Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:36
Менин кыялымда бир учуп, бир конуп жүргөн кыргыз мамлекети кандай болушу керек? Менин кыялымдагы Кыргыз мамлекетинде:

I. Тегине, улутуна, жынысына, өңү-түсүнө жана туткан динине карабай, жаңы төрөлгөн балдардан баштап карыларга чейин, бардыгынын ден соолуктары дайыма чың болуп туруусу тийиш.

II. Тегине, улутуна, жынысына, өңү-түсүнө жана туткан динине карабай, жаңы төрөлгөн балдардан баштап карыларга чейин, бардыгы билимдүү болууга тийиш.

III. Тегине, улутуна, иштеген ишине, жынысына, өңү-түсүнө жана туткан динине карабай, жаш курагы жана ден соолугу боюнча эмгек кылууга жарактуу адамдардын бардыгынын иштеген жумуштары үчүн жакшы жашоого татыктуу эмгек акы алып турган умуш менен дайыма камсыз болуп турууга тийиш.

IV. Тегине, улутуна, иштеген ишине, жынысына, өңү-түсүнө, туткан динине жана жаш курагына карабай адамдардын бардыгынын өзүлөрүнө жаккан спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгууга, бардык мүмкүнчүлүктөрү дайыма болуп турууга тийиш.

V. Тегине, улутуна, иштеген ишине, жынысына, өңү-түсүнө, туткан динине жана жаш курагына карабай адамдардын бардыгынын окуудан жана жумуштан кийинки эргүү убагында, жакшылап эс алып, ден соолуктарын чыңдап алууга бардык мүмкүнчүлүктөрү дайыма болуп турууга тийиш.

VI. Бир гана мамлекеттик тил болуусу тийиш. Ал тил - кыргыз тили!

VII. Тегине, улутуна, ээлеген кызматына, жынысына, өңү-түсүнө, туткан динине жана жаш курагына карабай адамдардын бардыгы мамлекеттик тилди дайыма жакшылап билип жүрүүгө тийиш.

VIII. Тегине, улутуна, иштеген ишине, жынысына, өңү-түсүнө, туткан динине жана жаш курагына карабай адамдардын бардыгынын өздөрүнүн эне тилинде билим алып турууга мүмкүнчүлүктөрү дайыма болууга тийиш.

IX. Бардык улуттардын ар бири өздөрүнүн тарыхын, маданиятын, каада-салтын, үрп-адаттарын, туткан динин жана эне тилин сактап калуу мүмкүнчүлүктөрүнө дайыма ээ болуп турууга тийиш.

X. Тегине, улутуна, иштеген ишине, жынысына, өңү түсүнө, туткан динине жана жаш курагына карабай ар бир адам өзүнүн ойлорун эч бир тоскоолсуз ачык айтып турууга дайыма укуктуу болууга тийиш.

XI. Бардык мамлекеттик тармактардын кызматтарын ээлеп алган эки жүздүүлүк, калп айтуучулук, алдамчылык, кошоматчылык, паракорчулук, уруучулук, таанышчылык, досчулук, партиялашчылык, жердешчилик, тууганчылык жана уурулук терс көрүнүштөрүн жана кылмыштарын камтыган коррупция, түп тамырынан баштап аяк башына чейин, толугу менен жоголууга тийиш.

XII. Тегине, улутуна, ээлеген кызматына, жынысына, өңү түсүнө, туткан динине жана жаш курагына карабай бардык адамдар тартиптүүлүктү бекем сактаган, айткан сөздөрүнө, берген убадаларына жана аткарган иштерине дайыма жоопкер болуп, чынчыл, калыс, уурулукту жек көргөн, улууну сыйлаган, кичүүнү барктаган, ар бир адамдын теңдигин, эркиндигин бийик баалаган, дили жана ниети таза, сыйчыл адамдардан болуп жүрүүгө тийиш.

XIII. Бардык мыйзамдар тегине, улутуна, ээлеген кызматына, жынысына, өңү түсүнө, туткан динине жана жаш курагына карабай бардык адамдарга дайыма бирдей колдонулууга тийиш.

XIV. Отун-суу, энергетика, кен байлыктар жана жаратылыш тармактарынын бардыгы толугу менен мамлекеттин менчиги болууга тийиш.

XV. Экономикасы дүркүрөп өсүп-өнүгүп, ал эми күч-кубаты, дайыма чың болуп турууга тийиш.

XVI. Тегине, улутуна, иштеген ишине, жынысына, өңү түсүнө, туткан динине жана жаш курагына карабай ар бир адамдын коопсуздугу дайыма сакталууга тийиш.

XVII. Кыргыз мамлекетинин өзүнүн ички жана сырткы коопсуздугу да дайыма сакталууга тийиш.

Бул жоболор, менин кыялымдагы кыргыз мамлекети кандай болушу керек экендиги жөнүндө кыска түрдө берилген милдеттер болуп саналат. Ал эми ушул жоболор аркылуу берилген милдеттерге окшогон, кыргыз мамлекетинин кандай болуусу керек экендиги жөнүндөгү менин кыялдануум, ой жүгүртүүлөрүм, максаттарым жана калоо-тилектерим менин 2005-жылдан бери жазып, өзгөртүп жана толуктап, бирок ар кандай себептерге байланыштуу чыга албай келе жаткан конституциялык долбоорумда жана ал долбоорго карата берилген кенен-кесир түшүндүрмөсүндө, конституциялык мыйзамдар түрүндө берилди.

Эми болсо ушул 17 жобонун ар бирине өзүмдүн кыялдануумдун жана терең ой жүгүртүүлөрүм аркылуу пайда болгон кыскача түшүндүрмөлөрдү, сиздерге түшүнүктүү болуусу үчүн жооп иретинде бере кетейин.

I. Ар бир жаңы төрөлгөн жана карыя жашына келген адамдардын ден соолуктары дайыма чың жана жакшы болуусунун кепилдигин мамлекет өзүнүн мойнуна алып жүрүүгө тийиш. Ал үчүн саламаттыкты сактоо тармагында кескин өзгөртүүлөрдү жана жаңыланууларды жүргүзүү керек.

Азыркы эркин соода мейкиндиги доорунда аткара турган иштери жок, аппарат кызматчыларынын саны гана көбөйүп кеткен Саламаттыкты сактоо министрлигин жоюп, анын ордуна кыргыз өкмөтүнүн курамына кирген аппарат кызматчыларынын саны аз, кыргыз элинин саламаттыгын сактоо департаменти деп кайра түзүп, ал эми жалпы элдин саламаттыгын сактоо милдетин жергиликтүү элди акысыз дарылап, айылдык жана шаардык өкмөттөрдүн казынасы аркылуу каржыланган айылдык жана шаардык ооруканаларга өткөрүп бериш керек. Ушул жерден сиздерге дагы жакшыраак түшүнүктүү болсун үчүн менин конституциялык долбоорумда келтирилген 29-беренени жана ал беренеге берилген, түшүндүрмөнү бере кетейин.

29-берене.

1. Кыргыз өлкөсүнүн жарандары, менчиктин кандай гана түрлөрүнө ээ болгон мекеме, ишкана жана уюмдарда эмгектенгендерине карабастан, мамлекет аныктаган эң төмөнкү өлчөмү саатына 100 (жүз) сомду түзгөн эмгек акысын алып турууга укуктуу. Эмгек акысы ар бир жуманын аягында берилип турууга жана ар бир жылдын аягында, товарларга болгон баалардын кымбатташына жараша көбөйүү жагына гана кайра каралып турууга тийиш.

Бул мыйзам долбоорунун биринчи жобосуна болгон түшүндүрмөсү беш барак болгонуна байланыштуу, аны бул жерде келтирүүгө мүмкүн болбой жатат.

2. Мекеме, ишкана жана уюмдар тарабынан, эмгекчилери иштеп тапкан эмгек акыларынан эч кандай салыктар жана төлөмдөр кармалып алынбайт.

Түшүндүрмөсү.

Кыргызстанда ар кандай жумуштарда жана кызматтарда эмгектенген жумушчу жана кызматчылардын змгек акыларынан эч кандай салыктар жана төлөмдөр кармалып алынбоого тийиш. Анткени алар эч кандай киреше табышкан жок. Алар саатына 100-150 сомду табыш үчүн өздөрүнүн кара күчүн жана мээлерин (ден соолуктарын деп түшүнүшүбүз керек) коротушту.

Кирешени алар табышпайт, кирешени ишкерчилик менен иш алып барышкан жеке менчик мекеме-ишкана ээлери, соодагерлер, көрсөтүлгөн кызматтын жана тейлөөнүн үстүнө, өзүлөрүнүн үстөк пайызын кошуп пайда табышкан ишкерлер көрүшөт. Алар кетирген бардык чыгымдары так жана кылдат эсептелингенден кийинки акча каражаты чыгаша деп табылып, ал эми чыгашадан кийинки калган акча каражаты киреше деп аныкталып, ошондон кийин гана ишкерчилик менен алпурушкан адамдар тарабынан кирешеден түшкөн акча каражаттын 10% киреше салыгы деп төгүлүп турат.

Ошондой эле ишкерчилик менен алектенген жарандар өздөрү төгө турган киреше салыгынан тышкары, кыргыз өлкөсүнүн башка жумуштарда жана кызматтарда иштешкен жарандары менен кошо, ар бир айда өзүлөрү жашап жатышкан айыл, чакан шаар жана ири шаарлардын аймактык (райондук) өкмөттөрдүн каржы бөлүмүнө мал-жанга, жерге, сугатка, жайытка, ысык сууга, ичүүгө жарактуу таза муздак сууга, газга, электоэнергияга, айыл-шаар ичиндеги жолдорду оңдоого, аларды түнүчүндө, жарыктандырууга, өрттү өчүрүүгө жана акыр-чикирлерди чыгарууга төлөнүүчү төлөмдөрдөн сырткары, төлөмдүн так фиксацияланган суммасын (мисалы, бир миң сом) милдеттүү түрдө төгүп турушат. Бул төлөмдөр жергиликтүү өкмөттөр тарабынан мындан башка чогулган жыйымдар жана салыктар менен кошулуп туруп айылдын, чакан шаардын жана ири шаар аймактарынын ичин тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, көчөлөрдү оңдоо жана жарыктандыруу, жашоочуларды ысык суу, таза муздак суу, газ, электроэнергия менен тынымсыз камсыз кылып туруу иштерине, балдарды бакчаларда тарбиялоо, орто билим берүү, спорт менен машыктыруу жана саламаттыкты сактоо тармактарын акысыз жүргүзүүгө жана ошондой эле социалдык жактан муктаж адамдарга, жергиликтүү өкмөт мүчөлөрүнө, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт, сот, прокуратура, милиция жана өрттү өчүрүү кызматчыларына эмгек акы төлөп берип туруу жана алардын өзүлөрүнүн элинин кызматтарын, өзүлөрүнүн эли каалагандай кызмат кылып туруусу үчүн, аларга зарыл ар кандай жабдуулар менен жабдып туруу үчүн сарпталат.

Жергиликтүү өкмөттөрдүн жетишпеген акча каражаттары так жана кылдат эсептелинип, Кыргыз өкмөтү тарабынан милдеттүү түрдө каржыланып турат. Жарандар тарабынан төлөнгөн ар бир төлөмдөр үчүн, жергиликтүү өкмөттөр милдеттүү түрдө сөзсүз квитанция же болбосо чек кагаздарын жазып берип турууга тийиш. 52-берене.

4. Кыргыз Өкмөтү жалпы Кыргыз элинин менчиги жана байлыгы болгон тоо-кен байлыктары, отун, суу, энергетика тармактарынын өндүрүшүнөн, Кыргыз элинин жерин чет өлкөлүктөргө убактылуу пайдаланууга берилгенден, бажы жана салык төлөмдөрүнөн түшкөн акча-каражаттардын эсебинен айыл, чакан шаар жана шаар-аймактык казынанын жетпеген акча-каражаттарын каржылайт.

II. Билим берүү тармагы жана ошондой эле кыргыз мамлекетиндеги дегеле бардык тармактар тең, саламаттыкты сактоо тармагы дуушар болгон өзгөртүүлөргө жана жаңыланууларга муктаж. Ошондой өзгөртүүлөрдүн жана жаңылануулардын бардыгы тең кандай болуусу керек экендиги жөнүндөгү мыйзам долбоорлор, ушул конституциялык долбоордо келтирилди.

III. Бул кыялдануума жана кыргыз элиме багытталган каалоо-тилегиме берилүүчү түшүндүрмө, өйдө жакта берилген 29-беренеде келтирилди.

IV. Ал үчүн Кыргызстандын ар бир айыл жана шаарларынын эли каалаган спорттун түрлөрүн өнүктүрүп туруу үчүн, заманга ылайыктуу ар түрдүү спорттук аянттар, залдар, бассейндер салынып жана ар түрдүү спорттук шаймандар менен камсыз болуп туруш керек. Спорт тармагын каржылоо шарттары, өйдө жакта келтирилген шарттарга ылайыктуу каржыланат.

V. Азыркы убакытта көз карандысыз эксперттердин иликтөөлөрү боюнча, Кыргызстанда тиричилик каражатынын эң төмөнкү өлчөмү 15 000 сомду түздү. Ал иликтөөлөрдүн жыйынтыктары бир топ сөздү алып койо турганына байланыштуу, алардын бардыгын бул жерде келтирүүгө мүмкүн болбой жатат. Бирок ушул өлчөмдү бир адамга бир айда кетчү тиричилик каражатынын туура берилген эң төмөнкү өлчөмү деп эсептесек болот. Ушуга байланыштуу Кыргызстанда бир айлык эмгек акынын эң төмөнкү өлчөмү да 15 000 сомду түзүүсү тийиш. Ал эми орточо бир айлык эмгек акынын деңгээли 25 000 - 30 000 сомду түзүүсү тийиш.

Ошондо гана Кыргызстанда жумуш иштеген ар бир адам 30 күндүк эргүүгө чыкканда ал адамдын акча-каражаты пансионат, санаторий жана курортторго барып жакшылап эс алып, ден соолуктарын чыңдоого мүмкүнчүлүк берет. Ал эми окуучулар менен студенттер жайкы эс алууга чыкканда алардын ата-энелеринин бир айда иштеп тапкан акча каражаттары, балдарынын дагы жакшылап эс алуусуна жана ден соолуктарынын чыңдашына кенен-кесир жетишин мамлекет камсыздап турууга тийиш.

VI. Андай кылбасак 5-10 жылдан кийин кыргыз тили менен кошо кыргыз эли, жери жана мамлекети да бул дүйнө жүзүнөн жоголуп кетүү коркунучунун алдында турабыз.

VII. Кыргыз мамлекети Кыргызстанда жашаган бөлөк улуттун өкүлдөрүнүн мамлекеттик тилди жакшылап үйрөнүүсү үчүн бардык шарттарды түзүп берүү милдетин өзүнүн мойнуна алат.

VIII. Ал мүмкүнчүлүктөрдүн дайыма болуп туруусун, кыргыз мамлекети камсыздап берип турат.

IX. Андай мүмкүнчүлүктөрдү кыргыз мамлекети, дайыма камсыз кылып берип турат.

X. Кыргызстандын ар бир жаранынын, мамлекеттик кызматтарга карата болгон өзүлөрүнүн ой жана сын пикирлерин, ошондой эле нааразычылыктарын эч бир тоскоолсуз ачык айтуу үчүн тынч митингдерге, пикеттерге, демонстрацияларга жана иш таштоолорго чыгуу укуктарын мамлекет конституциялык мыйзамдар аркылуу бекитип берүү милдетин алат.

XI. Кыргыз мамлекетинде коррупцияны кандайдыр бир мамлекеттик кызматтар эмес, жалпы эл өзү жок кылат. Ал үчүн бардык мамлекеттик кызматтардын үстүнөн Конституция боюнча көзөмөл укугун алган кыргыз элдик курултай институтун киргизүү зарыл.

XII. Ал үчүн мамлекеттик кызматчылардын эң башынан баштап, эң аягына чейинки адамдардын бардыгы тең жалпы элге үлгү болушуп, ошондой адамдык сапаттарды дайыма көргөзүп жүрүүлөрү тийиш.

XIII. Андай болуусу үчүн соттордун жана прокурорлордун президентке жана депутаттарга баш ийишип, көз каранды болуу макамдарынан ажыратуу керек. Ал үчүн алар жалпы эл тарабынан шайланууга тийиш.

XIV. Ал тармактар жалпы элге тийиштүү байлыктар болуп саналат. Ошондуктан ал тармактарды эч кимге сатып жана бекер таратып бербей, Кыргызстан өзү иштетүүгө тийиш.

XV. Экономика өнүгүү үчүн мамлекеттик кызматтардагы бюрократияны жана коррупцияны жок кылып, жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүп отун, суу, энергетика жана кен байлыктар тармактарын өзүбүз иштетүүбүз керек.

XVI. Ал үчүн Кыргызстандын ар бир айыл-шаарында милиция кызматы болууга зарыл.

XVII. Ал үчүн күчтүү кыргыз чек ара жана коргоону аскерин түзүүбүз керек.

Мартин Лютер Кинг да ушундай мамлекетте жашасак экен деп кыялдангандыр.

Нарынбаев Бакыт Асанбекович. Бишкек шаары.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG