Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

Кеминдеги улуу зилзаланын 100 жылдыгына байланыштуу бүгүн Бишкекте эки күндүк эл аралык жыйын башталат.

Ага Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнөн келген 70тен ашуун адис катышып, аймактагы жер титирөөгө байланыштуу маселелерди талкуулашмакчы. “Азаттык” иш-чараны утурлап, Кыргызстандын Сейсмология институнун деректири Канатбек Абдрахматовду кепке тартты.

“Азаттык”: Кеминдеги улуу зилзаланын таржымалын учкай айтып бересизби? Кесепети кандай болгон?

Абдрахматов: Кеминде жер титирөө 1911-жылы 3-январда түнкү саат 11.25терде болгон. Жер катуу силкинип, рихтер магнитудасы сегизден, интенсивдүүлүгү 10-11 баллга жеткен. Бул Орто Азиядагы эң эле катуу жер титирөө болуп саналат. Кудай сактап, бул жер титирөөдөн анчалык деле көп киши мерт болгон эмес, 550дөй адам каза тапкан. Бирок көп үйлөр талкаланып, мисалы, ошол Алматыда эле 700дөн ашык үй таптакыр кыйрап калган.

Зилзала катуу болгон үчүн жер үстүндө узундугу 200 чакырымдан ашкан жарака пайда болгон. Кээ бир жерлерде жараканын чети 8 метрге чейин көтөрүлгөн. Өзүңөр элестетип көргүлө, Чүйдөгү Жел-Арык деген жерден баштап, көлдөгү Ой-Тал деген жерге чейин 200 километрден ашык 6 секундда жерге жарака кеткен.

Айрым жерлерде кичинекей вулкандар пайда болгон. Чоң-Кемин деген суу бир нече саат бою таптакыр эле токтоп калыптыр, бир жараканын ичинде жоголуп кетиптир.

Айрым жерлерде чоң жер көчкү болуптур, Новороссийка деген шаарчанын жанында “Бөлөкбай көчкүсү” деген көчкү болуптур, ал кичинекей айылды эли, мал менен басып калган деген имиштер бар, бирок илимий изилдөө менен бул факт аныкталган жок.

“Азаттык”: Кыргызстанда ушундай ири жер титирөө дагы кайталанышы мүмкүнбү?

Абдрахматов: Табыгый мыйзамдар мындай: жүз жыл, миң жыл, он миң жыл болгон нерселер келечекте дагы болушу мүмкүн.
Зилзала катуу болгон үчүн жер үстүндө узундугу 200 чакырымдан ашкан жарака пайда болгон.

“Азаттык”: Бүгүнкү жыйынга Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнөн адистер катышат экен. Бул чөлкөмдө жер титирөө коркунучу канчалык?

Абдрахматов: Бул жыйындагы эң башкы максат - Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандагы чоң шаарларда сейсмологиялык тобокелчилик канчалык деңгээлде, чоңбу же төмөнбү деген нерселерди талкуулап, бул тармакта иштеп жаткан адистер бири-бирине кантип жардам бериши мүмкүн деп талкуу курабыз.

“Азаттык”: Бишкекте сейсмологиялык тобокел кандай?

Абдрахматов: Изилдөө боюнча келаткан 50 жылдын аралыгында күчү 9 баллга жеткен жер титирөөнүн болушу эң эле төмөн десек болот. Эгерде жүй пайыз деп алсак, бул 1 пайыздан да төмөнүрөөк экен. Бирок жер титирөө болушу мүмкүн. Бир пайыз болсо деле мүмкүнчүлүгү бар.

“Азаттык”: Рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG