Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Андаш алтын кени жабылат


таласта Андаштан сырткары Жер-Үй, Талды-Булак алтын кендеринин айланасында да талаштуу маселелер бар.
таласта Андаштан сырткары Жер-Үй, Талды-Булак алтын кендеринин айланасында да талаштуу маселелер бар.

Кендин абалын иликтеген депутаттык комиссиянын тыянагынын негизинде парламент аны жабуу чечимин кабыл алды.

Жогорку Кеңеш 24-июлда Таластагы Андаш кени биротоло жабылсын деген токтом чыгарган. Токтомдо бул алтын кени Көпүрө-Базар айылына жакын турганы, Казакстандын суу каналдарына агып баруучу өзөндө жайгашканы белгиленип, ишкана жергиликтүү калктын пикирин жана экологиялык коопсуздукту эске албаганы жазылган.

Аталган кенди иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жетекчиси, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөнов кенди иштетүү максатка ылайыксыз экенин мындайча белгиледи:

- Биз кышында карьердин өзүнө барып, аралыкты ченеп, дамба канча бийиктикте болоорун, суудан канча алыстыкта экенин көрдүк. Бишкекке барып илимпоздор менен аймакта сейсмикалык акыбал кандай экенин, сел кайдан жүрөөрүн иликтеп көрдүк. Анан маселени депутаттарга алып чыктык, алар кубаттап колдоп беришти. Эгер кийинки муундун экологияга көз карашы өзгөрсө, технологиянын жаңы түрү пайда болсо иштетсе болот. Менимче, азыркы муун бул кенди иштете албайт.

Айрым жергиликтүү адистер да Андаш кенин иштетүүгө жер шарты туура келбестигин айтууда. Талас мамлекеттик университетинин доценти, физик Аккан Бообеков кен иштетилсе Таласка эле эмес, суу этегиндеги Казаксандын Жамбул облусуна да зыяны чоң экенин белгилейт:

- Кенди иштетүүгө жер шарты туура келбейт. Биздин жер шагыл, цианидди иштеткенге болбойт. Зыяны бизге эле эмес, Казакстанга да тиет.

Аталган кен Көпүрө-Базар айылына бир чакырым аралыкта жайгашкан. Ошондуктанбы айылда жашоо кооптуу болуп, акыркы жылдары турак-жай куруу дээрлик токтоп калган.

Талас райондук кеңешинин депутаты Орозбек Курамаевдин айтымында, кен жабылат дегенден бери айыл жаштары үй салууга умтулууда:

- Ушул алты-жети жылдан бери айылдыктар анча турак-жай курбай калышкан. Анткени качан кен ачылып кетет деп кооптонушкан. Жабылсын деген чечим чыгаары менен жаштар жер алып, там салабыз деп умтулуп жатышат.

Чыгарылган чечимге кенди иштетип жаткан "Андаш майнинг" компаниясы азырынча пикирин билдире элек. Бирок май айында Таласта болгон жыйында компаниянын генералдык директору Кубан Ашыркулов кенди иштеткенге жергиликтүү калк тоскоол болуп жаткандыгын билдирген болчу:

- Айылга барып ишти баштайлы десек техника кирсе өрттөлөт, жумушчулар барса кубаланат деп иш башталбай турат. Биз элге зыяны жок экенин түшүндүрүп жатабыз.

Андаш кенин чалгындоого 2005-жылдан баштап Andash maining company деп аталган жергиликтүү компанияга уруксат берилген. Аталган компанияны 2005-жылдан 2009-жылга чейин Aurum maining деген компания каржылап келсе, 2009-жылдан тарта австралиялык Kentor Gold компаниясы каржылай баштаган. Кенди чалгындоо иштери башталгандан берки алты жыл бою жергиликтүү калктын нааразычылыгын жаратып келди.

Таласта Андаштан башка дагы Жер-Үй, Талды-Булак алтын кендери бар. Бул кендердин айланасында да чыр-чатактар токтобой келет.

XS
SM
MD
LG