Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Дубнов: Бакиевдин айланасындагылар акылга сыйбас ишке барган


“Московские новости” гезитинин журналисти, Борбор Азия боюнча таанымал талдоочу Аркадий Дубнов мурдагы президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча кылмыш ишиндеги жаңы жагдайларга байланыштуу "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Сиз Медет Садыркуловду 2009-жылдын 12-мартында көргөн экенсиз, андан соң, 13-мартта аны күйүп кеткен унаанын ичинен табышкан. Буга чейин 12-марттагы жолугушууну көп эстегенсиз, бирок бул кылмыш ишиндеги жаңы жагдайлар коомчулукка жарыялангандан бери 12-марттагы жолугушууга башка өңүттөн карадыңызбы?

Дубнов: Мен үчүн ал күндү эстөө өтө кыйын. Бирок Кыргызстандын ички иштер министри жарыялаган алдын ала иликтөөлөрдүн жыйынтыгы мен үчүн чоң ачылыш болгон жок.

Медет Садыркуловду өлтүрүүнүн артында Жаныш Бакиевге жакын адамдар турат деп эч шек саначу эмесмин. Президент Бакиев жана эң негизгиси коркунучтуу Жаныш Бакиев Садыркуловду жок кылууга кызыкдар болушкан.
Медет Садыркулов менин досум эле, мен үчүн сиз айткан нерселерди элестетүү өтө кыйын. Бирок таң калбайм, алардын кээ бирлери менен жолуккам, алар ким экенин жакшы билем.

Бирок азыркы жыйынтыктарга карата мен өз пикиримди айта албайм, себеби сотко жете элек турсун, алдын ала иликтөө иштери аягына чыга элек.

Бирок алдын ала жыйынтыктардын президенттик шайлоого карата үгүт иштеринин активдүү башталышына аз калганда коомчулукка жарыяланышы мени ойлондурат.

Күч органдары капыстан эле ушул иштин үстүнөн активдүү иштеп жатабыз деп, аябай көп маалыматты, анын ичинде айрым айыптоолорду жана атүгүл камоолор тууралуу маалыматты жарыялап салышты. Ошондуктан бул шайлоонун алдындагы иш-чара деген кооптонуулар бар. Бул иш-чара азыркы премьер-министр Атамбаевдин кызыкчылыгында.

"Азаттык": Шайлоо демекчи, ошол март айында Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган Адахан Мадумаровго суроолор болушу мүмкүн деген маалымат чыкты, азыр Мадумаров президенттикке талапкер эмеспи?

Дубнов: Бул ишти көзөмөлдөгөн тергөөчүлөрдө Бакиевдин учурунда чоң кызматта турган бардык адамдарга суроосу болушу мүмкүн. Бул Коопсуздук кеңешинин катчысы, ички иштер министри, башкы прокурор жана башкалар. Бул таң калууну жаратпайт. Бирок ошол мезгилдеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Мадумаровго бул ишке катышы бар деген өңүттөн доомат артуу канчалык туура болот билбейм, Мадумаровдун Коопсуздук кеңештин катчысы катары кадамдары менен Садыркуловдун иши боюнча байланышын көрбөй турам.

Суроолор ошол мезгилдеги ичи иштер министри Конгантиевге болушу керек эле.
Медет Садыркуловдун өлүмүнөн 2-3 күн өткөн соң ДНК боюнча экспертизанын жыйынтыгын көрүп, аябай жиним келген.

"Азаттык": Бирок эмнеге Конгантиевдин катышы жок деп дароо айтып чыгышты? Бул таң калычтуу эмеспи?

Дубнов: Таң калычтуу. Негизи ички иштер министринин, анын орун басарынын көп жарыялары таң калычтуу болуп атат, алар өтө эле көп маалымат берип салышты. Иликтөөлөрдүн азыркы абалына карата маалымат ашыкча берилди.

Министр 2-3 ай керек деди да, бирок айыптоолор боюнча ишара кылып, же тескерисинче бирөөнүн тиешеси жок деп жатышы өтө эрте. Ошондуктан бул иштин саясий контексти бар деген ой жаралып жатат. Бирок Зарылбек Рысалиев өз ишин аябай мыкты билген адис катары туура жолдо баратат, эгерде көрсөтмөлөр сотко жеткирилип, алар сотто далилденсе, бул албетте өтө олуттуу ийгилик болот.

"Азаттык": Буга чейин сиз Кыргызстандын күч органдары менен бул иш боюнча кызматташтыңыз беле? Маалымат жыйында Рысалиев сизге суроолор болсо кайрыларын айтты.

Дубнов: Бакиев учурунда Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги менен байланышкан эмесмин. Бирок Медет Садыркуловдун өлүмүнөн 2-3 күн өткөн соң ДНК боюнча экспертизанын жыйынтыгын көрүп, аябай жиним келген. Ошондо "Садыркуловдун иши боюнча маалыматтар тергөөнүн иши уятсыз түрдө бурмаланганын айгинелеп турган" деп жазгам. Бирок ошондо башкы прокурор менин көрсөтмөлөрүм кереги жоктугун айткан.

Азыр эгер мен Кыргызстанда болсом, тергөө иштерине чакырыларымды угуп, суроолорго жооп берүүгө даярмын деп айта алам.

"Азаттык": Бул кылмышка азыр эле 17 адамдын кириптер болушу көп эмеспи?
Күч органдары капыстан эле ушул иштин үстүнөн активдүү иштеп жатабыз деп, аябай көп маалыматты, анын ичинде айрым айыптоолорду жана атүгүл камоолор тууралуу маалыматты жарыялап салышты.

Дубнов: Бул жерде эки кылмыш бар: айдоочу Осмоновдун өлүмүн да унутпайлы. Жок, көп эмес. Өзүңүз элестетсеңиз: бирөө аларды чек арадан токтотуш керек эле, бир нерсени айтып, алаксытып, ал жактан алып кетиш керек эле, аларды өлтүргөн, күйгүзгөн, Осмоновду тапкан, аны кайра өлтүргөн, аны катышты деп бир окуяны ойлоп тапкан, иши кылып баары болуп отуруп ондон көп адам катышышы толук мүмкүн.

"Азаттык": Жеке адамдык суроо берсем, Жаныш Бакиевдин катышы бар деп баары шектенип жүрүшсө да, ал өзү өлтүрүү кезинде карап турган, Садыркуловду муунтуп өлтүрүшкөн деген маалыматтар (азырынча далилдене элек) элдин үрөйүн учурат. Сиз кандай кабыл алдыңыз?

Дубнов: Биринчиден, бул факт далилдениши керек, азырынча далилдер жок. Экинчиден, Жаныш Бакиевдин карап турганы далилденсе, мен таң калбайм. Албетте бул президент Бакиевдин айланасындагы адамдардын канчалык үрөй учурган, акылга сыйбас иштерге баргандыгын көрсөтүп турат.

Медет Садыркулов менин досум эле, мен үчүн сиз айткан нерселерди элестетүү өтө кыйын. Бирок таң калбайм, алардын кээ бирлери менен жолуккам, алар ким экенин жакшы билем.

"Азаттык": Рахмат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG