Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:18

Келерки жылдан тартып эл аралык донор уюмдар кургак учук, ВИЧ-СПИД өңдүү жугуштуу ооруларды дарылоо каржысын кыскартат.

Расмий мекемелер эгемен өлкө катары Кыргызстан өз жарандарын өзү каржылоого өтүшү керектигин белгилешкени менен, адистер узак убакыт дарыланган оорулууларга мунун кесепети тийет деп кооптонушууда.

ВИЧ инфекциясын жана кургак учукту алдын-алуу, дарылоого гранттык каражат бөлүп келаткан Глобалдык фонд алдыдагы үч жылда каржылоосун 20, 50 жана 100 пайызга кыскартат. Мындай чечим жакында Глобалдык фонд жана Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Данияда өткөн жыйынында кабыл алынган. Эми Кыргызстан өкмөтү кургак учук илдетине кабылгандарды дарылоого жыл сайын 45 млн. сом бөлүп турушу керек. Аталган борбордун жетекчи орун басары Атыргүл Токтогонова 2013-жылдагыдай дары-дармек таңсыктыгы болбойт деп ишендирүүдө.

- Ушул жылы ФОМСтун жардамы менен мамлекет 30 млн. сом бөлүп бергени жатат. Мурда донорлор жакшы дарыларды алып беришчү. Биз деле өзүбүз ошол дарыларды сатып алалы деп атабыз. Мисалы, Казакстан, Өзбекстан, Белорус өздөрү эле алып беришет. Тажикстан менен Кыргызстан гана өздөрү ала албай турган мамлекетке кирчүбүз.

Глобалдык фонд жардамынын бир бөлүгүн ВИЧ инфекциясын жуктуруп алгандарды дарылоого жана илдетти алдын алууга бөлөт. Кыргызстан ВИЧ/СПИДди алдын алуу, ага каршы күрөшүү үчүн жылына 6 млн. сомдон ашуун бөлсө, калган каражаттын бардыгы эл аралык донорлордон, Глобалдык фонддон келет. 2003-жылдан тартып Глобалдык фонд Кыргызстанга 40 миллион доллардай каражат келген. “СПИД” борборунун жетекчиси Үмүт Чокморованын айтуусунда, учурда жумушчу топ иштөөдө. Алар дары-дармектен өксүк болуп калбоо үчүн алдын ала өкмөткө, Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылууда. Анын айтуусунда, Глобалдык фонд 2018-жылдан тартып каржылоону толук токтотот.

Учурда аталган илдетке чалдыккандар айрым дарыларды бекер алышат. Эгер мамлекет каржылап баштаса кымбат дарылар сатылып, чөнтөгү жукалардын чамасы келбей, оорулуулардын саны көбөйүшү ыктымал деген чочулоо күчтүү.

Расмийлер эгемен өлкө катары Кыргызстан өз жарандарын өзү каржылоого өтүшү керектигин белгилешкени менен, адистер узак убакыт дарыланган оорулууларга мунун кесепети тиет деп кооптонушууда. “Тайс+2” бейөкмөт уюмунун башчысы Байгазы Эрматов кымбат дарыларды сатып берүүгө мамлекеттин чама-чаркы жетпейт деп эсептейт.

- Акыбалды баарыбыз эле түшүнүп турабыз, өтө оор болушу ыктымал. АРВ терапия деген бар, бул адамдын организимде вирустардын санын көбөйтпөй басаңдатып турчу дары. Булар аябай кымбат. Буга мамлекеттин каражаты жетеби, жетпейби деген чоң маселе бар. Андан сырткары кургак учуктун өнөкөткө айланган түрүнө да дарылар Глобалдык фонддун эсебинен алынат. Азыркы учурда жөнөкөй дарыларга акча жок деп атат, анан буларга табылышына көзүм жетпейт.

Буга чейин Глобалдык фонд Кыргызстанда 2009-жылкы текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эсеби чыкпай калган 120 миң долларды кайтарып берүү талабы менен Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылган болчу. Аталган фонд эгер кыргыз тарап карызды өндүрүп бербей турган болсо, анда 2013-жылдан 2017-жылга чейин каралган 44 миллион доллардан ашык жардам толук берилбей каларын эскерткен. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бул боюнча Башкы прокуратурага кайрылганын жана кылмыш иши козголгонун “Азаттыкка” кабарлады.

- Мен Башкы прокуратурага бердим, бул боюнча иш козголду. Азыр Саламаттыкты сактоо министрлиги Глобалдык фонддун бул талабын аткара албай турат. Укук коргоо органдары бизге бул багытта жардам бериши керек. Өмүр бою эле донорлордун эсебинде жашай албайбыз. Ошондуктан саламаттыкты сактоо тармагы акырындап каржы маселесин өзүбүз чечишибиз керек. Ошол багытта иштер алынып барылып жатат. Кыргызстан мурдагыдай кедей өлкө эмес. Бул жөнүндө өзүбүз да айтып жатабыз. Дары-дармек таңсыктыгы болсо да, болбосо да биз өзүбүз бутубузга турушубуз керек. Экономиканы көтөрүш керек, салыктын саламаттыкты сактоо үчун төлөнгөн проценти азыр 2 пайыз. Аны көтөрүш керек.

2012-жылдын март айында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы СПИД, кургак учук жана безгекке каршы Глобалдык фонддон Кыргызстанга тийген 34 миллион 890 миң доллардын бөлүштүрүлүшү боюнча кылмыш ишин козгогон. Анда Башкы көзөмөл орган Саламаттыкты сактоо министрлигинин айрым кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганын, грант түрүндө берилген акчанын бир бөлүгү айлык акыга, унаа сатып алууга жумшалганын айткан эле. Ал кезде Улуттук фтизиатрия борборун Автандил Алишеров, Республикалык “СПИД” борборун Сагыналы Маматов жетектеген. Ушул окуялардан соң каражатты бөлүштүрүү ишин Глобалдык фонд өзүнө алган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда СПИД жуктургандардын саны 8 миң кишиге жетти. Бул илдеттен каза тапкандардын саны 1173 болду. СПИД илдетин жуктуруп алгандардын 54% баңгилер. Бирок акыркы жылдары вирусту жыныстык жол менен жуктуруу көбөйүп баратканын министр белгиледи. Ал эми Кыргызстан кургак учук оорусу боюнча “кара тизмеде”. Өлкөдө кургак учуктун оор формасы менен 6 миң киши катталган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG