Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Ал күндөр алыс эмес...


“Байка адамзат, бир нерсе башталууда:
Баткак кечкен кадамдар ташталууда.
Кара курсак кампайып тойгон менен
Корком, корком жан дүйнөң ач калууда” демекчи, азыркы учурда бардык көйгөйлөрдүн өзөгүн бир гана жан дүйнөбүздүн жакшы нерселер менен азыктанбай калышы. Мына, ушул толбой калуу маңкуртчулукка алып келүүдө. Мисалы, биринчиден, азыркы жашоодо олуттуу көйгөй “Карысы бардын ырысы бар”, “Карынын сөзүн капка сал” сыяктуу макалдарды унутуп, өз ата-энебизди карылар үйүнө таштаганыбыз, Орусияга соода кылганы кеткен ата-энелердин балдарын жетимдер үйүнө жылдап таштап жүргөндөр, талбас эмгек аркылуу гана ийгилик жарата аласың деген түшүнүк унутулуп, адам сатуу, баңгилик менен иш жүргүзүп калышкандар, Батыш маданиятына азгырылып, улуттун тарыхына, маданиятына, кол өнөрчүлүгүнө, тилине кызыгып да койбогондор, муну менен биз кадимки өзүбүз отурган дарактын бутагын кесип жаткан сыңары, өзүбүзгө да, кийинки урпактарга да кыянаттык кылып, көйгөйү көп дүйнөнү мураска калтырып жаткандайбыз.

Бир саамга кыял менен космоско көтөрүлүп, ааламдын борбору - Күн планетасына жакын барып Жерди көрөлү. Балким бир кыпындыр, асмандагы көптөгөн телолордун ичинде көзгө илишпес кыпын башкалар менен кошулуп, өз орбитасында кыймылдап бараткандыр. Бул планетага 1961-жылы Юрий Гагарин сырттан байкоочу болуп биринчи жолу көтөрүлүп: “Карагылачы, Жер кандай кооз, кандай кичине көрүнөт” деп таң калуу, суктануу менен айтпады беле.

Мына ошол ааламдын бир кыпыны болгон чырайлуу, кичине көлдөрү жана деңиздери, мухиттери жана токойлору, шаарлары жана кыштактары, суулары жана талаалары, мөңгүлөрү жана кендери, абасы жана тузу, оту жана жолдору, жазы жана күзү, жайы жана кышы бар, жаратылыштын эң улук макулугу - адам бар.

Жер аттуу планетада кишилер өздөрүн темир зымдар менен курчап, мамлекеттерге бөлүнүп алып, биринен-бири өтүп, согуш куралдарын өркүндөтүп, бирин-бири мээлеп, ошол кооз, кичинекей планетанын күлүн көккө сапырууга көз ирмебей даяр турушат.

Жер үстүндө миллиондогон кишилер ачкалыктан өлүп жатканда ири мамлекеттер согуш куралдарын көбөйткөндөн көбөйтүүдө. Дал ушул жогорудагы баш айланткан көйгөйлөрдөн арылуу, руханий кризистен биротоло чыгып кетүү, моралдык лабиринттен жол таап кетүү менин бирден-бир кыялым. Анткени адам оор тайгак жолдо, эки жол аркылуу гана өтө алат. Анын биринчиси шарапатын тийгизсе, экинчиси өзүнө да, өзгөгө да залакасын тийгизет. Мен келечекте биринчисинин ишке ашуусун самайм, анын аткарылышы төмөндөгү кыялдарымдын турмушка ашуусуна байланыштуу.

Менин кыялым адамдар жакшы нерселерди кыялданганды, максаттарды койгонду үйрөнсө, анткени адам баласы өз жашоосунан ыраазы болуп, ага өзгөртүү киргизүүнү ойлонбостон, кыялданбастан жашай берсе, алдыга жылуу болбойт. Ал эми бул турмушта жөн турганда, артка кетүү байкалары чындык эмеспи.

Каалоо миңдеген мүмкүнчүлүктөрдү, каалабагандык миңдеген шылтоолорду жаратарын эсибизден чыгарбасак. Анткени бир бут кийим чыгаруучу ишкана эки менеджерин Африкадагы элдин бут кийим сатып алуу ыктымалдууулугун изилдөөгө жөнөткөндө, бирөөсүнүн "ал жердегилердин бут кийим сатып алгыдай түрү жок, өздөрү жыңайлак жүргөнү бир жолу көнүп алышыптыр. Ал жакта соода кылчу болсок, банкрот болобуз”, - деп айтыптыр. Ал эми экинчисинин "бизнесибизди ал жакта улантсак, мындан да көп киреше табабыз. Элдин эч биринде бут кийим жок, баары муктаж”, - деп айтканын, натыйжасында экинчисинин оптимисттик көз карашынын шарапаты менен ошол ишкана чоң өлчөмдөгү пайда көргөнүн билет чыгарсыз.

Кечирилиш керек болгон адам, бул биз өзүбүз экендигибизди билсек жакшы болмок. Биз өзүбүздү дароо сүйлөгөн сөзүбүзгө, чаржайыт ойлорубузга, жоруктарыбызга, күнөөлүү сезип, өзүбүздү жазалабасак. Анан да өзүбүздү сүйүп, барктаганды билип, өзүн-өзү кечирүү, өзгөлөрдү кечире билүү эркиндик ачкычы болуп эсептелет тура.

Ар дайым чын дилден сүйлөгөндү үйрөнсөк, эки жүз жүздүү болбосок, анткени дал ушул абалга жараша кубулма, “хамелеон” мүнөзүндө болуу, сиз менен биздин нукура, чыныгы, асыл сапаттарыбызды чырмоок сымал жок кылат.
“Дүйнөдө негизги эки нерсе бар. Сиз аны кылганыңызга эч качан өкүнбөйсүз. Алар ишеним жана өзүн урматтоо. Бул экөөнү эч ким уурдай албайт. Алар дайыма сиз менен бирге болот”, - деп САМО эл аралык адам өнүктүрүү борборунун президенти Саидмурод Давлатов айткандай, адамзат бир ишенимди тутунса, өзүн сыйлабаганга өзгө урмат көрсөтпөстүгүн билсе кандай гана жакшы болмок. Анткени албан-албан ийгиликтерди багындырган адамдар бир касиетке ээ. Ал да болсо, өзүн ийгиликтүү адам катары көрсөтүп, жеңүүчү катары сезе билүүсү болуп саналат.

Адамзат жашоосунун жеңил болушун каалап гана тим болбостон, анын мыкты болушу үчүн аракет кылса, анткени оңой жолдор чоң ийгиликке жеткирбейт. Башкача айтканда, чоң жетишкендиктерге гүлдүү жолдор менен барбайт эмеспи.

Адамдын өзүнүн жасап жаткан иш-аракеттери кыялына жакындаштырбаса, мисалы, таттуу фирмасын ачкысы келген адам айдоочу болуп кунун өткөрбөстөн, бир фирмада жөнөкөй бир жумушчу катары иштегени оң. Ал жумушту кылуунун бир маңызы жоктугун аңдаса дурус болмок. Неге дегенде, биз ушул калыпта жүрө берчү болсок, алгачкы максаттарыбызды унутуп, алар бара-бара ишке ашпас, кол жеткис болуп кала берери анык.

Өз күчүн жана мүмкүнчүлүктөрүн текшерип көрө турган болсо, жашоо бир нече ийгилик эшиктерин ача турганы белгилүү эмеспи. Ошол убакта ийгиликке аркабызды тосуп, көрбөй калбасак экен.

Күмөн саноону бир четке таштап, көздөгөнүн жасап баштаса, ийгилик ал тарапта болмок. Бир жумушту баштоо, анын жарымын аткарууга тете эмеспи.
Чечкинсиздик жеңилүүдөн да жаман болорун утулган учурубузда өз жон терибиз менен сезип, бир аздан соң унутуп, ушул абалга кайра-кайрадан тушуга бербестен, ар бир катачылыктан тажрыйба топтоп, билим алууну адатка айлантсак. Ал эми чечкинсиздигибизден аң-сезимибизде бир гана коркуу жана күмөн калат.

Адамзат китеп окуганды үйрөнсө, жаңы, не бир деген сонун идеялар, пикирлер, дал ошол окуган китептердин натыйжасы болмок.

Замандаштар сонун, кымбат костюм көргөндө, өзүн ошого татыктуумун деп эсептесе, анткени кымбат жана сапаттуу кийимдер, буюмдар адамга ишеним, ошону менен бирге позитивдүү энергия берет тура.

Инсан эч качан өзүнөн убактысын аябаса, аны бөлүштүрүүдө дене тарбияга, китеп окууга жана жаратылышта эс алууга да убакыт бөлсө, эмнеге дегенде, Д.Уэйнмейкер айтмакчы: “Эгер эс алууга убакыт таппасаң, аз убакыттын аралыгында сага дарылануу үчүн убакыт табууга туура келет”.

Эч качан сындан коркпосок, ал биздин каталарыбызды оңдоого жана кемчиликтерибизден арылууга өбөлгө түзөрүн жадыбыздан чыгарбасак.

Ооба, бул кичинекей эле бир кыздын кыялданган кыялы деп кайдыгер карап коюшуңар мүмкүн, бирок элдин көп убактан бери көксөп, эңсеп, азаттыгы да келип жетип,
“Аткарылып элдин үмут-тилеги,
Желбиреди эркиндиктин желеги”,-деп колубузду көкүрөгүбүзгө коюп, гимнибизди ырдап келүүдөбүз. Бул дагы качандыр бир кыйынчылык күндөрдө мага окшош бир кичинекей кыздын кыялы болуп жүргөндүр. Ал кезде кыйынчылык көр турмушка байланыштуу болсо, азыркы замандын кыйынчылыгы руханий кризистин айынан туңгуюкка кептелип турбайбызбы.

Бирок бир күн келет, максатка багытталган жебе сымал чуркаган, сабатсыздыкка, түркөйлүккө канжарын кадаган, билим менен аны бууп кармаган, караңгы чөлдөргө күндүн жаркыраган нурун жеткирген, ар бир деминде илим демин жуткан жан дүйнөлөр келет. Мына ушуга чын дилимден ишенем, ал күндөр алыс эмес. Жакында...

Урматбекова Айзирек
XS
SM
MD
LG