Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Айдоочу күбөлүгүн алуу үчүн өз алдынча сынак тапшырууга тыюу салынат


Мындай мыйзам долбоору парламентте добушка коюлат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Эгер мыйзам кабыл алынса, өз алдынча даярданып сынак тапшыргандарга айдоочулук күбөлүк берилбейт. Азыркы мыйзам боюнча жарандар автоунаа башкарууну өз алдынча үйрөнүп, сынактын негизинде айдоочу укугун алууга жол берилет.

Мыйзам демилгечилеринин айтымында, жарандардын автомектепте окубай, өз алдынча сынак тапшырышы күбөлүктөрдүн сатылышына жана жол кырсыктарынын көбөйүшүнө себеп болуп келет. (UEz)

XS
SM
MD
LG