. Анткени биз 10-январь күнү бул маселени ортого салып, Каржы башкармалыгын адистери эсептерин чыгарып көрсөтүп берет. Биз аны Жогорку Кеңештин комитети менен талкуулап, ага Каржы министрлигинин өкүлдөрү да катышканы жатышат. Профсоюз уюмдарынын жетекчилиги келет. Ошол жерден ортого салабыз, анан сунуштарыбызды өкмөткө беребиз.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG