Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:37

Донбасста согушкан кыргызстандыктар


Өзүн Украинанын чыгышындагы уруштарга катышып келдим деп тааныштырган адамдын айтканына караганда, "Луганск элдик республикасы" деп аталган аймакта 17 кыргызстандык согушуп жүрөт.

Манас - аскер адамы, 90-жылдары Союздагы жогорку аскердик-саясий окуу жайды бүтүргөн. Ал "Азаттыкка" жарым жылдан ашуун Украинанын чыгышында орусиячыл күчтөрдүн катарында согушуп, мекенине кайтып келүүнү чечкенин айтты. Анын билдиришинче, чындыгында Украинадагы кырдаал Орусия тарап айтып жаткандан такыр башка. Ал өзү да орусиялык телеканалдардын пропагандасынын курмандыгы болгонун билдирүүдө.

Манас: Украинада окуя башталганда чындап эле фашисттер менен урушат экенбиз деп ойлогом. Бирок иш жүзүндө андай эмес экен. Баргандан кийин бул орустардын пропагандасы экенин көрдүк. Өз күчүбүз менен жол кире таап, он чакты бала кеткенбиз. Адегенде Самарага жеттик, андан кийин Ростовго, андан ары Орусиянын Донецк шаарына бардык.

"Азаттык": Украинанын чыгышындагы Донецк шаарын айтып жатасызбы?

Манас: Жок, бул Украинадагы Донецк эмес. Орусиянын да Ростов облусуна караштуу Донецк деген шаары бар экен, чек арага жакын, Изворинанын жанында. Мен ID карт паспортум менен эле баргам. Орустар текшерип, өткөрдү. Андан Донбасстагы Краснодон деген шаарга келдик.

"Азаттык": Орустарга келген максатыңарды ачык айттыңарбы?

Манас: Менин чоң атам 1942-жылы согушта Донбасстан дайынсыз жоголгон. Фашисттер кайра пайда болуптур, ошолор менен согушканы келдим дедим. Ал жерден ополченецтер тосуп алды. Өзгөчө бригадага кошулдук, курал-жарактын баарын берди. Бир ай ичинде 17 жолу согушка катышкандан кийин эле көзүбүз ачыла баштады. Эч кандай фашисттерди көргөн жокмун, украиндердин эле армиясы менен кармашып жаттык. Өзүм мурдагы аскер кызматкери болгондон кийин дагы чин кошуп беришти. Өзгөчө отряддын чалгын тобунун начальниги болдум. Баш-аягы 27 урушка катыштым. Орусиянын армиясы киргенден тарта бизге келишим түзүлөт дей башташты. Августта барганбыз, ноябрдан баштап Орусиянын курал-жарагы кирди. Орустар ачык эле "бир танкты талкаласаңар, ордуна 100 танк келет" деп айтышчу. Чынын айтканда, ал жерде жүргөндөрдүн баары эле аскерлер эмес, “Оплот”, “Заря”, “Дон” деген бандалык топтор дагы бар.

“Азаттык”: Чек арадан техника кандай өтөт экен?

Манас: Кечкисин, туман болуп турган кезде өтөт экен. Бул маалда космостон спутник аркылуу тартуу кыйын. Донбасс өзү өнөр жайлуу шаар экен. Бир нече заводдору бар. Иштелбей калган шахталардын араба ж.б. жабдыктарын жокко чыгарып, кампаларды бошотуп коюшкан. Бир кампага 217-220га жакын танк батат.

“Азаттык”: Чек арада "тешик" барбы?

Манас: Чек ара ачык эле да. Пеленгатор, радарлар туманда жакшы иштебей калат экен. Ошол маалда техника кирип кетет да. Күндүз жикчилдер интервью берүү үчүн ар кайсы жакка жөнөп кетет. Танктар болсо согушка түнкүсүн чыгат.

“Азаттык”: Сизден башка Борбор Азиядан баргандар барбы?

Манас: Үч кыргыз, жети казак жүрдүк. Чечендер менен осетиндер көп болчу. Айрыкча Горловкада.

“Азаттык”: Акча маселеси эмне болду? Келишимдин негизинде болгондон кийин төлөп беребиз дешти беле?

Манас: Акча жагын айтсам, башка жактан келгендерге 1500 доллардан төлөп берет айына. Ал эми өздөрү жыйнап келген жоокерлери 400, офицерлери 500 доллар алат. Орусиялык кеңешчилердин акчасы 5-6 миң долларга чейин чыгат. Мындай караганда орус армиясы, "гибрид". Көбү келишим менен согушкандар. 18 жаштагы жоокерлерден турган армия эмес. Орустарда биринчи, экинчи чечен согушуна, Приднестровьедеги, Түштүк Осетиядагы калабаларга катышып, атайын даярдыктан өткөн армия бар экен. Чалгынчылар, танкисттер, артиллеристтер, радио-локациялык чалгын кызматкерлеринен турат. Ошолор "Игла", "Бук" зениттик-ракеталык комплекстери менен иштегенди үйрөттү. "Бук" негизинен Краснодондо. Согушта аябай чоң жоготуулар болуп жатты. Бахмуткада бир бригада жок болду, аны жашырып айтышкан жок. Биз өзүбүздүн өлгөн балдарды да бул жакка жөнөтө алган жокпуз. Цинк табытка салып эле алып кетишет. Госпиталда жатат, үйүнө кетти деп коюшат. Армияга баш ийбеген бандалар көп. Ар бир шаарды өздөрү басып алып, өздөрү эле бийлеп атат. Ортолорунда ич ара атышуу да болуп турат.

“Луганск элдик республикасынын” башчысы Плотницкийге толук баш ийген бир гана элдик милиция бар. Анын курамына биздин өзгөчө бригада, ошондой эле артиллериялык жана мотоаткычтар бригадалары кирет. Булардан тышкары, Стахановдо турган “Казачий ВВД”, “Биринчи орус православ армиясы” деген да бар. Алар Плотницкийди кааласа угат, каалабаса жок, өз билгендерин кылат. Баш бербеген топторго каршы эки операцияга мен да катыштым. Мисалы, Плотницкийдин буйругу менен “Оплоттон” эле 17 киши жок кылынды. Азыр да андай топторго “эгер баш ийбесеңер кийин тынчтык орногондо “тазалап” салабыз” деп эскертишүүдө. Луганск аймагында аябай эле кыргын болуп жатат. Анткени ал жакта эң кубаттуу, жаңы, заманбап согуштук техникалар колдонулууда. Аскерлердин саны аз эле, техника аябай көп, техниканын күчү менен болууда. Орусиячыл күчтөр Украинанын эгемендигинин таш-талканын чыгарууда.

“Азаттык”: Украинада согушкан кыргызстандыктар арасында каза тапкандар болдубу?

Манас: Бир таластык бала Калина деген жерде өлдү. Эки БТРди жарып, танктын астында калып кетти. Дагы бир казак бала Чернухин деген жерде, токтогулдук бала болсо урушта бутуна чачыранды тийип, кансырап өлдү.

Аларга акчалай жардам берди. Бул жактан кийин ата-энелеринен сурасам, чын эле акчаларын алыптыр. Ушул жерден айта кетүүчү нерсе, “Вежливые люди” деген адамдар бар. Алар ошол өлгөн балдардын жакындары менен “маектешүү” жүргүзүп, алардын оозун жабат. Кийин өлгөндөрдүн туугандары айылдагыларга аларды башка бир жерден, кокустуктан каза болду деп коюшат. Мисалы, токтогулдук баланын ата-энеси анын өлгөнүн азыр жашырып айтпай жүрөт.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз акча алып жаттыңызбы?

Манас: Мага декабрдан бери төлөп берише элек. “Луганск элдик республикасынын” башчысынын экономикалык суроолор боюнча кеңешчиси Виктор Пеннер деген бар. Ал Орусиядан акча келбей жатат деп айтты. Акча гривна да, рубль да менен эмес, доллар менен берилет дешкен.

Луганскта да, Донецкте да орусиялык кеңешчилер бийлик жүргүзөт. Бүт маселелерди ошолор чечет. Мен айткан Пеннер да түздөн-түз Сурков (Орусия президентинин жардамчысы Владислав Сурковду сөз кылып жатат) менен сүйлөшүп турат. Лугансктагы кеңешчилерди Орусиядан Сурков башкарат. Анан да Орусия кеңешчи кылып, жалаң донбасстыктарды жөнөткөн. Лугансктан, Донецктен чыккан аскерий адистер, ишкерлер, экономисттерди таап, ушул жакка кеңешчи кылып дайындашкан. Бул ЕККУ сыяктуу байкоочулардын көзүнө көө сүртүш үчүн жасалган нерсе. Анткени, булар ким деген суроо жаралса, "мына, документин карагыла, булар ушул облустардын жашоочулары” деп көрсөтүү үчүн керек.

Кыргызстандын саясаты азыр коркунучта. Ачыктык эч жерде жок калды. Бардык жерде Орусиянын саясаты жүрүп жатат. Маалымат каражаттары да бүт Орусиянын сөзүн сүйлөшөт. Менин жикчилдер тарабына барышыма да ОРТ, “Россия” телеканалдарындагы көрсөтүүлөр чоң таасир этти. Ушул каналдарды бизде да жаап салыш керек. Украина аларды жаап, туура кылды.

Биз Бажы биримдигине башыбыз менен кирип бара жатабыз. Атамбаевдин деле заманы бүтөт, башкалардын да заманы өтөт. 10-20 жылдан кийин биз кандай абалда болобуз, билбейм. Ошондо биз өзүбүздүн эгемендигибизди ала албай калбайбызбы деген суроо турат. Менимче, азыр кирип кетсек, биз эгемендикти ала албай калабыз. Анткени акырындап муундар алмашат. 20 жылда болбосо да, 30-40 жылдан кийин орус тилдүү болуп калган Кыргызстандын өзүнүн эле эли административдик реформага баралы деп чыгышы мүмкүн, же бул жерге "Бирдиктүү Орусия" партиясы да келип калбайт дегенди четке кагып болбойт. Ушундай эле административдик реформа менен бир күнү жок болуп кетпесек болду. Картада Кыргыз Республикасы деп, үстүртөн эле кала беришибиз мүмкүн. Орустар өздөрү да "тышкы башкаруу" дегенди жакшы көрөт го. "Тышкы башкаруу" мына азыр да болуп жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG