Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Түштүк Азиядагы зилзала кесепеттери


Пешавардын тургундары зилзала учурунда.
Пешавардын тургундары зилзала учурунда.

Дүйшөмбү күнкү зилзала Ооганстан менен Пакистанда 300дөн ашуун адамдын өмүрүн алды. Курмандыктар саны алдыда дагы өсүшү мүмкүн. Бул жолку жер силкинүүсүнүн күчү Түштүк менен катар Борбор Азияда да бир топ сезилди.

АКШнын Геология кызматы күчүн Рихтер таякчасы менен жети жарым балл деп санаган зилзаланын очогу Ооганстандын аймагында катталганы менен көбүрөөк зыянга коңшу Пакистан учурады.

Бишкек убактысы боюнча шейшемби, түнкү саат бирге карата түшкөн маалыматтарга караганда, Пакистанда зилзаладан өлгөндөр саны кеминде 237ге жеткени такталган. Соңку маалымат боюнча, жарадар болгондор саны 1500дүн тегерегинде.

Өлкөнүн Хайбер-Пахтунхва провинциясынын маалымат министри Мустак Гани “Азаттыктын” Пакистан кызматынын кабарчылары телефондон байланышканда буларды айтты:

- Премьер-министрдин тапшырмасы менен провинция өкмөтү аймакта өзгөчө абал жарыялады. Эс алууда жүргөн дарыгерлердин баары чакыртылып, алар азыр күндүр-түндүр иштеп, күзөттө турушат. Биздин провинцияда жетүүгө кыйын айыл аймактары бир топ. Бул жолку жер силкинүүсү абдан күчтүү болгондуктан көбүрөөк зыянга айыл жерлери учурадыбы деп жатабыз. Калк арасындагы жоготуу боюнча биз азыр берип жаткан маалыматтар жергиликтүү бийликтер тарабынан ырасталган. Бирок башка булактардан да такталбаган маалыматтар түшүүдө. Биз курмандыктар саны өсүшү мүмкүн деп да күтүп жатабыз.

Жер силкинүүсүнүн алдында нөшөрлөгөн жаандын арты жер көчкүлөр менен коштолгону алыскы аймактарга куткаруучулардын жетишин да кыйындатууда.

Ооганстандын Газни шаары зилзаладан кийин. 26-октябрь, 2015-жыл.
Ооганстандын Газни шаары зилзаладан кийин. 26-октябрь, 2015-жыл.

Маселен, Пакистан менен Кытайды туташтырган кан жолду жер көчкү тороп калган. Пакистандын түндүгүндөгү Каракорум жолу бир нече жерден буулуп, жергиликтүү бийликтердин айтуусунда, жолдо жүргөн миңдеген адамдар, унаалар, тоолуу аймакта камалып калды.

Пакистанда дүйшөмбү күнкү зилзаладан Хайбер-Пахтунхва провинциясынын курамындагы Сват өрөөнү эң көп жабыр тартты.

Имараттар Пешавар шаарында, анын тегерегинде да кыйрады. Пешавардын ооруканаларына кечээ күн бою эл котолоп, жарадарлар ташылып жатты.

Коңшу Ооганстанда болсо өлгөндөр саны 60тан ашканы кабарланууда. Бир эле Кунар провинциясында 76 адам набыт кетип, 230дан ашуун киши жаракат алды.

Провинция губернатору Вахидулла Кализайдын айтуусунда, алардын аймагынан кеминде 1500 турак үй кыйрап калды.

Пакистандагы кыйроо.
Пакистандагы кыйроо.

Кыйроолор Газни жана өлкө түндүгүндөгү Баглан провинциясынын борбору Пули Хумри шаарында да орун алды.

Ал эми Тахар провинциясында жер силкинүү учурунда мектеп имаратынан качып чыгууга ашыккандар арасынан 12 окуучу кызы тебелендиде калып, мерт болгон: "Кыздардын көпчүлүгү дүрбөлөңдөн улам өлдү. Жер титирөө учурунда мектеп имараты бузулган эмес. Бирок экинчи кабаттан биринчи кабатка алып барган жалгыз гана эшик болгондуктан дүрбөлөң чыгып, кыздар тебелендиде калган”,- деди “Азаттыктын” ооган кызматынна Тахардын губернаторунун басма сөз катчысы Сонатулла Тимор. Жогорудагы окуя учурунда Тахарда дагы 30тай мектеп окуучусу жаракат алган.

Дүйшөмбү күнкү жер силкинүүсү Кабулда, Исламабад, Делиде бир топ сезилип, миңдеген адамдар үйлөрдөн, имараттардын сыртка чуркап чыгышты.

Кечээги зилзала Тажикстанда, Кыргызстандын түштүгү менен түштүгүндө эле эмес, эпицентрден 1000 чакырым алыстыктагы Чимкент, Тараз шаарларында да билинди. Тажикстандын Яван районунда бир мектептин тепкичтери кыйрап, он бештей окуучу жаракат алган.

Гиндукуш тоо кыркалары.
Гиндукуш тоо кыркалары.

Зилзаланын очогу болгон Гиндукуш тоо кыркалары Евразиянын жана Индиянын тектоникалык плиталары кесилишкен жерден анчалык көп алыс эмес жайгашкан.

Азыркы очоктон бир нече жүз чакырым алыстыкта, 2005-жылдын октябрында күчү Рихтер таякчасы менен 7,6 баллга жеткен жер силкинүүсү катталып, анда 75 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

Азиядагы жер титирөөнүн картасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:25 0:00

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG