Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:59

БАШКЫ ПРОКУРОР САЛЫК ЖАШЫРУУГА КАРШЫ КҮРӨШТҮ БАШТАЙТ


Жогорку Кеңештин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комиссиясы чуулгандуу кылмыш иштер боюнча башкы прокуратураны сынга алып, кемчиликтерди жоюуга эки ай убакыт берди. Башкы прокурор Камбаралы Конгантиев буга байланыштуу маалымат жыйынын өткөрүп, өз жообун берүүгө аракет жасады.

Өткөн жылкы март ыңкылабынан кийин башкы прокурорлук кызматка дайындалган Азимбек Бекназаров экс- президент Аскар Акаев жана анын жакындарына, ошондой эле жогорку бийлик башындагыларга байланыштуу жүздөн ашуун кылмыш ишин козгогон. Ошол чуулгандуу иштердин көпчүлүгү жабылып кеткенин Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин коррупцияга каршы күрөш боюнча депутаттык комиссиясынын башчысы катары өткөн жумада жарыялады.

Ага жооп кылган азыркы башкы прокурор Камбаралы Конгантиев көпчүлүк иштер жабылбай эле, тергөө иштери улантылып жатканын билдирди. Тергөө иштерин жүргүзүүдөгү кыйынчылыктар тууралуу К. Конгантиев буларды белгиледи:

- Бул иштерди тергөөдө бир топ кыйынчылыктарга туш болдук. Ал жогорку бийлик башчыларына коррупциялык иштер боюнча айып коюуда тажрыйбанын жоктугу, көпчүлүк айыпталуучулардын Кыргызстандан чыгып кетиши жана айрым иштердин терең иликтенбей туруп козголушу болду .

Башкы прокурордун айтымына караганда, мурунку премьер-министр Николай Танаев, энергетика тармагынын жетекчилеринин бири Айдар Калиев прокуратура менен кызматташууга даярдыгын билдирүүдө. Ал эми Аскар Акаев, Айдар Акаевдер андай каалоону көрсөтө элек.

Жалпысынан экс-президент Акаев жана анын жакындарына байланыштуу 105 кылмыш иши козголуп, алып келген зыян 564 миллион сом жана 32 миллион 400 миң доллар деп бааланган. Коррупциялык кылмыштардын чиелеништирилип жасалганына байланыштуу 27 кылмыш иш башка иштерге бириктирилген. 24 кылмыш иши токтотулган. Буга айыпталган атуулдардын Кыргызстанда жоктугу, башка өлкөнүн атуулдугун алып кетиши себеп болгон. Маселен, Юрий Лысогоров, Владимир Носов Россия, Адил Тойгонбаев Казакстан атуулдугун алып кеткен. Бул өлкөлөр аларды өткөрүп берүүдөн баш тартып жатат. Ошондуктан алардын кылмыш иштери тергелип бүткөндөн кийин, ошол өлкөлөргө өткөрүлүп берилмекчи. Жоопкерчиликке да ошол өлкөлөр тартыш керек.

Чуулгандуу иштерди тергөөдө жакшы майнап чыкпай жатканын ушундайча түшүндүргөн башкы прокурор корупцияга чабуулду башка тараптан баштаарын жарыялады. К. Конгантиевдин айтымына караганда, салык жаатында жасалып жаткан кылмыштардын бетин ачуу үчүн ири масштабдагы иш чараларга даярдык көрүлүп жатат. Башкы прокуратура 2002-2005-жылдары бюджеттин аткарылышын текшерип, 3 миллиард 700 миллион сом кошумча нарк салыгы төлөнбөй калганын аныктаган. Ошондой эле салык жана статистикалык органдарда катталган фирмалардын саны боюнча чоң айырмачылык бар экени ачылган. Маселен, статистикалык органдарда катталган фирмалардын саны салык органдарында катталганга караганда 4916га көп болуп чыккан. Мунун баары салык төлөөдөн качуу үчүн бир күндүк фирмаларды түзүүнүн акыбети, деп белгиледи Камбаралы Конгантиев.
Башкы прокуратураны сындоодон кайра тартпаган депутат Азимбек Бекназаров, эгерде чуулгандуу иштерди тергөөдө натыйжа болбосо, күзүндө эл өзү чечим кабыл алат деген пикирде:

- Күзүндө чечилет. Революционерлер өздөрү чекит коет. Революциянын экинчи этабында ишке ашканда чекит коюлат. Булар кое албаса.

Сүрөттө: Кыргызстандын баш прокурору Камбаралы Конгантиев
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG