Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Алымбай Султановго кызматчылары нааразы


Алымбай Султанов
Алымбай Султанов

Премьер-министр Темир Сариев өзүнүн аппаратына Маңзатты көзөмөлдөө кызматындагы кырдаалды иликтөөнү тапшырды.

Анын алдында аталган кызматтын жетекчиси Алымбай Султанов боюнча кызматкерлеринен өкмөткө арыз түшкөнү маалым болду. Султанов Маңзатты көзөмөлдөө кызматын 2012-жылдан бери жетектейт.

Темир Сариев Маңзатты көзөмөлдөө кызматында жагдайды иликтөөгө эки жума убакыт берди. Өкмөттүн алдындагы Коопсуздук жана укук тартибин камсыздоо боюнча кеңештин жыйынында агенттиктин жетекчиси Алымбай Султановдун өзүн сынга алды жана ишин канааттандырлык эмес деп баалады.

Алымбай Султанов болсо аталган кызматтагы абал боюнча өзүнүн түшүндүрмөсүн айтып жатат. Ал орун басарларын жана айрым бөлүм башчыларын кызматын эптей албай жатат деп айыптады жана дооматтары, жазган арыздары негизсиз деп билдирди:

- Менин үч орун басарым бар. Үчөөнүн өз-өзүнчө кызматтык милдеттери бар. 2014-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегияда орун басарларымдын ишине жаман деген баа берилди. Иштеринин жыйынтыктары жаман болду. Мен ошол кездеги өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге жеке менин жана орун басарларымдын жоопкерчилиги тууралуу кат жазгам. Бирок бул маселе ошол боюнча каралбай калды. Орун басарларым кызматтык унаа тээп жүрүштү. Бирок мамлекетке бир да тыйын пайда келтирген жок. Мен алардын кызматтык унааларын алып, оперативдүү кызматкерлерге берип койдум.

Алымбай Султанов боюнча кайсы кызматкерлер өкмөткө арызданганын жана алар кандай дооматтарды айтканын билүү мүмкүн болгон жок. Орун басарлары болсо комментарий берүүдөн баш тартышты. Алымбай Султановду иш боюнча жакындан тааныгандар, бирок атын атагысы келбей, микрофонго сүйлөп берүүнү каалабагандар ага кызматкерлерди негизсиз басынткан, орой мамиле жасаган, текебер жетекчи деп мүнөздөмө беришти.

64 жаштагы Алымбай Султанов Маңзатты көзөмөлдөө кызматын 2012-жылдан бери жетектейт. Ал президент Алмазбек Атамбаевдин кудасы. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат Туратбек Мадылбеков жумушта кандай гана абал түзүлбөсүн ага жетекчи гана жооп берерин белгиледи:

- Ызы-чуунун баары жетекчиге байланыштуу болот. Жакшы жетекчи кол алдындагылардын баарын тилин таап, башкарат. Жумушта жетекчи менен кызматкерлердин ортосундагы интригалар иштин жыйынтыгына таасир этет.

Парламенттеги оппозициячыл депутат Равшан Жээнбеков болсо Алымбай Султанов менен айылдаш болот экен. Депутат Султановду кесипкөй деп мактап жатат:

- Адамгерчилиги жакшы, өзүнүн жеринде кадыр-баркка ээ адам. Кесипкөйлүк жагын да мыкты деп айта алам. Анткени мен ал киши менен көп кызматташып жүрөм. Өмүр бою милицияда, укук коргоо органында иштеп келаткан адам. Эми президенттин кудасы болсо болгондур, бирок азыркы ийгиликтери, деңгээли жеке өзүнө гана таандык деп эсептейм. Атамбаевге чейин эле жетекчилик кызматта иштеген адам. Депутат болгон, жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген.

Маңзатты көзөмөлдөө кызматынын ичиндеги чатак аталган кызматтын өзү тууралуу талаш-талкууну жаратты. Мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда бул кызмат жоюлуп кеткен жана апрель ыңкылабынан кийин кайра түзүлгөн эле.

Кыргызстанда маңзат менен бир канча орган күрөшөт. Расмий статистика боюнча, милиция кылмыштын 80дей пайызынын бетин ачат жана эң көп өлчөмдөгү маңзатты колго түшүрөт. ИИМ менен Маңзатты көзөмөлдөө кызматы чогуу иштемек түгүл, өз ара тымызын тирешип келгени коомчулукка жашыруун деле эмес.

Алымбай Султанов президент Алмазбек Атамбаевдин кан кудасы экени белгилүү.

XS
SM
MD
LG