Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Эксперт маңзат катып жүргөн деп кармалды


Юстиция министрлигинин кызматкери экспертизага жөнөтүлгөн баңгизаттарын сатып жүргөн деп айыпталды. Министрлик өз кезегинде тергөө жүрүп жаткандыктан комментарий берүүдөн баш тартты.

Ички иштер министрлигинин маалымдоосуна караганда, 17-июнда Бишкекте М.Нурбек аттуу жаран кармалып, андан 43 грамм баңгизат алынган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө кармалган жаран Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертиза боюнча мамлекеттик борбордун эксперти И.Николай аттуу жарандан баңгизатын алганы аныкталган. Милиция кызматкерлери И.Николайдын иштеген жерин жана үйүн тинтүү учурунда ири өлчөмдө баңгизатын табышкан.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов буларды билдирди:

- Аларды тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган 3 килограммдан ашык героин, андан сырткары 500 граммга чукул кара куурай алынган. Текшерүү учурунда баңгизаттарын жасай турган станоктору да бар экени аныкталды. Дурус көзөмөл жок экен. Экөө тең кармалган. Бири кыргыз, экинчиси орус. Экөө тең тергөө бүткөнчө эки айга тергөө абагына жабылган.

Юстиция министрлиги тергөө жүрүп жаткандыгына байланыштуу кызматкеринин кармалышы боюнча комментарий бербесин билдирди.

Баңгизатын колдонуучу
Баңгизатын колдонуучу

Ал эми мурунку юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов Соттук экспертиза боюнча мамлекеттик борбордо көп өлчөмдө баңгизаттары сакталбай турганын айтат:

- Ал экспертиза жүргүзө турган жер. Кылмышкерди кармаганда жанынан баңгизат табылса, аны экспертиза кылганга алып келет. Ал жерде баңгизаттар тонналап сакталбайт. Экспертизага болгону бир-эки грамм алып келет. Калганы Маңзаттарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматында сакталат.

Ички иштер министрлиги Юстиция министрлигинин кызматкери экспертизага алып келинген баңгизаттарынан өөнөп жүргөн болуш керек дейт. Ал тууралуу Бакыт Сеитов буларды билдирди:

- Ошол өткөрүп берген баңгизаттарынан алып, анын ордуна башка баңгизаттарды, же окшош күкүмдөрдү кошуп, салмагын толуктап, ал калганын сатып жүргөн деп жатабыз. Анткени алардын баары химия, биология боюнча адистер да.

Бакыт Сеитовдун маалыматы боюнча, 1 килограмм героин Бишкекте 8-10 миң доллар турат. Тинтүү учурунда маалымдалгандай 3 килограмм героин табылган.

"Аз гана бөлүгү кармалат"

Тартип коргоо органдарынын жана мамлекеттик кызматкерлердин баңги соодасына аралашканы Кыргызстанда сейрек эмес. Өзгөчө тартип коргоо органдарынын баңги бизнесине аралашканы алардын тынымсыз кармалып жатышынан да айкындалат.

Баңгизаттарын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматтын башчысы Алимбай Султановдун маалыматы боюнча, Кыргызстанда баңги соодасына аралашкандардын саны арбып баратат. Бүгүнкү күндө алардын саны 4.4 миңдин тегерегинде жана туруктуу иштеген 30 топ бар.

Баңгизаттын басымдуу бөлүгү Ооганстандан келет
Баңгизаттын басымдуу бөлүгү Ооганстандан келет

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2015-жылдын өткөн мезгилинин ичинде 44 килограмм героин, 2 килограмм апийим, 36 килограмм гашиш, 316 килограмм марихуана жана 18 килограмм кара куурай алынган. Тартип коргоо органдары ошондой эле баңгизаттарын жасоодо колдонулуучу 13 тонна прекурсор алышкан.

Адистердин эсеби боюнча, Ооганстандан чыгып Тажикстан, Кыргызстан аркылуу Казакстан жана Орусияга кетүүчү баңгизаттарынын аз гана бөлүгү кармалат.

Кезинде Баңгизаттарын көзөмөлдөө кызматын жана Ички иштер министрлигин башкарган генерал Болотбек Ногойбаев баңги соодасы күчөө жолунда дейт:

- Күчөп жатат. Ооганстанда жылдан-жылга апийим айдоо аянттары да, түшүмү да көбөйүп атат. Жер жүзүндөгү апийимдин 92% ушу Ооганстандан чыгып атат. Ал жерден чыккан апийим биз тарапка жөнөтүлүп жатат.

Болотбек Ногойбаевдин пикиринде тир автоунааларын текшерилбеши, аларды текшерүүчү тийиштүү жабдуулардын жоктугу өзүнүн терс ролун ойноп жатат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG