Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:00

Аябай таң калдым


Аябай таң калдым. Ораторлук же чечендигинен тышкары бул адам кандай күжүрмөндүүлүктү, өз өмүрүн тобокелге салып, Жараткан берген теңдикке умтулууну көрсөттү.

Адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн топ жылдыздардын арасынан дагы бирөө жарк дей түштү. Авраам Линкольндон кийин жүз жыл өтсө да Мартин Лютер Кинг теңсиздик толук жоюлбаганын дагы бир жолу тастыктады. Расалык теңсиздикти баары көрүп, билип жүрсө да, чыгынып бизге айкын көрсөттү. Авраам Линкольн аны кайрадан ойго батып, бир кылым өткөн убакытты чабыттап угуп тургандай болду. Аябай таң калдым.

Ыйык китептер, улуу ойчулдар жана адамзаттын тарыхындагы көптөгөн согуштар азыркы заманга чейин Жер жүзүндө адамдар бирдей укуктуу экенин толук көрсөтө алган жок деп айта албайбыз. Бирок адамзатынын өзүнүн табияты ушундай беле? Басымдуу көпчүлүк мунун баарын түшүнө алган жок.

Дагы бир эскертме болуп Мартин Лютер Кинг аттуу жылдыз жарк этип жанып түштү. Өзүнүн түпкүрүндөгү эңсеген кыялын айтып кетти. Көптөн бери келаткан күрөштү Махатма Ганди жана Нельсон Мандела улуу инсандардай улантып, аягында өзүнүн бир кыялын айтып, бир нече кыска сөз менен бириктирип койду. Аябай таң калдым.

Сөздүн күчүбү, айтор топ жылдыздардын арасында башкача жаркырап турду.

Айбек Эшалиев
XS
SM
MD
LG