Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:58

Эшик ачып, бешик түрткөн эме экен...


Бишкектеги элекчек көргөзмөсүнөн тартылган сүрөт. 2013-жыл

Бишкектеги элекчек көргөзмөсүнөн тартылган сүрөт. 2013-жыл

“Эшик, каалга, эргилчек” деген сөздөр бар. Маанисине токтоло кетели. Боз үйдүн эшиги кийизден жасалары белгилүү.

“Эшик чий” деп коет. Кыргыздар кийиз эшиктин ички бетин атайын эшик үчүн согулган чий менен каптаган. Муну “эшик чий” деп атаган.

Эшикке байланышкан: “Энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп төрүнө өт” деген макал бар. “Эшик-төрү дурус экен” дейт. Мында сөз эшик жөнүндө эмес, үйдүн ички жасалгасы, кебетеси жакшы экен деген маанини түшүндүрүп турат.

“Эшик түрбөйсүңөрбү?” дейт. Боз үйдүн кийизден жасалган эшигин тоголоктоп барып түрүп койгонду айтат.

“Эшикти тарт. Кишилер келди” дейт. Илгери жаш жигиттер тура калып боз үйдүн эшигин ачып, меймандарды урмат көрсөтүп тосуп алган. “Эликтей болуп түйүлүп, эшик тартты Манаска” дейт. “Жаманга эшик тартканча, жаакка беш тарт!” деген макал да бар. Бул өтмө маанидеги айтылган сөз. Жаманды сыйлаганча, сыйлашпай койгон оң деген мааниде.

“Кымыз ичип отургандар бата кылып эшик тартышты” дейт. Бул сөз “кымыз ичип олтургандар бата кылып туруп кетишти” деген маанини билдирет. “Кана, аксакалдар, эшик тарталы?” десе, “үйгө кирбейлиби” деген мааниде колдонулат. Ошол эле учурда бул сөз “кетпейлиби, тарабайлыбы” дегенди да түшүндүрөт. Мисалы, жаңыдан конокко келип туруп калган меймандарга үй ээси “Кана, урматтуу меймандар, эшик тартыңыздар?” десе сый көрө турган жайга кириңиздер дегенди түшүндүрөт, ал эми, той аяктап, бата кылып, тарай турган кез келгенде “Кана эмесе урматтуу меймандар, ушу менен эшик тарталы” десе, “тарайлы” дегенди түшүндүрөт.

Кыргыз кээде капа болгон, жакшылыкка жамандык кылган адамга “Оо, эшикте калгыр!” деп наалат айткан. Бул сөз адамдын үйдүн эле сыртында эмес, ач бел, куу жондо, элсиз жерде калышын тилеген каргышка тете сөз болгон.

“Ат сыйлаган жөө баспас, эр сыйлаган эшикте калбас” дейт. Кыргыздын ар бир сөзүндө өтмө маани бар, кыргыз айтайын деген негизги оюн ошол айтып жаткан сөзүнүн артына катып айткан. Бул өзү сөздү сүйлөөнүн чоң маданиятына жатат. Ошону түшүнүү керек. “Жайкы коноктун жаманы үйгө жатат” дейт, "төшөктү эшикке салыңыз” деген да түшүнүк бар.

“Киши эшигинде экен” десе, ал үйдүн жалдап алган кишиси, малайы бар экен дегенди түшүндүрөт.

“Кирбеген эшиги, чыкпаган тешиги калган жок” дейт. Көрүнгөн эшикке кирип же андан жыргабай, иштен иш алмаштырып, күлү додо болбой жүргөн кишини айтат.

“Барып эле эшигин жырта бер” дейт. Эптеп эле шылтоолоп кире бер дегени.

“Эшик-төрдү да көрүшө элекпиз” деп коет. Үйгө чакырыша элекпиз дегенди түшүндүрөт.

“Эшик ачып, бешик түрткөн неме экен” дейт. Ажырашып келген келин экен дегенди түшүндүргөнү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG