Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Өчпөй турган сөздөр


Мартин Лютер Кингдин ар бир айтылган сөзүнөн анын адамгерчиликтүү ак жүрөк жана баатыр инсан экени билинет. Өзүнүн жашоосу эркиндик жана адам укуктары үчүн жан аябас күрөшкө чыгып, эрдик менен набыт болгончо өз тилегинен баш тарткан жок.

Ал көксөгөн теңчилик заманы келип, биз, жаш муундар эркин жашап атабыз. Мартин Лютер Кинг бул замандын четин көрдү бекен? Ал бир болбогон нерсени сураган жок, анын тилеги байлык же бийлик эмес, Мартин Лютер Кингдин жалгыз гана тилеги - адам баласынын эркиндиги болчу. Ошол себептен ал жарандардын укуктары үчүн, демократия идеялары үчүн күрөшкө чыгып, жеңишке жетишти.

Ал өзүнүн жүрүшүндө көп тоскоолдуктарды кечип өттү жана артка кайрылбай, жаркын келечектен үмүт үзбөдү. Биз анын бул эркине баа беришибиз керек.

Кара түстөгү адамдардын ак жарандар сыяктуу эле эркин иштөөсүн жана жашоосун каалаган башка инсандар сымал артынан мыкаачылардын куугунтуктоосуна карабай, бүтүндөй басмырланган адамдардын баш көтөрүүсүн үгүттөдү.

Ал укуктарды кордогон ак адамдарды жаман көргөн жок жана аларды жек көрбөөнү суранды, анткени жек көрүү ошол эле сезимди жаратат. Ошон үчүн ак ниет менен гана күрөшө алабыз деген.

Ак адамдардын аң-сезиминде гумандуулукту ойготту жана ар бир расисттин акыл-эсине теңчилик принциптерди түшүндүргүсү келди. Анын өлтүрүлгөнү мени абдан капалантты. Бирок анын ой-толгоосу, сезимдери биздин рухубузда очок болуп күйүп турат. Биздин эркин заман анын да жеңиши жана ал азыркыны көрүп турат деп ишенгим келет.

Эркиндикти биз баалайбыз, бирок аны укуксуз адамдардай сүйө албайбыз. Бардык адамдар бирдей, ошондуктан эркиндик баарына тең берилиши зарыл. Бардыгынын эркиндиги тең болсо, анда ар бир адамдын укугу туулганда эле бар.

Биз азчылыкты түзгөн этникалык улуттагы же расадагы адамдардын укугун чектөөгө жол бербешибиз керек.

Адам укугу менен демократия эркиндиги ажырагыс. Ар бир адамдын укугун коргогондо гана коомдун эркиндигин сактадык деп айта алабыз. Мартин Лютер Кинг бардыгынын эркиндигин сүйгөн инсан жана аны сага да, мага да каалайт!

Сыргабек Тыныстанов
XS
SM
MD
LG