Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:57

Дубайда кыргызстандыктар карактоого шектелүүдө


Дубайда кармалган кыргыз жарандары.
Дубайда кармалган кыргыз жарандары.

Дубайда куралдуу карактоого байланыштуу алты кыргызстандык жаран кармалды. Полициянын маалыматына ылайык, алар Дубайдан кетүүгө камынып жаткан кезде колго түшкөн.

Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, тергөө иштерине байланыштуу Бириккен Араб Эмирлигинин полициясы кыргыз тарапка азырынча расмий кайрыла элек.

Жергиликтүү полициясынын маалыматына ылайык, куралдуу карактоолорду уюштуруп жүргөн деген шек менен кыргызстандык алты жаран атайын операциянын негизинде Дубайдан кетүүгө камынып жаткан кезде колго түштү. Алар 13-декабрда акча алмаштыруу жайга беткапчан кирип, көздөн жаш агыза турган газды колдонуп 190 миң долларды тоноп кеткен деп айыпталып жатат. Учурда бул окуяны Дубайдын прокуратурасы тергеп, алардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.

Айрым бир маалыматтарга караганда, колго түшкөндөр Кыргызстандагы кримтөбөл Алмаз Бокушевдин уюшма кылмыш тобунун мүчөлөрү болгон. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Нурлан Сүйөркуловдун билдиришинче, Дубайдын полициясы азырынча кандайдыр бир маалымат сурап, кыргыз тарапка кайрыла элек:

- Мен биздин консул менен байланыштым. Азыр тергөө жүрүп жатыптыр. Дубайдын полициясы тергөөнүн кызыкчылыгынан улам кандайдыр бир маалымат берүүдөн баш тартып жатыптыр. Дубайда жума, ишемби эс алуу күндөрү. Биз бул маалыматты дагы тактап турабыз.

Бириккен араб эмирлиги кыргызстандык кримтөбөлдөр жана уюшма кылмыш топтун мүчөлөрү кенен-кесир байырлаган өлкө болуп саналат.

Кримтөбөл атыккан, Минскиде киши колдуу болду делгенАлмамбет Анапияев
Кримтөбөл атыккан, Минскиде киши колдуу болду делгенАлмамбет Анапияев

Анда уюшма кылмыш топтун анабашы атыккан Камчы Көлбаев менен Алмамбет Анапияев убагында жашап турганы, Дубай полициясы бир ирет аларды камакка да алганы белгилүү. Ички иштер министрлигинин Уюшма кылмыш топко каршы күрөш башкы башкармалыгынын жетекчиси Мирлан Каниметовдун “Азаттыкка” билдиришинче, адатта Дубай полициясы колго түшкөн кыргызстандыктар тууралуу маалымат бербейт. Анткени кылмышкерлер тууралуу маалымат бөлүшүү, алмашуу тууралуу эки тараптуу атайын келишим жок. Ошондуктан Кыргызстанда кылмышка шектелген айрым жарандар ушундай өлкөлөрдө изин жазгырууга аракет кылышат:

- Биздин өлкөлөр ортосунда атайын келишим жок. Ошондуктан эгер кайсы бир кыргыз жараны кармалса бизге айтышпайт. Уюшма кылмыштуулукка тиешеси барлар эле эмес, дагы башка кылмыштарга шектелгендер деле биздин өлкө менен экстрадициялоо, кылмышкерлерди алышып-беришүү тууралуу келишим, макулдашуу жок өлкөлөргө кеткенге аракет кылышат. Бириккен Араб Эмирлиги менен ушул маселе чечилген эмес.

Милициянын маалыматы боюнча, Кыргызстанда негизинен Камчы Көлбаев, Алмамбет Анапияев, Алмаз Бокушев жана Максат Абакировдун кылмыштуу топтору бар жана беш жүздөй адам бул топтордун мүчөсү катары каттоодо турат. Быйыл Беларуста киши колдуу болуп набыт болгон Алмамбет Анапияевди кошпогондо, калган кылмыш топтун лидерлеринин баары боштондукта жүрөт. Мындан улам коомчулукта кыргыз бийлигинин “караларга” каршы күрөшү сынга алынып келет.

Жогорку Кеңештеги Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөш комитетинин мүчөсү, “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев негизинен уюшма кылмыштуулуктун алдын алуу иштерине көңүл бурулушу керектигин айтууда. Ал кылмыштуулукка каршы күрөш боюча концепцияга өзүнүн сунуштарын берген:

Мирлан Жээнчороев
Мирлан Жээнчороев

- Азыр бизде криминалдык образды идеалдаштыруу аракети, криминалдык романтика бар экени жашыруун эмес. Биз буга каршы чара көрүп, мындай адамдар коомго жат экенин ММК, коомчулук аркылуу айрыкча өсүп келаткан муунга жеткиришибиз керек. Уюшма кылмыш топтор эктремизм, терроризм, коррупция сыяктуу эле коомго коркунуч алып келе турган коркунучтар. Мына, 2010-жылдан бери уюшма кылмыштуулукка каршы мыйзам өтпөй келе жатат. Андан сырткары колго түшкөн уюшма кылмыш топтор соттон акталып же мөөнөтүнөн мурда бошоп кетип жатат.

Быйыл уюшма кылмыш топтун мүчөсү деген шек менен 200дөн ашык адам кармалып, анын жүзгө жакынын иши тергелип бүтүп сотко жөнөтүлдү. Дагы 16 адамга издөө жарыяланды.

Буга чейин ИИМ уюшма кылмыш топтун мүчөсү же ага катышы бар деп тизмеде турган жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын, аткаминерлердин аттарын жарыялган болчу. Милиция белгилүү кылмыш топтору арасында бири-бирине үстөмдүк кылуу, таасир бөлүшүү максатында тирешүүлөр орун алып жатканын да маалымдаган. Андан сырткары "каралардын" диний-экстремисттик топтор менен байланышы күчөгөнү, бизнеске кысым жасоону улантып жатканы, ошондой эле кайсы бир саясий күчтөргө таасир эте алары да айтылган эле.

"Азаттык" быйылкы парламенттик шайлоого катышкан партиялардын тизмелеринде уюшма кылмыш топтун мүчөсү катары тизмеде жүргөн, ушундай топторго тиешеси бар делген талапкерлер бар экенин иликтеп чыккан.

XS
SM
MD
LG