Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:08

Менин кыялым - мекенимдин даражасын көтөрүү


Менин көптөгөн кыялым бар. Алардын эн негизгилеринин бири - бул Кыргызстанга өз салымымды кошуу менен, сүйүктүү мекенимди жаңы, бийик даражага көтөрүү. Менин оюмча, мекеним өсүү баскычына чыгуу үчүн, чыныгы демократиянын баалуулуктарына негиз салып, жаңы идеологияга аттанышы керек. Анткени, демократиянын гана негизинде, мамлекет күчтүү, зор держава боло алат.

Азыркы учурда биздин элдин «демократия» жөнүндө так, туура маалыматы жок. Менин оюмча демократия - тең укуктуулукту, элдин ачык-айкын өз оюн билдирүүсү, каалаган динге ишенүүсү, ар бир адамдын шайлоого катышуу укугу, бийлик элдин тандоосу менен шайлануусун түшүндүрүлөт. Негизгиси - бул «бийлик» элдин колунда болушу керек дегенди билдирет.

50 жыл мурун атактуу афроамерикалыктардын укугун коргоочу Мартин Лютер Кинг эң атактуу өзүнүн «Менин кыялым бар» аттуу сөзүн айткан. Анын эң негизги кыялы -бул дүйнөнүн кара өңдүү адамдарынын укуктарын коргоо болгон. Биздин жашоодо да бул идея өзүнүн актуалдуулугун жоготкон жок.

Менин кыялымда, бүт дүйнөдө, анын ичинен Кыргызстанда тынчтык, эркиндик, акыйкаттык жана бакубат жашоо болушун каалайм.

Биринчиден, үй-бүлө кичинекей мамлекет эмеспи, ошондуктан, мен үй-бүлөдө тынчтык, сүйүү орноп, анын мүчөлөрүнүн тең укуктары корголушун каалайм. Аял менен эркектин укуктары тең болуп, бирдей суроолорду чечүүгө, иштөөгө, жашоодон ыракат алууга мүмкүнчүлүктөр кеңейип, аялзатынын ролу жогорулашы керек деп эсептейм.

Ар бир адам мыйзам чегинде оюн билдирүүгө, каалаган жумушунда эмгектенүүгө, эс алууга, каалаган динге ишенүүгө укугу бар. Ар бир адамдын шайлоодо өз добушун берүүгө жана өзүнүн талапкерлигин көрсөтүүгө укугу бар. Ушул укуктар реалдуу корголушун каалайм.

Мамлекетибизде тынчтык орноп, адамдар «демократия» деген сөздү «митинг», «революция» деген сөздөр менен алмаштырбай, «демократия» сөзүнүн чыныгы маңызын түшүнүүсү керек деп кыялданам. Ооба, ар бир адам өз оюн билдирүүгө укуктуу, бирок «митинг», «революцияны» күндөлүк жашообузга киргизбешибиз керек.

Менин кыялымда, мамлекетибизде тынч жашоо болуп, кичинекей бөбөктөр эшикке чыгып ойногондон коркпой, күнөөлүүлөр жазаланып, карапайым элдин укугу корголот.

Менин кыялымда, мекенибизде «бай», «кедей» деген социалдык бөлүнүү жоголуп, бардыгыбыз бирдей мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, мыйзам жакшы иштеп, ал мыйзамдын алдында бардыгыбыз бирдей жооп беришибиз керек. Колунда барлар жасаган кылмышы үчүн акча менен кутулбай, жөнөкөй адамдар күнөөсү жок соттолбой, бардыгы мыйзам чегинде болушун каалайм. Келечекте акча, байлык эмес, адамдардын бири-бирине болгон мамилеси, тынчтык, акыйкаттык, сүйүү, гармония жашап, ар бир адам бактылуу өмүр сүрөт деп ишенем.

Бийлик өз кардысы үчүн эмес, элдин жашоосу үчүн чын дилинен эмгектенет деп кыялданам.

Ар бир адамдын укугу тең корголуп, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жашоосу башкалардын жашоосунан кем болбошун кыялданам. Алар да, кадимки адамдардай, эмгектенип, окуп, эс алып, жашоонун ыракатын сезүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушу керек деп эсептейм.

Элибиз, түндүк менен түштүккө бөлүнбөй, улутчулдук жок болуп, улут аралык кагылышуулар болбой , бардыгыбыз бир бүтүн Кыргызстан болуп жашообузду кыялданам.

Жарандар бирдей деңгээлде мамлекетине пайдасын көргөзө алат жана ар бир адам Кыргызстан үчүн бирдей чоң ролду ойногон күн келет деп ишенем! Мартин Лютер Кингдин кыялы ишке ашкандай, менин да кыялым өз ордун таап, тынчтык менен бакубат жашоодо өмүр сүрөбүз деген терең ишеничим бар!

Уулжан Айтназарова
XS
SM
MD
LG