Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

«КАНТТАГЫ ЦЕМЕНТ-ШИФЕР КОМБИНАТЫ МАМЛЕКЕТТИН КАРАМАГЫНА ӨТСҮН»


Аманбек Жапаров,Бишкек Бүгүн Жогорку Кеңеш экс-президент Аскар Акаевдин үйбүлөсүнө таандык делген жана камакка алынган ишканаларды, Канттагы цемент-шифер комбинатын мамлекеттин карамагына өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды. Депутат Иса Өмүркуловдун айтымында, аталган комбинат күрөөгө коюлуп, кредитти кандайдыр бир “Каспий Инфраструктура” компаниясы алышы күтүлүүдө. Отурумда депутаттар коррупция менен күрөшүүдө бийлик тарабынан чечкиндүү чаралар көрүлбөй аткандыгын айтып өкмөттү сынга алышты.

Парламент депутаты Азимбек Бекназаров Канттагы цемент-шифер комбинатынын азыркы ээлери инвестициялык-келишимдеги милдеттенмелерди аткарбагандыгына байланыштуу өкмөт алар менен келишимди бузууну сунуштады.

"Инвестициялык келишимдеги милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн контрактты автоматтык түрдө бузуш керек. Эгерде контрактты туура эмес бузду дешсе алар сотко берсин. Бүгүнкү күндө биздин өкмөттүн позициясы Казакстандыктардын кызыкчылыгын колдоп атышат. Алдамчыларды колдоп атышат",- деди Азимбек Бекназаров.

Эскерте кетүүчү жагдай, жылына 1 млн 100 миң тонна цемент даярдоочу Канттагы цемент комбинтынын 67 пайыз акциясы экс-президенттин күйөө баласы Адил Тойгонбаевге тиешелүү “Симентс Ди Лакс С.А” компаниясына таандык болуп келген. 2002-жылы декабрда Тойгонбаев ал акцияларын Казакстандын «Азия-Цемент» фирмасына сатып жиберген. Учурда аталган ишкана Казакстандын атуулдарына таандык.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, Канттагы цемент-шифер заводунун 13 пайыздык мамлекеттик акциясы мыйзамсыз сатылгандыгына байланыштуу өткөн жылы Башкы прокуратура тарабынан биринчи козголгон кылмыш иши аягына чыгып, сотко берилген. Ал эми Адил Тойгонбаевге тиешелүү “Симентс Ди Лакс С.А” компаниясынын 67,64 пайыз мамлекеттик акциясын мамлекетке кайтаруу багытында прокуратура кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп, бирок ал иш белгисиз себептер менен аягына чыккан эмес.

Экс-президенттин күйөө баласы Тойгонбаевге тиешелүү компанияга Кант цемент комбинатын 2001-жылы мамлекеттик мүлк кору тарабынан мыйзамсыз сатылганы тууралуу Башкы прокуратура тарабынан иликтөөдө аныкталган.

Ал эми Мамлекеттик мүлк боюнча комитеттин башчысы Турсун Турдумамбетовдун Кант цемент-шифер комбинатына ээлик кылышкан Казакстандын атуулдары менен түзүлгөн келишимди окубагандыгына депутат Болот Шерниязов нааразы болду.

Депутат Иса Өмүркуловдун айтымында, Кант цемент-шифер комбинаты учурда күрөөгө коюлуп, анын эсебинен 32 млн. доллар кредитти кандайдыр бир «Каспий инфраструктура» деген компания алышы мүмкүн. «Мындай классикалык ыкма менен комбинат күрөөгө коюлуп, Кант цемент комбинаты кредитти төлөй албай калганда «Каспий инфраструктурага» өтүп кетет», дейт депутат Муратбек Мукашев.

Бир катар депутаттар жогорку бийлик эшалонундагы коррупциянын «гүлдөп» өсүп баратканын айтып өкмөттү сынга алышып, Канттагы цемент-шифер комбинатын мамлекетке кайтарууну сунушташты. Депутат Азимбек Бекназаров үч күндөн бери цемент маселеси талкууланып атса, анын баасы дагы көтөрүлгөндүгүн баса белгиледи.

"Биз эки-үч күндөн бери Канттагы цемен-шифер комбинатын талкуулап аткан убакта цементтин баасы 3700 сомдон 4300 сом болду. 500 сомго кымбаттады".

Парламенттеги кызуу талкуудан кийин Канттагы цемент-шифер заводун мамлекеттин карамагына өткөрүү тууралуу токтом кабыл алынды.
Өкмөт башчы Феликс Кулов парламенттин бул токтомуна байланыштуу Кант цемент-шифер заводун мамлекеттин кармагына кайтарып алуу жөнүндө өкмөт чечим чыгарбастыгын билдирди.

"Жогорку Кеңеш Кант цемент-шифер заводун мамлекеттин карамагына кайтарып алуу тууралуу токтом кабыл алды. Биз бул маселени терең иликтеп чыгабыз.Бардыгы мыйзамдын чегинде чечилет. Бирок мен алдын ала айтып коеюун, комбинатты мамлекеттин карамагына кайтаруу жөнүндө биз чечим чыгарбайбыз".

XS
SM
MD
LG