Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:21

Үмөталиев: Бажы салыгына үмүт артпаш керек


“Кыргыз концепт” компаниясынын башчысы, мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев.

“Кыргыз концепт” компаниясынын башчысы, мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон бери уюмга мүчө өлкөлөрдүн товарлары чек арадан кирген учурда арзан баада көрсөтүлүп, натыйжада соңку үч айда эле бюджетке 1 миллиард 200 миллион сом кошумча нарк салыгы түшпөй калды.

Ушул жана башка экономикалык суроолордун тегерегинде “Азаттык” мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев ой бөлүштү.

“Азаттык”: Эмил мырза, кыргыз өкмөтү коңшу Казакстандан товарлар арзан баа менен катталып, анын жыйынтыгында 12 пайыздык нарк салыгынын көлөмү азайганын моюнга алды. Мындай жагдайды кантип оңдосо болот?

Э. Үмөталиев: Эми мындай болору мурдатан эле эскертилген болчу. Ошондуктан мунун эч кандай жаңылыгы жок, себеби биз бажы союзуна киребиз дегенде эле эксперттер айтып келишкен. Кыргызстан ЕАЭБге киргенде бажы салыгы эки эсе көбөйөт деп айтканыбыз менен, чындыгында салыкты алуучу система биз тараптан эмес, Орусия тараптан иштелип чыккан. Алар атайын өздөрүнүн ишканаларын колдош үчүн, Кыргызстандын рыногуна киргизиш үчүн алдын ала даярданып алышкан.

“Азаттык”: Өкмөт учурда салык кодексин Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына ыңгайлаштырып, кодекске өзгөртүүлөрдү киргезебиз деп жатат, бул абалды оңдойбу?

Э. Үмөталиев: Ал ыкманы мен таптакыр ойлонгум да келбейт. Себеби бул демилге убактылуу маселени чечиши мүмкүн, бирок элге керектүү же экономика пайдасын тийгизе турган чаралардан эмес. Биз биринчиден кетирилген кемчиликтерди тереңирээк түшүнүшүбүз керек.

Дагы бир кемчилигибиз бар. Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна киргенден кийин, өзүнүн салык системасын биздин мурдагы, ЕАЭБге кире элек учурдагыдай кылып алды. Ошондуктан бизге кирбеген товарлар азыр Казакстан аркылуу, “Хоргос” аркылуу кирип атат. Ошондуктан казактар мурда бизден келип сатып жатса, азыр биздикилер Казакстандан барып сатып ала башташты. Ошону биз түшүнүп, Казакстан кандай шартта Дүйнөлүк соода уюмуна киргенин иликтеп чыгышыбыз керек.

Ал эми бизге Казакстандын чек арасы аркылуу көмүскө кирип атат деген бул шылтоо. Буга көп кызыкпай эле коюш керек. Керек болсо биз бажы салыгы аркылуу бюджет толтурабыз деген ниетти ташташыбыз керек эле. Андан көрө ишкерлерге эркиндик берип, алардын санын көбөйтүп, ошолор өндүргөн товарлардын салыгы бюджетти толтуруга өтөлү деп айтып келатабыз. Ал эми бажы салыгы ишкерлерге тескерисинче бут тоскон салык.

“Азаттык”: Ошол эле казак чек арасы аркылуу ундун килограммы 1 сом, кумшекер 8 сомдон сатылып алынды деп чыныгы баасын ишкерлер жашырып атпайбы. Ушундай көрүнүшкө ошол товардын наркынын өлчөмүндө акчалай жазаны киргизүү жагы сунушталып жатат. Бул аракет натыйжасын бербейби?

Э. Үмөталиев: Аны деле толук иштете алышпайт. Бул кыска мөөнөткө эле маселени чече алат. Демек пайдасынан зыяны көп боло берет. Биз ачык экономиканы курушубуз керек. Бажы салыгынан бюджет толтурабыз деген калыптаманы жоюшубуз абзел. Дагы бир жолу кайталайм, бажы салыгынан эмес, өндүрүш жана ишкерлердин товары аркылуу салыкты көбөйтсөк утабыз.

“Азаттык”: Рахмат, Эмил мырза.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG