Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:25

Кыргызстанда бийик тоолор арасында жарылып же бузулуп кетүү коркунучунда турган жыйырмадан ашык көл бар.

Булардан башка дагы коркунуч туудурган ар кандай көлдөр жыл сайын пайда болуп турат. Тоо көлдөрүн изилдеп, кырсыктардын алдын алып турууга Кыргызстандын өзүнүн чамасы чак, ошон үчүн эл аралык жана донор уюмдардын жардамы керек.

1998-жылы Шахимардан өрөөнүндөгү Икедаван көлү толкуганда Өзбекстандын аймагында жүздөй адам кырсыктан көз жумган. 2008-жылы Тоңдо Зындан көлү бузулганда үч адам каза болгон.

2003-жылы Ала-Арча дарыясынын башатындагы мөңгүлөр эрип, селге айланып, Карагай Булак деген коктуну жарып чыгып, капчыгайды суу ташкын каптап, жүздөгөн дачаларды, үйлөрдү жана көпүрөлөрдү жууп кетип, чоң материалдык зыян алып келген.

Ошол сел каптаган күн Ала-Арча капчыгайынын оозундагы Кашка-Суу айылынын тургуну Амангелдинин күнү бүгүнкүдөй эсинде. Анын айтымында, капчыгайды суу каптаган учур күндүз болуп калып кудай чоң сактаган, эгер сел түн ичинде болгондо ээ-жаа бербей, ашып-ташкан дарыя түз эле Бишкекти басып кирмек.

- Июль айынын жыйырма биринде болгон бул окуя. Дүйшөмбү күнгө туш келген. Эгер дем алыш күнү болгондо көп чыгаша болмок. Кечки беш-алтыларда болгон. Суу келатканда үйдөй болгон чоң таштар агат экен, дүңгүрөгөн үн менен келет экен. Дачаларды, көпүрөлөрдү, жолдорду алып кетти агын сел. Сырт жак менен байланыш болбой калган. Кишилердин өлүмү да болгон, ал ошол учурда айтылбай калды.

Жыл сайын эле күн жылып, нөшөрлөгөн жамгыр жаап, мөңгүлөр эрий баштаганда тоо арасындагы айылдарды суу ташкын, сел коркунучу тооруйт. Көл жарылып, сел каптаган ушундай коркунучтар жылына ар кай жерде болуп турат. Ошондуктан бийик тоо арасындагы көлдөрдү утур-утур чалгындап, байкоо салып, изилдеп туруш керек. Бул ишти жүргүзүүгө экономикасы өчөйүп турган өлкөнүн колундагы каражат каат.

Биринчи болуп тоо көлдөрүн изилдөөгө 2004-жылы Чехия Республикасы гранттык жардам бөлгөн. Биринчи долбоор 2004-жылы, экинчи долбоор 2006-жылдан 2010-жылга чейин иштеди.

Экинчи долбоордун алкагында Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары министрлиги менен Чехиянын айлана-чөйрө министрлигинин ортосундагы келишимдин негизинде тоо арасындагы көлдөргө байкоо жүргүзүү боюнча 620 миң евро наркында чалгындоо жана мониторинг иштери жүргүзүлдү. Бүткөн иштердин эң орчундуусу болуп 2008-жылы 3600 метр бийиктикте Ала-Арча дарыясынын башатындагы тоо арасына “Адыгине” деп аталган гидрометеостанция эсептелет.

Жаратылыш ресурстары министрлигинин гидрогеологиялык экспедициясынын жетекчиси Камчыбек Мүсүралиевдин айтымында, бул станция Ала-Арча капчыгайынын жака белиндеги айылдардын жана Бишкектин жашоочуларын тоо көлдөрүнүн коркунучунан сактап турат.

Чех адистеринин жардамы менен көп жылдан бери каралбай келген тоо көлдөрүнө изилдөө жүргүзүлүп, баалуу илимий материал жыйналды. Мисалы, изилдөөлөр Кумтөр алтын кенинин жанындагы Петров көлү кыйла өзгөрүп кеткенин көрсөткөн. Эгерде мурда бул көлдүн тереңдиги 30 метр деп эсептелип келсе, заманбап аспаптар 50 жыл ичинде бул көлдүн ичиндеги мөңгү 800 метрге азайып, ошого жараша көл 800 метрге чоңоюп, тереңдиги 70 метр болуп калганын аныктаган.

Тоо көлдөрүнө изилдөө жүргүзүүгө катышкан Чехиянын жооптуу өкүлү Михаил Черны азыр дүйнөдө климаттык өзгөрүүлөр болуп жатканын белгилеп, адамзат алар менен эсептешүүгө тийиш экенин айтты:

- Бул өзгөрүүлөр адамдын бүт турмушуна таасир берери талашсыз. Тоо ресурстарына, табигый кырсыктарга, айыл чарбасына таасир кылат. Мөңгүлөр азайып, эриген сайын жаңы көлдөр пайда болот. Демек мындан дайыма аларга мониторинг жүргүзүп туруу керек деген жүйө чыгат. Азыр жыйырмадан ашык көл ушундай коркунуч туудурат деп атабыз. А чынында жыл сайын ушундай коркунуч туудурган башка көлдөр да пайда болуп турат. Мисалы 2008-жылы бузулган Зиндан көлүн да эч ким билген эмес. Ал бир нече айдын ичинде эле пайда болгон.

Тоо көлдөрүнүн коопсуздугун көзөмөлдөп туруу үчүн Кыргызстанга бир эле гидрометеостанция жетишпейт, дагы үч-төрт ушундай станция куруу зарылдыгы бар. Өкмөт өткөн жылы тоо көлдөрүн чалгындап изилдөөгө эки миллион сом бөлгөн, быйыл бир жарым миллион сом бөлүү каралууда. Бирок бул каражаттар жетпейт, ошондуктан табигый кырсыктардын алдын алуу үчүн эл аралык экологиялык жана донор уюмдардан жардамы керек.
XS
SM
MD
LG