Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:19

Баткенде Айгүл азайып баратат


Айгүл гүлү.
Айгүл гүлү.

Кыргызстанда бир гана Баткен облусунда өскөн Айгүл гүлүнүн аянты жыл санап азайып баратканына жергиликтүү тургундар кабатыр.

Ушу тапта Баткендин Айгүл тоосу жык-жыйма элге толуп, бул сырдуу гүлдү көрүүгө алыс-жакындан келгендер арбын.

Илимде “Эдуард чаар гүлү” (“Петилиум Эдуарда”) деген ат менен белгилүү болгон Айгүл гүлү Баткен шаарынан 20 чакырымдай четирээктеги Айгүл тоодо жылдын апрель айында 15-20 күндөй гана гүл ачат. Бул мезгилде алыс-жакындан гүлдү көрүп, эс алып кетүү үчүн келгендердин аягы үзүлбөйт.

Бирок гүлдүн жоголуп кетүү коркунучу да жыл өткөн сайын күчөп барат. Жыл сайын жергиликтүү бийликтин демилгеси менен гүл өскөн тоодо гүл майрам белгиленип келген болсо акыркы жылдары бул майрам атайын токтом менен токтотулду. Бул да болсо гүлдү сактап калуу айласынан улам чыккан.

Мектеп окуучулары Айгүл тоону тазалашууда, 13-апрель, 2013.
Мектеп окуучулары Айгүл тоону тазалашууда, 13-апрель, 2013.

Аталаган тоодо демилгелүү топ өз ыктыяры менен иш баштап Айгүл гүл ачкан маалда корукка алып, тоого келгендерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Жоголуп кетүү коркунучунда турган бул гүлдү коргоого алып жаткан Эрматов атындагы орто мектептин окуучусу Сапарали Искендер уулу коруктоо ишине мамлекет өзгөчө көңүл бурбаса абал оор дейт:

- Айгүл гүлү жылдан-жылга азайып баратат. Бул жерди таптакыр корукка алып, эч кимди бастырбай коюш керек болуп жатат. Азыр эми окуучулар кезектешип келген-кеткенди карап турабыз. Бирок биз жетишип баарын тескей албай жатабыз да. Ошондуктан мамлекет бул ишке бир аракет кылып, катуу көзөмөлгө албаса болбойт.

Айгүлдү тез арада көбөйтүп алуу мүмкүн эмес. Гүлдүн уругу жерге түшкөндөн кийин 7 жылда гана өнүп чыгат дешет жергиликтүүлөр. Бирок жерге түшкөн гүлдүн уругу баары эле өнө бербейт.


Гүл ачылганда тоого келгендердин саны көп болгондуктан тоо этектери тепселене берип, тоонун ылдый тарабында гүл дээрлик калган эмес. Киши көп болгондуктан таштанды да көп, бирок аны тазалап турган атайын кызмат да жок. Коомдук уюмдардын колдоосу менен гүлдү корукка алган мектеп окуучулары кантсе да тоону таштандыдан арылтуу үчүн ишембилик өткөрүп турат.

Бул демилгенин катышуучусу Аида Махаматжан кызы Эрматов мектебинде ар жума ишембилик өткөрүп туруу чечими чыккканын айтат:

- Бул жерге киши көп келгендиктен тоонун боору таштандыга толуп чыгат. Биз мектеп окуучулары гүлдү көзөмөлдөгөнчө таштандыларды да тазалап турабыз. Ар ишемби сайын ишембилик өткөрүп туруу чечимин кабыл алганбыз.

Мектеп окуучулары Айгүл тоону тазалашууда, 13-апрель, 2013.
Мектеп окуучулары Айгүл тоону тазалашууда, 13-апрель, 2013.

Айгүл тоону корукка алуу демилгесин өткөн кылымдын сексенинчи жылдарында ошол жердеги Кара-Булак орто мектебинин (азыркы Эрматов) мугалимдери көтөрүп чыккан. Ошентип отуз жылдай убакыттан бери бул мектептин мугалимдери окуучулары менен бирге жыл сайын гүл ачылган учурда тоону кезектешип коруп келет.

Айгүл кызыл китепке киргени менен аны мамлекеттик деңгээлде корукка алуу маселеси ушул күнгө дейре чечилбей келет. Аны сактап калуу үчүн мамлекттик атайын корукка алуу максатында буга чейин да өкмөткө, Жогорку Кеңешке канчалаган кайрылуулар болгон. Бирок азырынча андан жыйынтык боло элек. Бул маселе жыл сайын Айгүл гүл ачкан кезде бир козголот да, кайра ошо бойдон унутта калып келет. А Айгүл тоонун гүл өскөн аянты болсо жылдан-жылга азайып баратат...

Жергиликтүү эл Айгүл деп атаган бул ажайып гүл Кыргызстандын Баткен облусунда, Ооганстандын түндүгүндө жана Индиянын Кашмир аймагында гана өсөт.


"Азаттыктын" архивинен: Айгүл - гүлдөрдүн ханышасы (ыр коштогон сүрөт баян)



XS
SM
MD
LG