Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:22

Тянь-Шань тарапта алачыкты “малаган” деп коюшат экен. “Жол четинде карайган малаган турат” дейт.

Кыргыздардын “Гиннес китебин” жарыкка чыгарып жакшы иш кылган жазуучу Ысмайыл Кадыров менден бир жолу “Шаке, кыргызда “малак жалап кеткендей” деген сөз бар эмес беле, ал эмнени билдирет?” деп сураганда мен да билбей, үйгө келип Юдахинден (К. К. Юдахиндин “Орусча-кыргызча сөздүгү”) издеп таппай, анан Жээнбай Мукамбаев агайдын “Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүнөн” таптым.

Ошентип “малак” деген сөз Аксы тарапта кургакчылык мезгилде бак-дарактарга түшчү мите курт болот экен. “Малак жалап жыгачта, барк жок” дейт. Ал эми Сузак тарапта эгиндин, беденин жалбырагын жей турган кызыл түстүү митенин бир түрүн да “малак” деп атайт экен. “Ичиңди малак жалап койдубу?” деген сөз да айтыла калат. Биз “малак жалап кеткендей жок кылыптыр” деген сөздү бала кезибизде Ат-Башы тараптан да көп укканбыз.

Тянь-Шань тарапта алачыкты “малаган” деп коюшат экен. “Жол четинде карайган малаган турат” дейт.

“Маек” деген сөздү бүгүн баары эле аңгемелешүү, сүйлөшүү деп түшүнүп калды. Бирок бул сөздүн башка да мааниси бар. Маек уядагы тооктун тукуму, жумурткасы. Илгери энелерибиз тооктун тукумун жыйнап кеткенден кийин сөзсүз бир жумуртканы уяга калтырып кетер эле. Эгер маек калтырбаса, тоок экинчи жолу ошол өз уясына туубай, коңшулардыкына барып тууп, үй ээсин тукумсуз калтырчу. Ошон үчүн энелерибиз “маегин калтырып кое көргүлө”, “Тооктун маегине тие көрбөгүлө” деп какшап турчу.

“Маргатон” деген сөздү унуттук. “Маргатон” деген күлдү, чырпыкты же чычырканакты таш менен бастырып отуруп жасаган суу тосмо болот экен. Мындай тосмо чоң-чоң арык менен күргүштөп келген сууну туш тарапка бөлүү үчүн же кыян, селден келген суудан сактануу үчүн жасалчу экен. “Илгери Куланакта маргатон кылчу эле” дейт. Ушул эле маргатондун дагы бир мааниси - Тянь-Шань тарапта ноотудан (сукно) согулган байпакты ушинтип айтат экен. Ат-Башы жакта да “Тегирменге сууну маргатондоп тосуп салганбыз” дейт.

“Мазаке” деген сөз бар. Мисалы, Ат-Башы тарапта “шылдың” деген сөздүн синоними катары колдонулат. “Мазаке чекпей жөн айтпайсыңбы?” дейт. Бул “шылдың кылбай жөн айтпайсыңбы?” дегенди түшүндүрөт.

“Мастек” деген сөз бар. Жумгалда какчаңдаган кишини ушинтип атайт. “Тээ кырдан ылдый келаткан кайсыл мастек?” дейт.

Жерге-Талдык кыргыздарда “матаңда” деген сөз бар. Көкүрөктү өргө чаап, дердеңдеп калган кишилерге айтылат. “Эмне эле матаңдап калгансың?” дейт.

“Күлкү” деген сөздүн Чүй тарапта айтылчу маанисин да биз билбейбиз. “Күлкү” деген бир нерсенин эскирип, тамтыгы чыгып калгандагысы экен. Мисал келтирели: “Башына күлкүсү чыгып калган эски тумакты кийчү эмес” дейт.

“Күлпөт” дегенди көбүбүз шаан-шөкөт, жыргап-кууноо деп түшүнөбүз. Чынында эле бир мааниси ушундай. Юдахинде да ушундай “Күйөө-кыз келип той болуп, күлпөткө батты кыз-улан” дейт. Бирок ушул эле сөздүн теңирден тескери да мааниси бар. Мисалы “күлпөт” деген Памирлик кыргыздарда “өлүк, өлүктүн сөөгү” дегенди түшүндүрөт. “Алар күлпөтүн издеп келди” дейт. “Алар өлүгүн, сөөгүн издеп келди” деген сөз. Ушул эле “күлпөт” Баткен тарапта “азап, кыйноо, кыстоо” деген мааниде колдонулат. Мисалы: “Күлүктүн оозун тартып жүр, күлпөт бербей багып жүр” дейт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG