Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

Акжаркын таланттын ырда уланган өмүрү


Иллюстрация
Иллюстрация

"Тарых жана тагдыр" рубрикасында бул жолу таланттуу ырчы жана обончу Канымгүл Досмамбетова тууралуу сөз болот.

Демейде, пенделик тагдыр менен чыгармачыл тагдырды эки бөлүп айтабыз. Анын себеби, пенделик тагдыр кээ бирөөлөрдө бир топ эле оор жана татаал болсо да, чыгармачылык турмушу абдан эле байсалдуу жана бактылуу жол менен кеткен учурлар тарыхта көп кездешет. Экинчи жагынан карасак, чыгармачылык өмүрдүн узундугу менен физикалык (биологиялык) өмүрдүн ортосунда да эч бир байланыш жок.

Узун өмүр сүрүп, бирок жараткан чыгармалары орто менен дурустун ортосунда каалгып жүрө берген жазуучулар же акындар, айрыкча музыканттар менен артисттер тарыхта канча? Ошону менен бирге жарк эткен жылдыз сыңары ортого тез чыгып, эл көзүнө эрте көрүнүп, өтө деле көп чыгарма жаратпай, бирок ошол аз да болсо саз жаралган эмгектери менен эл оозунда, журт эсинде калган инсандар да көп учурайт. Ошолордун бири - таланттуу ырчы жана обончу, чыныгы акжаркын инсан, бир катар чыгармалары азыркыга чейин эл оозунан түшпөгөн мөлтүр талант Канымгүл Досмамбетова деп айтсак, адилеттиктин дал үстүнөн чыгабыз го.

Өмүрү ырда уланган акжаркын талант
please wait

No media source currently available

0:00 0:08:11 0:00
Түз линк

Канымгүл Досмамбетова тууралуу кененирээк жазылган китеп же макала түгүл, ал киши кандай адам, не деген аялзаты болгону, кандай өмүр сүргөнү тууралуу маалымат табуу бир топ эле кыйын жумуш десек болчудай. Айтылуу “Кызыл өрүктөн” баштап “Анда сен он беш жашта элең” дегенге чейинки бир катар керемет обондорду жараткан К. Досмамбетова тууралуу ой бөлүшө турган кишилер арабызда анча деле көп эмес. Кудайга шүгүр, атактуу ырчы менен бир нече жолу кездешип, аз да болсо баарлашып калган киши экинчи бир таланттуу ырчы жана журтубузга аттын кашкасындай белгилүү инсан Жамин Акималиев болуп чыкты.

“Мен Канымгүл менен Нарында, 60-жылдарда, партиялык-советтик кызматтарда иштеп жүргөндө бир нече жолу кездешип калдым", - деп эскерет Жамин ага.

- Ал кезде Канымгүлдүн аты жаңыдан оозго алынып, ырлары аябай популярдуу болуп бараткан кез. Мен да ошол убакта өзүмдүн ырларымды аткарып, кээде башкалардын да ырларын ырдай коюп, элге таанылып калгам. Деле ошол кезде Нарын жергесинен бир катар таланттар маданий турмушка активдүү аралашып, эл аларды “Нарын жылдыздары” деп атап жүргөн мезгил эле. Канымгүл болсо тек-жайы Ысык - Көлдүн кыздарынан болсо да, көп жылдар Нарын театрында иштеп, таланты да ошол жерде ачылбадыбы. Эми Канымгүлдүн ырчылык бир касиетин баса көрсөткүм келет. Канымгүл абдан эле жөнөкөй ырдачу. Өзү да көркөмдүү, башкача бир жылдызы жарык, адамдык сапаты бийик эле. Чыгарган ырларын жөнөкөй гана, эч бир “оңго” же “солго” кетпей эле ырдаса да, жүрөккө тез жетчү. Канымгүлдүн кантип ырдаганын, комуз черткенин, кебете-кешпирин карап отуруп эле эстетикалык жактан тоюп калчубуз. Ырлары да кооз, кулакка уккулуктуу, ошону менен бирге абдан терең болчу.

Ушинтип эскерген Жамин ага Канымгүл Досмамбетованын бир ырына өзү да терең таасирленип, аны башкачараак манерада иштеп чыгып, сөзүн акын А. Белековдун “Айта албай жүрөм сөз менен” деген ырына алмаштырып, бирок ошол Канымгүл Досмамбетованын ыры катары ырдап чыкканын айтат.

Жамин Акималиев агабыздын пикири боюнча, 1960-жылдары биринин артынан экинчиси жанып чыккан музыка жылдыздарынын пайда болушуна улуу ырчылар жана музыканттар Муса Баетовдун, Атай Огомбаевдин, айрыкча Жумамүдүн Шералиевдин түздөн-түз таасири болгон. Чынында Канымгүл Досмамбетованын ырчы катары мектеби жана уланткан музыкалык салт-санаалары ошол жогоруда аталган улуу таланттардын нурунан жаркыганы айтпаса да түшүнүктүү.

Албетте, Канымгүл Досмамбетованын эч качан эскирбей турган, эң эле мыкты, качан болсо терең мааниси жана мукам обону менен жүрөк толкута турган ыры - Омор Султановдун текстине жазылган “Унутпадым” аттуу ыр. Бул ырды жалпы эле кыргыз обондорунун ичиндеги классика деген наамга татый турган ырлардын бири десек болот го. Атына жараша заты дегендей, ырдын тексти да жалпы эле кыргыз лирикасындагы классикалык текст экенин белгилей кетүү керек.

(Сөзү Омор Султановго, обону Канымгүл Досмамбетовага таандык "Унутпадым" Кутман Жолдошевдин аткаруусунда)
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:55 0:00

Ошону менен бирге ырчынын “Анда сен он беш жашта элең”, “Айта албай турам сөз менен”, “Көл жээгинде” сыяктуу ырлары эл арасына аябагандай тарап, бир нече муундун сүйүп ырдаган ыры катары эсте калып, кадимки эле элдик ырлар сыяктуу кабыл алынып калган.

Ушуга байланыштуу: "Эмне үчүн?" деген суроо туулат. Себеби, улуу чыгармалардын, деле классикалык чыгармалардын баары сыртынан карасаң жөнөкөй, бирок ички мааниси аябагандай терең жана элге-журтка жеткиликтүү болот. Канымгүл Досмамбетованын дээрлик бардык ырлары ошондой. Унутулгус «Унутпадым» аттуу ырдан баштап «Кызыл өрүк» менен "Анда сенге" чейинки ырлар ошондой чыгармалар.

Тилекке каршы, Канымгүл Досмамбетованын өмүрү кыска экен. Таланты эми ачылып, чыгармачыл өмүрү эми жетилип келаткан кезде арабыздан кетти. Ошентип кыргыз музыкасындагы мөлтүр таланттардын бири эртелеп оо дүйнө салды.

Бирок Канымгүл Досмамбетованын экинчи өмүрүн анын тоонун мөлтүр кашка булагындай обондору, элдин терең катмарына сиңип кеткен ырлары азыркыга чейин улантып келе жатат. Ал ырлар элибиздин музыкалык казынасын дагы далай замандарга байытат, уккан кулакты жыргатып, нечен муундардын эстетикалык моокумун кандырат деп бекем ишеним менен айтсак, эч бир аша кетпестирбиз.

XS
SM
MD
LG