Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:01
"Максат менен соккон жүрөк, бакыт үчүн өмүр сүрөт" демекчи, ооба, ар бирибиз кыялданып, үмүтүбүз менен көздөгөн максатыбызга жеткенде гана бакыттын туу чокусун сезебиз деп ойлойм.

Кыялданууга чекит жок! Үмүттүн шооласы үзүлбөйт демекчи, терең ойго батып, бир нерсени жүрөгүң менен туя ойлоп койсоң ким билет, балким эртең, болбосо он жылдан кийин же беш жылдабы, айтор кыялдар сөзсүз орундалат экен. Себеби мындан 50 жыл мурун айтылган Мартин Лютер Кингдин кыялдануусу ал көксөгөн теңдик, эркиндик, бүгүнкү күнү орундалып отурат. Буга дагы бир мисал: сиңдим айылдан шаарга колледждердин бирине тапшырганы келди. Анын: "Бишкекте бардык кыргыздар орус тилинде сүйлөшөт экен, сабактан билип турсам да, эжей-агайларга өз оюмду жеткире албай бушайманмын, эми жумушка кирем, өз тилим турса, аны сүйлөбөй, орусча сүйлөймүнбү, кыргыз тилин уялбай сүйлөй берсек кана" - деген кыялы бар эле.

Андан бери эки жыл өтүп, сиңдимдин кыялдарынын бири орундалып, кубанычы коюнуна батпайт. "Эжеке, Кудай буйруса жакынкы жылдарда окуумду ийгиликтүү аяктап, ишке орношкуча бардык жерде бүт иш-кагаздар толугу менен эне тилинде болоруна көзүм жетет, кыялым орундалып жатат", - деген сөзүнө күбө болдум.

Кыялдануу менен жашап, өмүр сүрүү жашообуздагы пайдалуу, адам баласына керектүү, оң сапаттардын бири. Жада калса кичинебизден кыялданып, көздөгөн максатыбызга жетүү үчүн умтулат эмеспизби. Кыялдангандыктан алдыга кадам таштап, жашоо сүрүп жүрөбүз. Үйлүү-жайлуу болуп, жакшы жумушта иштеп, чет мамлекеттерге саякатка барып, чоң окуу жайлардын биринде билим алуу, келечекте өмүрлүк жарым, үй-бүлөм мындай болсо, небере, кээ бирлери чөбөрөлүү болсом деген да кыялдануулар бар, ушул сыяктуу патриот адамдар үчүн: Ата-Журтка деп ойлоп жүргөн кыялдары албетте кездешпей койбойт.

Эх, бул жашоо! Эртеден кечке тиричилик менен алышып жүргөн тынымсыз адамдарды көрөсүң. Бири жумушка экинчиси сабакка. Агарып аткан таң бат эле батып, бири-бирине окшоп уланган күндөр. Ата-энеси балам деп көр оокат менен алышса, баласы ата-энемдин ак эмгегин актайын дегендейби, кайда шашып баратканыбыз белгисиз.

Маңдайыма ушул күн жазылып, күндөгүдөй жумушка баратып, "Азаттыктагы" сынак тууралуу жарыяны тыңдап калдым, "көптөн күткөн кыялдарымдын бириби" деп ичимен сүйүнүп да кеттим. Себеби өкмөттөгү кээ бир өз кызыкчылыгын ойлогон чиновниктерге кичине көз карашым бар эле.

Мекенге деген көкүрөктөгү ойлорумду бөлүшкүм келип, шашкалактап үйгө кирдим. Дароо калемимди колго алдым да ойлорумду жаза баштадым. Балким жалгыз менин эмес, канча деген мага окшогон адамдардын ачыкка чыкпай көмүскөдө кала берген кыялдары бардыр. Силердин мүмкүнчүлүк берген бул сынагыңар мени кубандырбай койгон жок.

Эми мен патриот адам катары өз мекеним тууралуу учкай ой-пикиримди үч нукта жазууну чечтим.

"Кайрылып жерди карасам кара боорум эзилет, карай берсем көз тойбой кара көзүм тешилет" деп Каныкей энебиз, "Карааныңдан кагылайын Ала-Тоом, калкып жаткан кандай укмуш немесиң?" деп Мидин Алыбаев айткандай, киндик каным тамган жерим, топурагы алтын мекенимден баштабаска айла барбы? Тарыхы күчтүү кең пейил кыргыздар тууралуу ойлорумду айтып, мактана берсем сөз түгөнбөйт, анысына макулмун, бирок жамандагандан алысмын, акым жок. Дос күйдүрүп, душман сүйдүрүп айтат деген сыяктуу кичинекей оюмду айта кетпесем да болбойт.

Ынтымагы болгон элдин таалайы багы ачылат!

Эмнеге кыргыздар өзүбүздү мазактап, бут тосуп, бирөөнүн кемчилигин издеп, жамандап, көрө албастыкка ж.б.у.с. терс көрүнүштөргө жакынбыз? Анан биз мындайбыз, баланча-түкүнчө деп наалый бергенибиз мени ойлондура берет. Бирөөнүн мээнетин экинчиси тартып алмай, бийлик талашып жутунмай.

"Бир карын майды бир кумалак чиритет" эмеспи, үч-төрт адам үчүн кыргыз деген ат булганбаса, элибиз алар үчүн жооп бербей, жөнөкөй, жаркын жашоодо татыктуу жашаса деген аруу тилегим бар. Ким эле акыйкат жашоодо жашагысы келбесин? Тең укуктуулук бардык жерде күч алып, бири-бирибизди кемсинтпей, кайда болбойлу сыйлашып жүрүп өтсөк кана? Дегеним динибиз-тилибиз бир туруп, казак боордоштордун кыргыздарды теңине албай, аша чаап баратканы мени өкүнтөт. Мындан бир канча жыл мурун казактардын кээ бир гезиттеринин биринен "Кыргыз сатылат" деген жазууну окуп алып, жүрөгүмө бычак сайылгандай, сезимдерим ойгуп-тойгуп, денем дүрбүй түшкөн кезимди эстесем сай сөөгүм сыздап, коңшу казактарга нааразы болуп кетем. Кыргыздарды Казакстанга алып барып байлары бири-бирине сатышып, кул катары иштеткен күндөр болгон. Эмнеге бул дүйнөдө кекетүү, басынтуу?! Адам укуктары жер үстүндө кандай анда???

Эми азыр кээ бир таш боор адамдар кыздар бүтүп, мырзаларыбызды алдап, шумдук айлык төлөйбүз деп, Түркияга алып кетип, ал жерден документтерин алып, Сирияга кокус коркунучтуу жаңжал чыгып кетсе, кыргыз балдарын жөнөтөбүз деген ой максат менен мындай ишке барып жаткандары көңүлгө сыйгыс. Булардын укуктарын ким коргойт, ким жардам берет? Ал байкуштар жумушсуздуктун, куу кекиртектин айынанбы, жыргаганынан макул болуп кетишпесе керек-балким! Боордошторумду укуктарын тебелетип, басынтып уят кылгым келбейт. Башка улуттун адамдарына кыргыздар ушунчалык байкуш көрүнөбү, болбосо эмнеге барган сайын терс окуяларга күбө болуп келебиз? Мисалы, мен чет өлкөдө кыйналып иштеп жүргөн туугандарым үчүн жаным аябай ачыйт.

Улутум кыргыз, тилим кыргыз, мекеним кыргыз, урааным Манас демекчи, кыргыз кандуу болуп туулуп калганыма сыймыктанам! Кыргыздар өзү берешен, ак көңүл келген журтпуз. Бөтөн адам болсо деле, ичип жаткан ашыбызыды таштап, колубуздан келген жардамыбызды аябайбыз, тескерисинче билбесек деле алардын тилинде сүйлөп да беребиз.

Бирок өзүңдүн башыңдагы төөнү көрбөй туруп, бирөөнүн башындагы чөптү сынаба демекчи, өзүбүз түштүк-түндүк болуп бөлүнүп, оштук, таластык деп сорттоп жатсак башканы айтып эмне кылабыз? Экинчи нугум дал ушул трайбализм тууралуу. Бөлүнүп көпкө барбайбыз, бөлүнгөндү бөрү жейт, биринчи өзүбүз биримдүү болуп алсак канна?

Үчүнчүдөн саясатка болгон көз карашым. Теле берүүлөрдөн, радио угуп жатсаң деле баягы депутаттар айтышып, биринин короосуна экинчиси таш ыргытып жатканы.

Чын-чынына келгенде даяр машина, өзүлөрүн канааттандырарлык маяна, балдары чет өлкөдө билим алышкан да аткаминерлер жок эмес. Элдин эмгегин ичип-жеп, алардын арты менен таанымал болуп, креслодо отурганын билишпейт. Эл өз эмгеги менен иштеп өз казанында өзү кайнап, өкмөткө ишенбей өз оокаттарын кылып, тескерисинче өйдөдө иштеген адамдарды эл багып жаткандай көрүнбөйбү?

Аларды билимдүү, сабаттуу адамдар, мекенге пайда келтирип, батып бараткан кара саздан алып чыксын, иштесин деген ой менен шайласа, алардын көбүнчөсү элдин ишеничин актай албай, өз кызыкчылыгы менен алп урушуп жүрүшөт. Журтту ойлогон саясатчылар миңдин бири. Бери карап кооз сүйлөп,ары карап башка ишти кылып жаткандай. Шайлоо учурунда кыйратам деген сөздөрүн унутуп, өзүнөн жакшы иштеп жаткан адамдын кемчилигин издеп, убакытты ошол менен алек кылып жүрүшөт. Айтылган сөздөрүнүн бир пайызын аткарышса сүйүнөт элек го. Эгерде жогору жактагылар жакалашып жатышса жаштарга кандай үлгү болушат? Өзүбүзгө өзүбүз душман болуп жатсак араң турган башкалардын чырагына май тамбайбы.

Көралбастык мансап деген оорудан,
Айыгабы бул дүйнөдө адамзат?
Бирин атпай, бирин сатпай дүйнөдө,
Ынтымакта жашайт бекен адамзат?

Беш кол тең эмес!

Кыргызымды жамандагым келбейт, "ар кимдики өзүнө ай көрүнөт көзүнө", "карга да болсо баласын аппагым" дейт го. Төгөрөктүн төрт бурчуна таанылган, дүйнөнү дүңгүрөткөн кыргызымдан айланайын! Кыргызымды канаттууга кактырып, шылдыңга калтырууга жол бербейм. Эртеңки жаш муундун алдында жүзүбүз жарык мына мындай деп, туура акылыбызды айтышыбыз керек. Эл үчүн пайдалуу иш кылып, көп-көп салымдарыбызды кошсок деп ойлойм. Жүрөгү Кыргызстан үчүн соккон патриоттор дагы да көбөйсө экен. Патриот десе элетөшүн окко тосуу эмес. Мен үчүн ал айланасын көздүн карегиндей сактоо. Көчөдө бир нерсе кулап жатса, аны алып ордуна коюп, керектүү пайдалуу иш жасаганы, мына ушул патриот.

"Карганы туурайм деп каздын буту сыныптыр" деген жакшы сөз бар элибизде, анын сыңары, алакандай мекенибизди өнүккөн Корея же Америкага салыштырып, теңегим келбейт.

Апрелдин жетисинде кыргыз элин кара түтүн каптап, дал ушул эркиндик үчүн күрөшкөн мөлтүрөгөн, жаш, кырчындай, жети гүлүнүн бир гүлү ачыла элек инсандардан ажырадык. Канча деген көз жаш, кыйылган өмүрлөр! Бир кыйла оор абалга түшүп жоготууларга учурабадыкпы. Улуу ойчул Жусуп Баласагын: «Алдыңдан бакыт жапса дарбазасын, чыда күт аны акыры сен ачасың» деген. Ар бир нерсенин өз убакыт, сааты болот. Акырындык менен биздин мекен да гүлдөгөн өлкөгө айланат. Бир бүтүн чечимге келип бир жакадан баш чыгарсак, бири-бирибизди колдосок, колдон-буттан алып турсак, ырыс алды - ынтымак, тогуз бир тууган жомогундай бизди эч ким сындыра албайт. Андыктан келгиле, замандаш, теңдикте бирдей өкүм сүрөлү, кайсы жерден болбойлу сен-мен дебей, бул кыска жалган жашоону татыктуу жашайлычы.

Мен кыялданам! Качандыр бир убакта паракорчулук жоюлат. Кыргыз өкмөтү оңолуп, экономикабыз жарды болбой, бир кыйла алдыга жылат. Ааламдашуу заманында жаштар баарын колго алып, Кыргызстанда акыйкат орнойт. Улуусу корс сүйлөбөй, кичүүсү сылык мамилеге мындан да жакшы үйрөнөт. Мен кыялданам! Ажырашкан жаштардын саны азайып, кичинекей наристелер жетим болбой, өзүнүн ата-энесин жетелеп, тай-тай басып жетилишет. Элибиздин арасында каражат жактан мүмкүнчүлүгү жок, бирок таланты таш каккан жаштар толуп жатат. Ошолорду журт ичинен сууруп чыгып, аларга шарт түзүлгөн күн келет деп кыялданам. Карылар үйүндө ата-энелер азаят деп кыялданам. Чет өлкөдө акылдуу инсандарыбыз өз мекенине кайтып келип иштешсе деп кыялданам. Ардактуу мугалимдердин жарыбаган айлыгы көбөйсө деп кыялданам. Окуу жайлардан татыктуу билим алып, дипломду сандыктын түбүнө катып коюп, канча деген жаштарыбыз башка жүмүштар менен иштеп жүрүшөт, ошондуктан өз кесибибиз менен эмгектенсек деп кыялданам.

Кайрадан Манас, Каныкей, Курманжан, Таттуубүбү, Айтматов, Чолпонбай, Тыныстанов, Раззаков, Осмонов, Чокморов, ж.б. белгилүү инсандарыбыздай адамдар жаралып, дүйнөнү суктандырган өлкөлөрдүн бири болобуз деп кыялданам.

Эгерде дилимдеги оюмду түшүнүктүү деңгээлде жаза алган болсом анда менин кичинекей кыялымдын бири орундалды деп ишенем. Келгиле кыргыз эли бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарылычы.

Дил баянымды жыйынтыктап жатып, Раззаковдун "сен таза болсоң, мен таза болсом коом да таза болот" деген сөзү менен аяктайын.

"Азаттык" радиосуна тунук эфир каалап, терең урматым менен!

Ысык-Көл району, Кара-Ой айылынын тургуну Мээрим Айбашова Кубанычбековна

Кыргыз техникалык университети, инженер-технолог факультети, сырттан окуу бөлүмү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG