Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

Медицина илимдеринин доктору, профессор, нарколог Жеңишбек Назаралиев Кыргызстанда кара куурайды мыйзамдаштыруу демилгесин эмне себептен көтөргөнүн "Азаттыкка" айтып берди.

Нарколог Жеңишбек Назаралиев Кыргызстанда эксперименталдык аймакта кара куурайды мыйзамдаштыруу менен экономикалык жактан пайдалуу өндүрүштү жандантууга болот деген пикирде.

"Азаттык": Интернетте, айрыкча социалдык тармактарда сиздин кара куурай өстүрүп, сатууну мыйзамдаштыруу жөнүндөгү сунушуңуз кызуу талкууланып жатат. Бул демилгени көтөрүп чыгууңуздун себеби эмнеде?

Назаралиев: Биринчиден, кара куурайды легалдаштырууну бир эле Ысык-Көл облусунда ишке ашырууну айткам. Мен бул демилгени, кара куурайды легалдаштыруу эмес, маңзаттын адамдарга терс таасирин азайтуу аракети деп айтаар элем. Кыргызстанда, тагыраак айтканда Ысык-Көл облусунда ар бир 3 -үй-бүлө муну сатуу менен шугулданары эч кимге сыр эмес. Кара куурайдын даамын учурда ар бир жетинчи бала даам татып көргөнү да маалым. Мамлекеттин көз жаздымында жүрүп жаткан бул мыйзамсыз бизнести көлөкөдөн чыгаруу зарыл. Ошондо баары ашкере болот. Саткандар да, сатып алгандар да.

Албетте, адегенде демилге чыгат. Андан ары иликтенет, эсептелинет, кийин бул боюнча мыйзам даярдалат, каралат. Ошондо кара куурайды айдоого кимдерге уруксат берилет, көлөмү канча болушу керек, бир адам канча түп өстүрөт? Мунун баары эске алынышы керек. Атайын сатылуучу жайлар же дүкөндөр да такталат. Болбосо Батыштагыдай атайын кофешоптор иштей баштайбы? Баары аныкталышы зарыл.

Түркия, Диярбакыр

Түркия, Диярбакыр

Ошондой эле мен кара куурайдын медициналык жагын да изилдей баштадым. Көрсө, муну тээ эки жарым миң жыл мурда эле Кытай императорунун фитотерапевттери илдетке каршы колдончу экен. Биздин деле ата-бабалар кара куурай менен апийимди тиш, ич, көз, өпкө ооруларына каршы пайдаланганы айтылып жүрөт.

Дүйнө жүзүндө кара куурай медицинадан башка парфюмерия, кагаз өндүрүшүндө да кеңири колдонулат. Мисалы, Италия менен Испанияда марихуанадан жасалган кагаз эң мыкты, сапаттуу деп бааланат. Ушундан улам мен да “эмне үчүн биз Чүйдө же Бишкекте мындай өндүрүштү баштабайбыз?” деп ойлонуп калдым. Экономикага кыйла эле салым кошмок.

"Азаттык": Бирок сиздин бул демилгеңизге миңдеген адамдар каршы болуп жатпайбы?

Назаралиев: Мага каршы чыгып жаткандардын себебин да жакшы түшүнөм. Бул негизинен советтик менталитет, маңзаттын баары бирдей деген стереотип. Болбосо биз 1972-жылга чейин расмий түрдө апийим өндүрүп келбедик беле? Андан кийин ошол кездеги бийлик “Советтик мамлекетте баңгилер жок!” деген идеология астында аны өстүрүүнү биротоло токтотушкан.

Ооган талаасындагы апийим

Ооган талаасындагы апийим

Мен Австралиянын Тасмания аралында болгом. Ал жакта жергиликтүү эл дүйнөгө белгилүү Johnson & Johnson компаниясы үчүн чийки апийим тапшырат. Ал эми тасмания кара куурайы парфюмерия өндүрүшүндө кеңири колдонулат. Индияда да болдум. Ал жакта дыйкандар мамлекетке жылына 770 миң тонна кара куурай өткөрөт экен. Индия бүгүнкү күндө ооруну басаңдатуучу дары-дармек өңдүрүүдө биринчи орунда турат.

Менин эсептөөмдө, эгер Кыргызстан кара куурай өндүрө баштаса, казынага 12-20 миллиард доллар киреше түшмөк.

"Азаттык": Ошондой болсо да маңзат өстүрүү Кыргызстан үчүн эртелик кылбайбы?

Назаралиев: Жок эрте эмес. Мисалы менин сунушум социалдык тармактарда чыга баштаганда каршылар көпчүлүктү түзүп жаткан болсо, акыркы күндөрү алардын 70 пайызы кайра пикирлерин өзгөртүп, макул дегендердин катарына кошулууда. Бул жылыш аябай кыска мөөнөттө болуп жатат. Болгону менин түшүндүрүп бергеним жетиштүү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG