Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:04

Дүйнөлүк банк жана Эл аралык Финансылык корпорация Кыргызстанда ишкердик ачуу жана жүргүзүүнүн шарттарын изилдөөгө алган Doing Business рейтингин жарыя кылды. Анын жыйынтыктарына ылайык, Кыргызстан былтыркы жылга салыштырмалуу 3 тепкичке төмөндөп, 70-орунга түшкөндүгү белгилүү болду. Ишкер, “Кыргыз концепт” ишканасынын президенти Эмил Үмөталиев “Азаттыкка” маек курду.

- Doing Business рейтингинде Кыргызстан мурункудан үч позиция төмөн түшүп кеткен экен. Кыргызстанда бизнес ачуу, жүргүзүүнүн шарттарынын кыйындап жатышынын себеби эмнеде?

- Биз былтыркы жылы мурдагы режимден кутулуп, бирок ал кезде туруктуулукту бекем кармай алган жокпуз. Буга түрткү болгон себептердин бири – биз үчүн пайдалуу делген саясий плюрализм аныкталганы менен, анын ичинде коррупцияны колдогон, аны багып келген жана ага багынып келген саясий күчтөр дале болсо бийликтин ичинде бар. Мына ошолордон толук бойдон тазалана элекпиз.

Булар өз кызыкчылыгы үчүн мыйзамдарды бурмалап, бийликтеги күчүн пайдаланган аракетинен улам кырдаал олку-солку болуп, рейтингде ылдыйлап жатабыз. Бирок саясий плюрализм бара-бара элге күч берет, калк алардан тазаланат деген үмүт бар.

Эң негизги кемчиликтерди санай турган болсок, биз дүйнө жүзүндөгү эң үлгүлүү өлкөлөрдүн тажрыйбасын четке кагып, мурда бизди башкарган саясий күчтөргө баш ийип келе жатабыз. Экинчиден, биз өзүбүздүн эгемендүү багытыбызды же келечекте жетүүгө бел байлап үмүттөнгөн сүрөттөмөбүздү эл арасына алып чыгып, талкуулай элекпиз.
Биз экономикага келгенде алдыңкы тажрыйбадан үйрөнгөндүн ордуна артта калган кошуналарды карай беребиз. Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөр алдыңкы эмес, арттагы орундарда турушат.

Мамлекеттерди башкаргандар идеология деп бизди башаламандыкка түртүп жатат, бирок негизги идеология болгон жакшы жашоонун сүрөттөмөсүн билбей жатабыз. Үчүнчүдөн, биз советизмден баш тарта элекпиз. Ал эми мамлекеттик тейлөө кызматынын көпчүлүгү бизге эркиндигибизди спекуляция аркылуу, пара аркылуу кайтарып жатат.

- Кыргызстандагы мамлекеттик тейлөө, кызмат көрсөтүүнүн деңгээли абдан төмөн экенин айттыңыз. Мамлекеттик органдардан керектүү документтерди чогултууда ишкерлер абдан убара болуп жүргөнүн баарыбыз эле билебиз. Муну жоюунун кандай жолдору бар?

- Биз тандаган саясий бийликтин тунук көрүнүшү болуш керек. Ал эми бүгүн ушундай тунук көрүнүштү бизге сунуштаган саясий күчтөр өтө аз болуп жатат. Элибиз аларды айырмалай албай жатат. Азыр деле Совет маалындагыдай үгүттөө мээбизге кыттай куюлуп калган бийликке өтө көп ишеним бар. Азыр биз бийликке кудайга сыйынган сыяктуу сыйынбашыбыз зарыл. Бийлик эч качан идеалдуу болбойт. Муну биз бири-бирибизге ачык айтышыбыз керек. Бийлик канчалык жакшы болбосун, өзүнүн кызыкчылыгы бар. Ошондуктан аны көзөмөлгө кылып, анын күчтүү болуп кетишине жол бербөө зарыл.

Эгер кимдир бирөө “мен бийликти күчтүү кылып, тартип орнотом” десе ага ишенбей, “эл менен кеңешип, элге жеңилдик алып келем” деген пикирди колдоого алышыбыз керек. Муну менен катар мамлекетке бир тыйын берээрден мурун аны “жети өлчөп, бир кесип” талдап, андан соң берилген тыйындын кайда колдонулуп жатканын көзөмөлгө алышыбыз зарыл.

- Өзүңүз билгендей, мындан мурун Кыргызстанда Doing Business рейтингинин шарттарына ылайык, ишкердик жүргүзүү үчүн бардык керектүү документтерди “бирдиктүү терезе” аркылуу бүткөрүү каралган эле. Бирок абал дагы да болсо алдыга кетпей, ишкердик жүргүзүү шарттары кыйындаганын көрүп жатабыз. Эмнеге бул “бирдиктүү терезе” тажрыйбасы ишке ашпай жатат?
Азыр биз бийликке кудайга сыйынган сыяктуу сыйынбашыбыз зарыл. Бийлик эч качан идеалдуу болбойт. Муну биз бири-бирибизге ачык айтышыбыз керек.

- Ал учурда айла жоктун айынан Doing Business дегенди колдогонбуз. Бүгүн деле мындан баш тартпай эле койгон туура болот. Себеби Doing Business бизнеске жардам бере турган индикаторлордун бири. Ал эми биз үчүн эң керектүүсү – экономикалык эркиндик рейтингине көңүл бурушубуз зарыл.

Биз бүгүн мамлекеттик көзөмөл, мамлекеттик бурмалоо жана тескөөдөн улам экономикалык эркиндикке ээ боло албай жатабыз. Ошол эле учурда тескөөнү азайтуу саясаты бар. Дүйнөнүн күчтүү экономикасы бар өлкөлөрдүн бардыгы ушул саясатты алгачкы фокус катары кармашат. Биз ушул тескөөнү азайтуу саясатын кескин түрдө жасашыбыз керек.

- Сиз былтыр экономикалык тескөө министри болуп да иштедиңиз. Сиз ушул кызматта иштеп жаткан учурда мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн кандай аракеттерди көрдүңүз?

- Биз былтыркы жылы мурдатан жүрүп келе жаткан реформалардын баарын ылдамдаттырдык. Өзгөчө тескөө саясатынын концепциясы деген бар экен. Муну көпчүлүк адамдар, анын ичинде көпчүлүк саясатчылар деле түшүнө беришпейт. Мында мамлекеттик күч көпчүлүк тармактарды бир жерге топтоп, басып алганга аракет кылып жатыптыр, биз болсо аларга өз алдынча автономия берилишине жетишип, орчундуу кадамга бардык.
Биз өзүбүздүн эгемендүү багытыбызды же келечекте жетүүгө бел байлап үмүттөнгөн сүрөттөмөбүздү эл арасына алып чыгып, талкуулай элекпиз.

Муну менен катар министрликтеги болгон бардык комиссияларга, тендерлерге жарандык коомдун өкүлдөрүн чакырып, ошолордун көзөмөлү менен иш алып барганга аракет кылдык.

- Сиз Грузиядагы бул багыттагы реформаларга баам салып жүрөсүз. СССР тараган соң Кыргызстан менен бирдей эле шарттарга ээ болгон Грузиянын азыр алдыга кеткенин көрүп жатабыз. Алар эмненин негизинде мындай жыйынтыктарга жетишти? Алардан кандай пайдалуу тажрыйба алсак болот?

- Грузия ишкердик чөйрөсүндөгү абалды экономикалык эркиндик рейтинги, “Форбс” журналы чыгарган рейтинг жана дүйнөдөгү атаандаштык рейтинги менен салыштырат. Биз болсо экономикага келгенде алдыңкы тажрыйбадан үйрөнгөндүн ордуна артта калган кошуналарды карай беребиз, “булардыкы деле биздегидей” деп аларды өрнөк катары кармайбыз. Ал эми Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөр алдыңкы эмес, арттагы орундарда турушат.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG