Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:19

ИИМдин маңзат жүгүртүүгө каршы башкы башкармалыгынын түндүк аймактары боюнча жетекчиси Эстебек Жумабеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Былтыр, быйыл маңзатка каршы кандай иштер аткарылды, канча кылмыш иш козголду?

Эстебек Жумабеков: Быйыл жыл башынан бери 2 тонна 831 килограмм маңзат алынды. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда 2 тонна 376 килограммга көптүк кылат. Быйыл 667 кылмыштын бети ачылды. Бул башка органдар менен салыштырганда жалпы иштин 88,3 пайызын түзөт. Анын ичинен 90 килограммга жакын героин, апийим, 7,5 килограммга жакын алынды. Гашиш 165, марихуана 693 килограмм болду. Былтыркыга караганда бул аябай көп. ИИМдин жетекчилиги маңзатка каршы күрөштү катуу көзөмөлгө алууда. Мунун негизинде бизде ушундай алгылыктуу иштер жүрүп жатат.

“Азаттык”: ИИМде маңзат менен күрөшкөн атайын башкармалык бар. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет да буга каршы алектенет. Атайын агенттик иштейт. Эл аралык уюмдар, айрым чет өлкөнүн өкмөттөрү да күрөшүүгө жардам берет. Бирок эмнеге маңзат ташуу тыйылбай жатат?

Эстебек Жумабеков: Кээ бир эргулдар маңзатты оңой акча табуунун жолу деп ойлошот. Керектүү нерсе болсо кайсы жерден болсо да табылат экен. Оңой акча табууну ойлогон эргулдар ошондой жолдорго барып атышат.

Биз күрөшүп атабыз. Муну таптакыр тыюу чынын айтканда мүмкүн эмес экен. Биздин коңшу мамлекеттер Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан да транзиттик мамлекет болгондуктан муну тыюу оңойго турбайт экен.

“Азаттык”: Тыйып, азайтканга эмне жетпей жатат, каражатпы, же күчпү?
Кыргызстанда маңзат менен шугулданган 30га жакын топ бар. Бул топтор улутуна карап дагы 8ге бөлүнүп кетет. Кыргызстанда негизги улуттардын баарынан эле бирден бар...


Эстебек Жумабеков: Каражат деп деле айтсак болот. Мисалы маңзат менен алектенген эргулдар бардык жагынан жетиштүү. Каражаты бар, ошондой эле техникасы күчтүү. Мисалы спутникалык мобилдүү телефон көтөрүп жүрүшөт. Колдон келишинче күрөшүп жатабыз. Былтыр мурдагы жылга караганда быйыл мисалы көп маңзатты колго түшүрүп жатабыз. Муну менен алектенген топторду кармап жатабыз.

“Азаттык”: Маңзат соодасына айрым тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү да аралашат деп айтылат. Мисалы өткөн жылдары тартип коргоо органдарында иштеп кеткен милициянын чиндүү кызматкерлери колго түшкөнү кабарланган. Милиция жүктү өздөрү коштоп жүрөт деген сөздөрдүн канчалык жүйөөсү бар?

Эстебек Жумабеков: Коштоп жүрөт деген туура эмес. Бирок арабызда деле андайлар бар. Андай эргулдарды биз өзүбүз кармап камап, катуу чараларды көрүп атабыз.

“Азаттык”: Тартип коргоо органдарынан канча адам жазага тартылды?

Эстебек Жумабеков: Мисалы быйыл Жаза аткаруу кызматынын бир кызматкери кармалды. Түрмөдө инспектор болуп иштейт экен. Ошондой эле өзүбүздүн кызматкерлерибиз да кармалып атат. Мисалы Талас облусунан кармалды. Ал жигит Бишкекте командировкада жүрүп ушул иштерге барган экен.

“Азаттык”: Баңгибарондор, маңзат менен шугулданган топтор тууралуу айтып бересизби? Баңгибарондор деген кимдер, Кыргызстанда канча топ бар?

Эстебек Жумабеков: Кыргызстанда маңзат менен шугулданган 30га жакын топ бар. Бул топтор улутуна карап дагы 8ге бөлүнүп кетет. Кыргызстанда негизги улуттардын баарынан эле бирден бар. Булар менен саат эмес, мүнөт сайын кармашып күрөшүп атабыз. Оперативдүү иштер күн сайын жүрөт.

“Азаттык”: Баңгибарондор деген кимдер? Ошол топту түзгөн адамбы, анын карамагында канча адам болушу мүмкүн?

Эстебек Жумабеков: Мисалы 30га жакын топтун ар биринде 8-10 киши болушу мүмкүн. Ошондо эле 300дүн тегерегине барып атат. Ооганстанды албай эле коёлу, мисалы Тажикстандан келе турган болсо, ал жерде бир өкүлү, анан Кыргызстанда, Казакстанда, ошентип отуруп Орусия, алтурмак Европага чейин өкүлдөрү болушу мүмкүн.

“Азаттык”: Айрым эксперттер Кыргызстанда маңзат ташылчу онго жакын жол бар деп билдиришет. Сиздердеги оперативдик маалымат боюнча канча жол менен ташылат?
Кара куурай көп жылдан бери Таласта айдалып себилип келген. Индиядан келген кара куурай бар, ал өстүрүлөт. Азыр Таластан көчүп Чүйгө келди деген маалымат бар...


Эстебек Жумабеков: Унаа жолдор аркылуу Орусияга чейин барып атат. Темир жол боюнча да маалыматтар бар. Аба жолдору аркылуу алып кетип атат. Бирок көбү кармалат.

“Азаттык”: Маңзатты көзөмөлдөө агенттиги Алай аркылуу ташылчу жол дээрлик тыйылды, бирок Баткен проблема болуп жатат деп билдирди эле. Сиздердеги маалымат кандай?

Эстебек Жумабеков: Баткендин бир айылында мисалы көчөнүн бир тарабы тажиктердики, бир тарабы кыргыздардыкы. Мындай учурда чек араны кайтарып, карап туруш деген оор нерсе. Жерибиз тоолуу болгондон кийин кокту-колот деген бар. Ошондой жолдор аркылуу ат болобу, жөө болобу маңзатты алып өтүп кетсе болот экен. Күрөшүү чындап эле кыйынга турат. Бирок биз ага карабай иштерди алып барып жатабыз.

Кечээ жакында эле биз Питер шаарында болуп келдик. Ал жактан КМШнын жана Ооганстандын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Ооганстан менен Пакистандын ортосунда географиялык абал так эле биздикиндей экенин айтып отурушту. Кээде өзүбүздүн чек арабызды да билбей калабыз, тоода мал жайып, бири-бирибиз менен эле аралашып жүрөбүз дейт.

“Азаттык”: Айрым талдоочулар маңзат соодасын саясат менен байланыштырып айтып жүрүшөт. Айрым саясатчылар маңзат менен маарып, андан түшкөн каражатты саясатка келүүгө, ага таасир этүүгө колдонот деген сөздөр негиздүүбү?

Эстебек Жумабеков: Кыргызстанда 5 миллион эл жашайбыз. Тамашалап айтканда, баарыбыз бири-бирибизди жүзүбүздөн тааныйбыз дегендей, андай нерсе жок. Өйдө жакта отурган, мамлекеттик деңгээлдеги адамдар аралашкан фактылар жок, болгон эмес.

“Азаттык”: Мурунку бийликтин тушунда президенттин бир тууганы Жаныш Бакиев маңзат ташылган жолду көзөмөлдөгөн деп ИИМдин азыркы таасирлүү эле жетекчилери айтып келет. Азыр ушундай таасирден арыла алды деп айта аласызбы?

Эстебек Жумабеков: Азыр андай көзөмөлдөө деген жок. Мисалы бир бийлик бутагынын башында отурган киши аралашып, же тигини чыгарып койчу, муну карап койчу деген болгон жок. Андай азыр жок деп кесе айтса болот.

“Азаттык”: Сиздер мисалы жылына эле кара куурайга каршы операцияларды жүргүзөсүздөр. Ушундай иш-аракеттерден натыйжа чыгабы?

Эстебек Жумабеков: Ооба, бул операциялар жылына башка органдар менен биргеликте өтүп турат. Бул иш-чаралардын жемиши көп. Ар бир сезон сайын болот.

“Азаттык”: Кара куурай азыр кайсы региондо басымдуулук калат? Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Таласты көп айтышат.

Эстебек Жумабеков: Кара куурай көп жылдан бери Таласта айдалып себилип келген. Индиядан келген кара куурай бар, ал өстүрүлөт. Азыркы убакта Таласты катуу көзөмөлгө алганбыз. Былтыркы жылы кара куурайды сээп өстүрүү боюнча түндүк регионунда сегиз факт катталды. Бул 3,5 тонна маңзаты дегенди билдирет. Азыр Таластан көчүп Чүйгө келди деген маалымат бар. Чүйдөн да былтыр көп кармалган. Азыр эми Нарынга кетти дейт. Бирок бардык жерден катуу чараларды көрүп атабыз.

Бизде жапайы өскөн кара куурайлар да көп. Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абаддын Токтогул районунда көп жерде өсөт. Сезону келгенде жергиликтүү бийлик менен чаап, оруп, жок кылуу иштерин баштайбыз.

“Азаттык”: Башка өлкөлөр менен биргелешип алып барган иш-чаралар натыйжасын берип жатабы?

Эстебек Жумабеков: Жакында эле “Чыгыш-Канал” деп аталган эл аралык операция болду. Аябай жемиштүү болду, мисалы төрт күндүн ичинде 34 кылмыштын бетин ачтык.

“Азаттык”: Сиз маектин башында 30дай топ, анын курамында 300дөй адам бар деп айттыңыз. Ошол топтордун таасирлүү мүчөлөрү кармалабы? Анткени милиция такай эле майда-бараттарын кармап, чоңдоруна тийбейт деп доомат кылышат.
Кыргызстан маңзатты өзү керектеген өлкөгө айланды дегенге кошулбайм. Мисалы статистиканы алып карасак, бизде жалпысынан 10 миңдин тегерегинде бангилер бар...


Эстебек Жумабеков: Топтордун башында тургандар кармалган фактылар да бар. Мисалы “Кыргыз руху” гезитинин кожоюну кармалып, азыр соттолуп атат. Көрсөтмө алып, башка мамлекеттер, мисалы Казакстандагы күнөөлөрү далилденип, азыркы убакта соту жүрүп атат.

“Азаттык”: Депутаттын бир тууганы да маңзат менен кармалды деп маалымат тараттыңыздар эле. Ал иш эмне болду?

Эстебек Жумабеков: Аны Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кармап, тергеп сотко жөнөткөн. Андай факт да бар.

“Азаттык”: Кыргызстан мурун маңзат ташылып гана өткөн өлкө болсо, азыр өзү көбүрөөк керектей баштады дешет. Буга негиз барбы?

Эстебек Жумабеков: Өзү керектеген өлкөгө айланды дегенге кошулбайм. Мисалы статистиканы алып карасак, бизде жалпысынан 10 миңдин тегерегинде маңзат колдонгон адам бар. Алардын 250-300 чактысы ийне аркылуу колдонгон бангилер. Андай деле көбөйгөн жок.

Мунун баары түшүндүрүү иштерине байланыштуу. Мектептен тартып ата-эне, коомчулук да колго алса жаман жолго баргандар азаят эле.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG