Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

“Дордой”: салыкчылар иштен четтетилди


Салык кызматы "Дордой" базарынан айына 34 миллион сом чогултса болорун эсептеп чыккан. "Дордой" базары. 24-январь, 2013-жыл.
Салык кызматы "Дордой" базарынан айына 34 миллион сом чогултса болорун эсептеп чыккан. "Дордой" базары. 24-январь, 2013-жыл.

"Дордой" базарында салык боюнча план толбогону үчүн 18 салыкчы иштен убактылуу бошотулуп, бул маселени иликтеп, чара көрүү максатында атайын жумушчу топ түзүлдү.

Ушул айдын башында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев салык чогултуу жакшырбай, план аткарылган жок деген жүйөө менен Салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиевди кызматтан алган болчу.

“Дордой” базарындагы соодагерлер негизинен патент менен иштейт. Алардын бири Атыркүл Максүтова соңку учурда соода жакшы жүрбөй, чыгаша акталбай жатканын айтууда:

- Азыр мен патентке 7150 сом төлөйм. Бул аябай эле кымбат. Бир катар себептерден улам Тажистандан, Казакстандан кардарлар келбей калды. Мына көрүп жатпайсыңарбы, соода жок, жөн эле отурабыз. Ижара, патент акысы акталбай калды.


Бирок “Дордойдо” патент албай, салыкчылар менен тымызын келишип алып, көмүскө иштөөнүн кыныгын алгандар да бар. Ушундан улам салык планы аткарылбай жатат. Салык кызматынын төрага орун басары Кубанычбек Кумашев базардагы салыкчылардын баары иштен убактылуу четтетилгенин, чара көрүү максатында жумушчу топ түзүлгөнүн маалымдады:

"Дордой" базары. 24-январь, 2013-жыл.
"Дордой" базары. 24-январь, 2013-жыл.
- Биринчи максат – өзүбүздүн тармактагы проблемаларды аныктап чыгуу. Экинчи максат - “Дордойдон” түшкөн салыкты көбөйтүү. Салыкчылар боюнча “көптөн бери иштеп, ар түрдүү иштерге аралашып жатат”, деген маалымат болгон үчүн ошол 18 кишинин баарын бир учурда кызматтан четтеттик.

Өткөн жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы “Дордойду” үч ай текшерип, салыкчылардын айынан бюджетке миллиондогон сом түшпөй калганын айтып чыккан. Кээ бир соодагерлер такыр эле салык төлөбөй келгени, айрымдары жарым-жартылай гана төлөгөнү аныкталган. Бул фактылар боюнча кылмыш иши да козголгон болчу.

"Дордой" Борбор Азиядагы ири базар болуп саналат. Салык кызматы базардан айына 34 миллион сомго чейин салык чогултса болорун эсептеп чыккан. Салык кызматынын жетекчи орун басары Кубанычбек Кумашев салыкчылардын ишиндеги алешемдиктерден сырткары кедерги болгон айрым проблемаларга токтолду:

- Биринчиси - бул акча кабыл алуу пункттарынын жетишсиздиги. Базардын профсозу бизге төлөм кабыл алган терминалдарды көбөйткүлө деп талап коюп жатат. Биз бүгүн эле банктардын башчылары менен жолугуп, бул маселени чечебиз. Ушул тушта беш терминал бар. Терминал коопсуз жерге орнотулушу керек. Базардын администрациясы менен макулдаштык, алар коопсуз деп көрсөтүп берген жердин баарына коебуз. Дагы бир проблема бар: азыркы мыйзамдар боюнча салык төлөөчүлөр салыкты өздөрү келип төлөп кетиши керек, бирок алар төлөбөй жатат.

Салык боюнча планды толтуруу маселеси өкмөттүн күн тартибинде турат. Ушул айдын башында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Салык кызматынын төрагасы Исхак Масалиевди кызматтан алган. Өткөн аптада президент Алмазбек Атамбаев Таласка барганда салык боюнча депутаттарды кыйыр түрдө күнөөлөп өткөн эле:

Базарда салык төлөө үчүн терминалдарды көбөйтүү сунушталууда. "Дордой" базары. 2013.
Базарда салык төлөө үчүн терминалдарды көбөйтүү сунушталууда. "Дордой" базары. 2013.
- Салык кызматына өткөн жылы депутаттардын 50дөн ашык жардамчысы ишке орношкон. Эми быйыл алгачкы үч айда 1,2 миллиард сомго аткарылбай калды. Эмнеге аткарылбай калды? Анткени бул кызматта 50 шылуун бар.

Салык кызматынын жетекчи орун басары Кубанычбек Кумашев Атамбаевдин айткандары боюнча буларды билдирди:

- Ошол 50 кишинин баары эле жакшы иштебей жатат деп айта албайм. Алардын арасында профессионалдар да бар. Жаңы киргендери да бар. Ушул жылдын биринчи кварталы боюнча чынында эле планга 1,2 миллиард сомдой жетпей калган. Бирок анын объективдүү себептери да бар. Былтыр түшкөн пайданын бир пайызы салык катары төлөнүп турган. Ал эми быйыл болсо ошол норма жоюлган.


Былтыр Кыргызстанда 37,5 миллиард сомго жакын салык чогулган. Салык кызматы план дээрлик 97 пайызга аткарылды деп билдирген. Быйыл Кумтөрдү кошпогондо 40 миллиард сомдон ашык салык жыйноону болжолдоп жатат. Бирок план толбой калуу коркунучу бардыгын жокко чыгарышпайт.

XS
SM
MD
LG