Линктер

жекшемби, 26-март, 2017 Бишкек убактысы 23:45

Кыргызстандык соодагерлер Орусиянын 50дөн ашык базарында эмгектенет.

21-мартта Орусиянын Новосибирск шаарында "Нордмолл" базары ишке кирмекчи. Анын жетекчилиги бул Орусиядагы ири базарлардын бири болорун айтып, кыргызстандык соодагерлерге 500гө чукул орун бөлүп берүүдө. Ал гана эмес, кыргыз соодагерлерине жеңилдетилген шарттарды түзүп, жарым жылга ижара акысынан бошотууда. Адистер жаңы базарга дем берүү үчүн сооданын көзүн билген кыргызстандыктарга үмүт артылып жатканын айтышат.

"Кыргыз барган базар өнүгөт"

Кыргызстандык соодагерлер Казакстандын онго чукул жана Орусиянын элүүдөн ашык базарында эмгектенет. Коңшу өлкөнүн ишкерлери арасында "кыргыз сатуучулары кайсы базарга келсе, ошол базардын иши жүрөт" деген сөздөр бар. Ошондуктан кыргыздарды чакырып, базарда иштөөгө "эң жакшы шарттарды түзүп беребиз" деген өлкөлөр да жок эмес.

2011-жылы Түркмөнстандагы "Алтын асыр", 2015-жылы Казакстандагы "Хоргос", Беларустун "Витебск" базарлары, ошондой эле Санкт-Петербургда ири соода жайлары ачылганда "Дордойдун доору бүттү" деп бүтүм чыгаргандар да болгон. Аталган базарлар кыргызстандык соодагерлерге жеңилдетилген шарттарды түзүп чакыргандары маалым. Бирок канчалаган аракеттерге карабай, аталган базарлар азыркыга чейин кардарларды тарта албай убара.

Казакстандагы "Хоргос" базары.

Казакстандагы "Хоргос" базары.

​"Дордойдун" кесиптик кошуундарынын төрайымы Дамира Дөөлөталиева билдиргендей, Кыргызстандын тажрыйбасына коңшу өлкөнүн базарлары ар дайым кызыгып келет:

- "Дордой" базары учурда дүйнөлүк брендге айланып, дүйнөдөгү он базардын катарына кирген. "Дордойдо" дүң жана чекене соода аябай өнүккөн. Андыктан "Дордойдун" тажрыйбасына кызыккандар аябай көп. Бизге товар кайдан келип жатат, кандай сатылып жатат деген суроолорго ар дайым байкоо салышат. Алматыда төрт базар ачылды, алар дагы бизге келди, ишкерлер менен жолукту. Биз башка базардын ачылышын дайыма кубаттайбыз, себеби биздин соодагерлердин иши жүрүп, мамлекет өнүгөт.

"Нордмолл" кыргыздарды чакырды

Кыргыз соодагерлерине учурда кучак жайып чакырып жаткан базарлардын бири Новосибирск шаарындагы "Нордмолл" соода жайы. Ушул жылдын 21-мартында ачылганы жаткан базар кыргызстандыктарга 500гө чукул орун бөлүп берүүдө. Жаңы соода жайдын жетекчилиги ишкерлерге бекер жатак берип, ошондой эле жарым жылга чейин ижара акысынан бошотууда.

"Нордмолл" базары

"Нордмолл" базары

Маалым болгондой, учурда 300 ишкер "Нордмоллдо" соода кылууга ынтызарлыгын билдирип, 16-мартта Бишкектен жөнөп кетишти. Айтмакчы, соодагерлердин жол акысын да орус инвесторлор өз моюнуна алган.

Аталган базардын Кыргызстандагы "Нордмолл Азия" өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Мелис Шаршеновдун айтуусунда, кыргыздар соодага эптүү келгендиктен коңшу өлкөнүн ишкерлери базар келечегин кыргызстандыктарга байлап келишет.

- Негизинен кыргыздар соодада өжөр келип, өтө жоопкерчилик менен мамиле кылат. Биздин ким экенибизди Казакстан, Орусиядагы шериктер билип калды. Мындайча айтканда, бизсиз базар иштебей каларына көзү жетип калды. Кыргыздар соодада калп айтканды жаман көрөбүз, берилген тапшырманы так аткаргандыктан бизге келип жатышат. Кыргыз ишкерлери шериктер менен так иштешет. Андыктан биздин ишти баалап жатканын мен жогорудагы өзүм айткан факторлорго байланыштырам. Себеби соодада ишеничке кирүү эң жогорку сапат болуп саналат.

Кыргыз соодагерлери базардагы шарттарга маани бербейт, эң негизги талап ал базарда соода жүрүп турганы оң. Мисалга Москва шаарынан баштап, Орусиянын аркы бурчу Якутиянын базарына чейин кыргызстандык соодагерлер өз ордун тапкан.

Мекендешибиз Азамат Төрөгелдиевдин дал ошо Якутиядагы "Столичный" базарында соода кылып жүргөнүнө он жыл болду. Анын айтуусунда, кыргызстандыктар ар кандай кыйчалыш учурга карабай, базардагы орундарын сактап калган. Атүгүл 2008-жылдагы дүйнөлүк кризис, учурдагы "санкциялар согушуна" карабай иштеп келе жатышат.

- Азыркы учурду айтсам, кризис Якутияда жакшы эле сезилип жатат. Элде акча жок, базарда соода дээрлик токтоп калды. Эгерде тактап айтсам, бул каатчылык 2015-жылы эле башталган. Эл да анча кийинбей калды. Якутияга товар Москва, Кытай жана Кыргызстандан ташылып келет. Базарда кыргыздардан башка кытайлар абдан көп. Мындан улам, миграциялык кызмат бат-бат келип текшерип, соодага да жолтоо болуп жатат. Бирок базардын табияты ушундай экен, бирде соода болсо, бирде жайлап калат. Андыктан, кетпей иштеп жатабыз.

Дагы бир мекендешибиз Шекербек Дүйшеев Якутиянын Алдан шаарындагы базарда тогуз жылдан бери соода кылат. Бул аралыкта соодагер Орусиянын жарандыгын алганга да жетишкен. "Алдан шаарындагы кыргыздардын баары орус жарандыгына ээ", - дейт каарманыбыз.

Шекербек Дүйшеев

Шекербек Дүйшеев

- Кыргыздар бул жакта соодада ишеничтүү адамдарга айланып калдык десек болот. Биз жаңы келген жылдары кыйын болчу. Жыл өтүп өзүбүздү көрсөткөнгө аракет кылдык. Биздикилер эптеп эле алдап сатканды жаман көрөт. Эгерде кардар кандайдыр бир буюмун унутуп кетсе, алып коюп, келгичекти күтүп турабыз. Товарларыбызды ар кайсы жактан алып келебиз, анын ичинде Кыргызстандан дагы бизге салып турушат. Орус жарандыгын алгандан бери бул жакта иштөө кыйла жеңил болуп калды, балдарыбыз да ушул жакта эле бала бакча, мектептерге барат.

Мигранттардын жарымы базарда

Орусияда жүргөн кыргыз мекендештердин канчасы базарларда эмгектенет деген суроого бүгүн эч ким так жооп бере албайт. Тышкы иштер министрлиги жана Миграция кызматы андай иликтөөнү жүргүзүү мүмкүн эмес экенин айтышат.

Бейрасмий маалыматтар боюнча, Орусияда миллионго чукул кыргызстандык иштеп жүрөт. Кыргызстандын жеңил өнөр жайчылар биримдигинин төрагасы Сапар Асановдун "Азаттыкка" билдиришинче, Орусиядагы мигранттардын жарымы базарларда соода кылып, күн өткөрүүдө.

- Кыргыздар акыркы он беш жылда Орусиянын базарларында өз ордун таап алды. Кыргыз сатуучулардын аркасы менен өлкөдө тигүү тармагы өнүгүп кетти. Орусиядан жылына Кыргызстанга 2 млрд доллардан ашык акча которулуп жатат деп айтылып жүрөт. Бул акчанын көбү товар алмашуунун арты менен келип жатат. Ал эми негизги товарыбыз текстилден өндүрүлгөн, кийим-кечек экенин айта кетүү керек. Негизинен базар бири-бири менен тамырлаш. Ошол эле текстилдин өнүгүшүнө "Дордой" базарынын салымы чоң.

"Дордойдун" тарыхы

Базар системасын жакшы билген Мелис Шаршеновдун айтуусунда, өткөн кылымдын 90-жылдарындагы каатчылыктан улам, эл үйүндөгү бар оокатын көчөгө алып чыгып, сата баштаган. Ал маалда эл азыркы "Кудайберген" базарынын тегерегинде жайма базар уюштуруп, ал бара-бара Орто Азияга таанымал болот деп эч ким ойлогон эмес.

- "Кудайберген" базарынын ордунда барахолка пайда болгон. Ал жактагы эл үйүндө болгон оокатын чыгарып сатып, эмне кылууну билбей отурган. Мына ошентип сатуучулардын саны көбөйө баштаган. Кийинчерээк Аскар Салымбеков башында турган адамдар, "элге кам көрүү керек экен" деген мааниде "Дордойду" түптөгөн. Мындайча айтканда, "Дордой" ошол жайма базардын үчүнчү этабы болгон.

"Дордой" базары

"Дордой" базары

Кыргыз соодагерлеринин жаңы тарыхы Кыргызстандын Бүткүл Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсүнө байланыштуу. Кыргызстан ДСУга пост-советтик өлкөлөрдөн биринчи болуп, 1998-жылы 77-өлкө катары кирген. Мына ушундан улам, Кытайдын чек арасы ачылып, Кыргызстан дүңүнөн Кытайдан товар алып келип, "Дордой" аркылуу коңшу Казакстан жана Орусияга сата баштайт.

2000-жылдары "Дордойдогу" ишкерлердин соодасы жүрүшүп, коңшу Казакстан жана Орусия рыногунда өз өкүлчүлүктөрүн коюп, кыргыз соодагерлерине өзүн көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү жана бул иш азыркыга чейин уланып келет.

Кыргызстандын жеңил өнөр жайчылар ассоциациясынын төрагасы Сапар Асановдун айтуусунда, кыргыз соодагерлери азыр төртүнчү этапка өттү. Бул тепкичте соодагерлер кытай товарларын алып сатпастан, өзү өндүрүүгө киришти.

- Биз 2002-жылы мониторинг жүргүзгөнбүз. Ошол жылдары "Дордойдо" 25 пайыз гана Кыргызстандын товары сатылчу, калганы кытай товарлары эле. Кийин 2005-2007-жылдардан тарта "Дордойдо" Кыргызстандын 50 пайыз товары сатыла баштады. Ал эми 2010-жылдагы изилдөөдө биздин товардын көлөмү 80 пайызга жеткен. Кыргыз ишкерлеринин товарларынын баасы туура келип, сапаты дагы өсө баштады. Бүгүнкү күндө Кыргызстан байпактан баштап, жылуу кышкы кийимге чейин өзү тигип сата баштады. Билинбегени менен Кыргызстан абдан көп этапты башынан кечирди.

Өзбекстан рыноктон сүрөбү?

Кыргыз соодагерлери өз товары менен коңшу өлкөлөрдө өз ордун тапканы менен алдыда тобокелдиктер да бар экенин эксперттер жокко чыгарбайт. Мелис Шаршенов кыргыз рыногуна атаандаштык кылчу Өзбекстан азыр Кыргызстандын жолуна түшкөнүн айтууда.

Ал билдиргендей, эгерде Өзбекстан тигүү тармагын Кыргызстандын мисалында өнүктүрсө, жумушчу күчтүн арзандыгы жана чийки заттын Өзбекстандын өзүндө чыгарылгандыгы менен кыргыз соодагерлерин рыноктон сүрүп чыгуу тобокелдиги бар.

- Кыргызстанда жумушчу күч жетишпей баратат. Байкасаңар биз Орусия, Казакстандын буюртмаларына жетишпей баштадык. Ошондуктан ушул мөөнөттө өкмөт ишкерлерге жардам берип, дагы жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзбөсө, Өзбекстан ойгонуп келатат. Себеби Кыргызстанга чийки заттын бардыгы Кытай, Түркиядан алып келинет. Ал эми Өзбекстанда чийки заттын бардыгы өзүнөн чыгат. Азыр Өзбекстандын тикмечилери да акырындап рынокко чыга баштады. Пахта бар, материал бар, жумушчу күч бар. Андыктан биз 100 сомдон саткан буюмду алар 50 сом кылып койсо, Кыргызстандын рыногу атаандаштыкка туруштук бере албай калат. Ушуга байланыштуу мамлекет азыртадан жеңил өнөр жай үчүн дагы жеңилдетилген шарт түзүп, кыргыз брендин сактап калышы керек.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгон соң, чет өлкөдөгү кыргыз соодагерлери да жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, базарларда мыйзамдуу иштегенге мүмкүнчүлүк ачылды. Бирок Орусиянын базарларында азыркыга чейин "кара тизмеге" кирип калгандыктан, жумуш ордун жоготуудан чочулап, Орусиядан чыкпай иштеп жүргөндөр миңдеп саналат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG