Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

Профессор жана эколог Эмил Шүкүров Кыргызстандагы азыркы экологиялык кырдаал, эл-журттун Жаратылышка мамилеси тууралу көөдөнүн көктөгөн ойлорун ортого салды.

“Азаттык”: Дүйнө жүзүндө экология маселеси биринчи орунга чыгып жатат. Адамдар өз каалоосун канааттандыруу үчүн жаратылышты чексиз эзүүгө болбой турганына көздөрү жеткендей. Ушундан улам жаратылышты ар тараптан иликтеп келаткан адис катары акыркы жылдары биздин өлкөдөгү экологиянын абалына кандай баа берет элеңиз?

Эмил Шүкүров: Экологиялык кырдаалга негизинен терс баа берем. Эң биринчиден: жаратылышты коргоого каржылоо абдан төмөн. Коргоо чаралары жетишсиз, көбүнчө айып салуулар менен чектелет. Ошол айыптар жөн гана отчет үчүн жана өз чөнтөктөрүн толтуруу үчүн болуп жатпайбы. Биз азыр мисте, жаңгак токойлорунун жоголууга учураганын көрүп турабыз. Дегеле токойдун бардык түрлөрү кыйрап жатат. Арстанбапты, Кара-Алманын токойлорун карагылачы, ал жактарга басып баруу мүмкүн эмес, себеби, токойлор экосистема болбой калды. Ал жердеги дарактар карыды, майда жыгачтуу, жаш көчөттөр жок. Бул баласыз коомго тете көрүнүш, бара-бара убактысы келгенде өлүп жок болушат. Токойлор сакталышы үчүн жаш дарактардын саны картаңдарынан кыйла көп болушу керек.

Арстанбап токоюнан сүрөт баян


Маселен, мамлекеттик коруктардын абалына кайрылалы. Мамлекетке карагандыктан коруктар бюджеттен каржыланат. Тилекке каршы, каржылоо көлөмү коруктардын керектөөлөрүнө чен келбейт. Алардын кызматкерлеринин айлык маянасы өтө төмөн, негизинен энтузиазмга таянып иштешет. Коруктар – жөн гана кооздук үчүн эмес, мамлекет жана эл үчүн өтө маанилүү экенин эске тутуш керек. Тилекке каршы, коомубузда да, өкмөтүбүздө да бизге жапайы табияттын эмне үчүн керек экендиги тууралуу аң-сезим жок. Экология илими далилдегендей, адам баласын жагымдуу жана зарыл айлана-чөйрө менен камсыздоо үчүн экосистемалардын 40 пайыздан ашыгы болууга тийиш. Менин жакындагы эле изилдөөлөрүм биздин аймактын экосистемаларында кырдаал начардыгын айгинеледи. Биздин өлкөнүн, дегеле планетадагы ар бир адам эң негизги нерсени туюп билүүсү керек – адам жашоону жаратпайт жана адам баласы жараткан нерселердин бири да табиятта жашоону жарата албайт.

“Азаттык”: Бир интервьюда сиз кайсы бир мыйзамга ылайык, коруктарда кен байлыктар табылчу болсо, ал коруктар жабылып, казуу иштерине уруксат берилет деген элеңиз. Ушул жайгдай тууралуу кененирээк айтып бересизби?

Эмил Шүкүров: Чынында эле ошондой мыйзам долбоору даярдалган, кийин менин билишимче, долбоор убактылуу токтотулду. Бирок чынында бизде жаратылыштан кен байлыктарды жогору коюу принциби сакталып келатат. Азыр кен байлыктарды сатуу менен гана Кыргызстанды кризистен чыгаруу жолун көрүп турушат. Ошондуктан өтө жеңилдик менен жерлерибизди казуунун лицензияларын ар кандай компанияларга таратып жатышат. Жаратылышты коргоочулардан компаниялардын акчасы алда канча көп болуп чечим кабыл алууда өлкөнүн экологиясы эмес, акчанын суммасы олуттуу роль ойноп жатат. Кен казуучу компаниялар бүгүн бар – эртең жок, ал эми бул жерде биз жана урпактарыбыз жашайт эмеспи.

“Азаттык”: Азыр “Кумтөр” компаниясынын иш-аракеттеринин экологияга кесепеттери талкууланууда. Кумтөрдө алтын казылып бүткөндөн кийин биз чын эле экологиялык капсалаңга учурайбызбы?

Эмил Шүкүров: Мен нааразы тургундар менен көп маектешкем. Алардын колунда “Кумтөрдү” текшерген мамлекеттик комиссиянын материалдары бар экен. Ал чыр-чатакты ошол эле комиссия мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана өкмөт өзү баштап жатпайбы. Кимиси көбүрөөк зыян келтирип жатат – тоонун чокусунда иштеп жаткан “Кумтөрбү” же элди жалган маалымат менен козутуп жаткан ишмерлерби? “Петров көлү жээгин жырып кетсе капсалаң болот” деп айтышат. Эгер Петров көлү жырып чыкчу болсо, ал суу Кумтөр дарыясына барып кошулат дагы, андан соң Нарын дарыясына куюлат. Нарын дарыясынын деңгээли ашып кетсе 1-2 сантиметрге көтөрүлөт. Ысык-Көл өрөөнүнө эч залака тийбейт. Демек, башкаларга салыштырмалуу “Кумтөрдүн” иш-аракетинин залакасы кыйла аз.

Кумтөрдөгү эрип бараткан мөңгү



“Кумтөрдү” мамлекеттештирүү зарыл деп жатышат. Ал эми бизде мамлекеттик “Макмал алтын” аттуу алтын казуучу компания бар. Ал жакка комиссиялар барып жатабы? Эч ким барбайт. Ал жакта эреже бузуулар толтура. “Макмал алтын” Казарман өрөөнүндө жайгашкан жана анын иш-аракети жергиликтүү калктын ден-соолугуна зыян келтирет. “Кумтөргө” коюп жаткан талаптар ошол жерде аткарылып жатабы? Жок. Азыр инвесторлорду алып келүүнүн бир гана оңой жолу – бул алтын. “Кумтөрдүн” кен казуучу жайы тиричиликке өтө оор аймакта жайгашкан - бул бийик тоолордун арасы, шагылдуу чөлдөр менен курчалган, ал жерде продуктивдүу экосистемалар жок. Ал эми азыр берилип жаткан лицензиялуу территориялар эң продуктивдүү экосистемаларда жайгашкан. Айтмакчы, кытайлыктар ошол территориялардын 70% иштетип жатышат. Эмнегедир ушул маселелер эч кимди тынчсыздандырбайт.

“Азаттык”: Кыргызстанда убактысына карата аңчылыкка уруксат берилген эмеспи, Кызыл китепке киргизилген жапайы жаныбарларды дагы атып жатышат. Бизнестин бул түрү азыр аябай гүлдөп турган кези, жергиликтүү жана чет элдик мергенчилердин саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Мамлекет ушул чөйрөнү көзөмөлдөйбү жана Кыргызстандын фаунасы үчүн сейрек кездешчү жаныбарларды атуунун кесепети кандай?

Эмил Шүкүров: Мындай саясаттын уюштуруучусу – бул жаратылышты коргоо агенттигинин бир бөлүгү. Алар баарын атуу мүмкүн жана зарыл экендигин далилдеп, жулунуп жатышат. Ал эми мерген чарбалары тууралуу айтсам, алар биринчи кезекте киреше табуучу уюмдар. Мурда алар: “Мамлекетте жаратылышты коргоого каражат жок, биз территорияларда жаратылышты коргоо иштерин жүргүзөбүз, бюджетке дагы киреше табабыз”, - деген максат менен иштеп башташкан. Көп убадаларды беришкен.

Алардын бири да аткарылган жок. Мисалы, мерген чарбаларында жергиликтүү калк ветеринардык текшерүүдөн өтпөгөн малын жаюусуна жол бербөө керек, себеби, ал жердеги жапайы жаныбарларга мителери жугуп калышы мүмкүн. Андай иш-чаралар жасалган жок. Жөн гана жапайы жаныбарларды кырып жок кылуудан пайда таап жатышат. Аркарлар Кызыл китепке киргизилген, бирок, ага карабастан, аларды атууга бардык жолдорду тапканга аракет кылышат. Аларга биздин Илимдер Академиясынын Биология институтунун зоологдору көмөктөш . Анткени аркарларды “илимий” изилдөөлөр үчүн атууну уюштурушту. Аталган институтта аркарлар боюнча илимий иш жүргүзгөн бир да адам жок! Мындай көрүнүштөр биздин фаунага өз таасирин тийгизди.

“Азаттык”: Өнүккөн өлкөлөрдө экология – улуттук маанидеги маселе болуп саналат, ар бир жаран жаратылышты коргоого өз салымын кошууга аракет жасап жатат. Ал эми биздин коомдогу экологиялык маданияттын деңгээлин кандай баалайт элеңиз?

Эмил Шүкүров: Сары-Челек коругуна барып көрдүңүз беле? Бул дүйнөдөгү эң керемет жерлердин бири. “Коруктун табиятын сактоого” деген шылтоо менен ал жерге акыркы жылдары сансыз адамдарды киргизип жатышат. Илгертен бул ыйык көл болуп эсептелип, ал жерде дербиштер, олуялар жашашчу. Алар ошол жерде азыркылардай жүргөнүн элестетиш кыйын. Мас болуп айкырышат, таштанды ыргытышат, наадан, ыплас нерселерди жасашат! Адамдарды ал жерге сыйынууга же урмат-сый менен мамиле жасоого гана киргизүү керек. Табиятка бузук мамиле акча табуу максатынан чыгып жатат. Ал каражаттар эмнеге сарпталат – эч кимге белгисиз. Ошол коруктун бир кызматчысы мындай нерсеге каршы баш көтөргөнү үчүн жумуштан алынды. Орусиядан келген кесиптештерим ушунун баарын көрүп алып: “Бизде мындан он эсе аз жаман кылык коруктардын биринде орун алчу болсо, ошол замат министрдин башы ыргымак!” - деп айтып кетишти.


Бишкектин чет жакаларын карагылачы – эс алганы чыгып алышып, ашкере ичишет, урушуп-мушташышат, айтор, каалаганын жасашат. Ала-Арча улуттук паркында эмне болуп жатат? Машиналарын төрүнө чейин айдап киришет, от жагышат, мамлекеттик парктагы сейилдөөнүн эрежелерин бузушат. Биз өзүбүздүн чочколугубузду көрсөтүп жатабыз. Акыркы убакта: “Биз, кыргызбайлар, дүйнөдөгү эң кыйын элбиз, биздин мамлекетибиз миңдеген жылдар мурун эле бар болчу, биздин жеңиштерге сан жетпейт”, - деп көкүрөгүбүздү кагабыз.

Бирок табиятка келгенде эле ата-бабаларыбыздын эң маанилүү осуяттарын унутабыз. Көчмөн аталарыбыз жүздөгөн жылдар бою бул жерди мекендеп, аны бизге таза сактап, өткөрүп беришти. Биз болсо аз убакыт ичинде эле бардыгын бүлүнтүүгө жетиштик. Мындай жүрүм-түрүм ата-бабаларызга карата кыянаттык болуп эсептелет. Жөн эле ата-бабалардын тажрыйбасына кайрылалычы: эч качан жашаган жерин булгашчу эмес. Боз үйдү жыйнап, көчүп кеткенден кийин журтту таптаза кылып калтырышчу. Эми эрке талтаңдык менен акча баарын чечип калды. Өз керектөөлөрүңдү айлана-чөйрөгө жана адамзатына зыян келтирбей канааттандырганды билсең гана сен - чыныгы адамсың.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG