Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16
Алтынбек көп жылдардан бери үй-бүлөсү менен Москва шаарында жашайт. Улуу кызы быйыл мектеп босогосун аттады. Аялы бир жарым жаштагы кызын карап үйдө, күйөөсү менен кызын күтүп дайыма ысык тамагын даярдап турат.

Алтынбек демейдегидей эле жумуштан шашып чыгып, Маликаны алганы мектепке жөнөдү. Кызы мектептин кире беришинде күтүп турган экен. Кабагы салыңкы, ойлуу турган кызын карап, бирдемени билгендей үшкүрүнүп алды.

- Ширин кызым менин, күттүрүп койдумбу, жүрү кеттик, - деп кучагына алып, бетинен өөп койду.

- Эмнеге мен орус эмесмин?! – деди Малика тултуңдап.

- Апей, бул эмне дегениң? Кыргыз болгонуңа сыймыктанышың керек. Кыргыздар эң байыркы, баатыр эл.

- Баатыр болсо мага баары бир! Таня менен Саша мени «черномазая» деп шылдыңдап атышат. Мени менен эч ким достошкусу келбейт, - деди ыйламсырап.

Алтынбек болушунча кызынын көңүлүн көтөргөнгө аракет кылып жатты:

- Эч нерсе эмес, кызым, убагы келгенде баары сен менен достошкусу келип калат. Каратору кыздар эң сулуу болушат. Женифер Лопести билесиң го, ал да сага окшоп каратору, сулуу кыз…

Малика бир аз жибий түшкөндөй болду, бирок баары бир эле кабагы ачылбай койду. Классташтарына кошула албагандыктан мектепке да баргысы келбей калган, сабакка да көңүлү жок. Апасынын тапшырма аткар дегенин кенебей, мультфильмди коюп алып, телмире тиктеп отуруп уйкуга кетти.

Эртең мененки дасторконду даярдап койгон Айым кызынын чачынан сылап ойготту:

- Кызым, тур эми.

Малика болсо эчак эле ойгонуп, көзүн жумуп алып, кыялданып жаткан экен. Көзүн ачып, жылмайып апасын карады.

- Ии бүгүн маанайың беш го! - деп Айым кызы үчүн чын дилден кубанып кетти.

- Апа, мен соо-оонун түш көрбөдүмбү! Эми орус болгум келбейт…

- Айтчы тезирээк.

- Чоң сахнада арты узун, чубалжыган аппак көйнөк кийип ырдап жатыптырмын. Аябай көп адамдар мени карап кол чаап жатышат, гүлдөрдү сунуп жатышат. Анан жанагы мени шылдыңдаган Таня, Саша жана башкалары пайда боло калды да, мени суктанып карап калышты. Кооз көйнөгүмө да суктанып кармалап жатышты.

- Болсун, болсун! Кудай жаштын тилегин берет дечү эле.

Малика ордунан тура калып эле сумкасын ачып, тапшырмаларын аткара баштады.

- Малика, сага ботко бышырдым эле, жеп албайсыңбы сууп кала электе? Алгач колу-бетиңди жууп келе кал.

- Жок, мен тапшырмаларымды даярдап, мектепке барам, - деп мектепке барганга шашты.

Балалык кыялында мектепке барса эле классташтары аны суктана карай тургандай элестетип алды…

Назира Тилекова

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG