Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:40

“Дордой” базарынын кесиптик кошуундары соңку ай ичинде товар айлантуу 80% азайганын маалымдады. Контейнерлердин ижара акысы 30-50% төмөндөгөн.

“Дордой” базарынын кардар көп жүргөн борбордук катарында иштеген Гүлсүн Арунова синдиси менен аялдардын кийимин тигип сатышат. Соодагер жылына жай мезгилдери өтүмдүү келген товарлары быйыл өтпөй калганын айтып, киреше тапмак түгүл, оболу контейнердин ижара акысы акталбай жатканына нааразы:

- Быйыл соода таптакыр токтоду. Киреше тапмак түгүл, артка кетип атабыз. Контейнерлердин ижара акысы деле түшүп жатат, бирок аны да актабай жатпайбызбы. Мисалы, мен ижарага 1500$, менин маңдайымда иштеген кошунам 2000$ төлөйт. Мен араң отурсам, ал таптакыр кыйналып жатканын айтууда. Акыркы айларда иш ордун таштап, башка тармакта иштей баштагандар да көбөйдү. Айла жок, күнүгө эртең менен ишке келесиң. Кыскасы, соода болуп кетет деген үмүт менен жашайбыз.

Ушул тапта "Дордой" базарында 60 миңден ашуун киши эмгектенет. Салык кызматы базардан айына 34 миллион сомго чейин салык чогултса болорун эсептеп чыккан.

"Дордой" базары

"Дордой" базары

Улуттук статистикалык комитет Кыргызстандын ЕАЭБга кирген өлкөлөр менен товар айлантуусу ушул жылдын алты айында 954,6 миллион долларды түзүп, былтыркы жылга салыштырганда 7,7% азайганын билдирди.

Ал эми кесиптик кошуундун маалыматына ылайык, соңку ай ичинде товар айлантуу 80% чейин азайган. Мындан улам жыл башынан бери контейнерлердин ижара акысын төмөндөтүп берүү өтүнүчү менен жүздөгөн соодагерлер кайрылышып, аларга болгон ижара акысы 30-50% түшкөн. Бул тууралуу базардын кесиптик кошуунунун төрайымынын орун басары Динара Турбаева билдирди:

- Бүгүнкү күндө “Дордой” базары оор абалда. Чек аралар али ачыла элек. “Дордойдун” катарларын кыдырсаңыз кардарлардын саны кадимкидей азайганын, айрым соодагерлер таптакыр соодасы жок отурганын байкайсыз. Товар айлантуу өзгөчө ушул алты ай аралыгында төмөндөдү. Бизге буга чейин биримдикке кирер замат чек аралар ачылып, кардарлардын саны көбөйөрүн айтышкан. Бирок биздин ишкерлердин арасында биримдик тууралуу таптакыр маалыматы жоктору да бар. Ушул тапта "Дордойдун" кийинки абалы боюнча өкмөт тарабынан кепилдик же убада берилген жок, анын кийинки абалы биз үчүн да бүдөмүк.

Кесиптик кошуун айрым соодагерлер ишин таштап, башка тармактарга кетип жатканын да кошумчалады.

Кардар качырган жаңы жагдайлар

Ушундай эле абал Кытайдан келген товар дүңүнөн сатылган “Жунхай” базарында да байкалат. Базар кыдырып, содагерлер менен сүйлөшсөң алар Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийинки абал кандай болору туурасында өкмөт жеткиликтүү маалымат бербей жатканына нааразы экендигин айтышат.

"Дордой" базары

"Дордой" базары

Евразия экономикалык биримдигине даярдык катары товарларын эки-үч эсе көп топтоп алышкан соодагерлердин айрымдары банкротко учурай баштаганы да айтылууда.

Мындан сырткары “Дордой” базарындагылар чет өлкөлүк унаалардан экологиялык төлөм алуу боюнча өкмөттүн соңку токтому да алардын кардарларын качырып жатканын айтышат:

- Мен Тараз-Бишкек маршруту боюнча жүргүнчү ташыйм. Быйылкы жылы өткөн жылга караганда ишим жакшы болгон жок. Билбейм, эмнегедир адам аз каттап жатат. Анын үстүнө мен унаам үчүн чек арада 2500 сом төлөйм, бул өз учурунда жол акысынын кымбатташына алып келди.

Буга чейин орусиялык, казакстандык жана жергиликтүү 1,5 миллиондой керектөөчү “Дордой” базарынан соода кылчу. Бирок ушул тапта да “Дордой” базарында кардарлар таптакыр жок деп айтууга болбойт. Маселен, он жылдан бери чек арадан товар өткөрүп келген Айбек Асанов кардарлар жылдагыдай эле көп болгонун айтат:

- Кардарлар жылдагыдай көп эле. Анын үстүнө азыр Орусия, Казакстандан келген эс алуучулар да базарга келип, буюм алып кетишет. Бирок алардын саны канчалык көп болбосун, маселе чек арага келгенде жаралып атпайбы. Казакстанга жүктөрүн алып өтө алышпайт.

Көйгөйдү чечсе болобу?

Ал арада калк арасында Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсү ири базарлардын товар айлантуусуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн деген кептер тараган. Экономист Жумакадыр Акенеев бул кептерди четке кагып, Казакстандын бул кадамынын Кыргызстан үчүн жакшы жактары көп экендигин айтат:

- Бул кадамдын жалпы базарлар, эл үчүн да жакшы жагы көп. Себеби Казакстан аталган уюмга киргенден кийин Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр Дүйнөлүк соода уюмунун шарттары менен иш алып барса болот, биримдиктин эрежелери менен чектелбей. Ал эми аны шарттары Кыргызстан үчүн анча ыңгайлуу эмес.

Бийликтегилер Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр Кыргызстанды биримдикке кабыл алуу келишимин ратификациялагандан кийин гана көйгөйгө чекит коюларын айтып келет.

Бирок соодаргерлер Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп, чек аралар ачылса эле “Дордой” базарында соода жакшырып кетерине ишенбей турушат. Ошол эле убакта дагы бир ири соода жайы “Кара-Суу” базарынын тагдыры да бүдөмүк бойдон калууда.

Кыргызстан, Орусия, Беларус, Казакстан жана Армениянын президенттери Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине биротоло кирүүсүнүн шарттарын караган документтерге 8-майда кол коюшкан.

20-майда Жогорку Кеңеш ал келишимдерди ратификацияласа, андан бир күндөн кийин президент Алмазбек Атамбаев ал келишимдерди бекиткен. Эми Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения парламенттери ал келишимдерди ратификациялап, андан кийинки жол-жоболор аткарылган соң Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болуп калат.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    2014-жылдын март айынан бери "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG