Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:22

Бишкекте көркөм-экологиялык II фестивал өтүүдө. Кыргызстандагы экологиялык маданият, тарбия туурасында Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин алдындагы Байкоочу кеңештин төрагасы Кайрат Молдошев "Азаттыкка" маек курду.

- Фестивалдын максаты айлана-чөйрөнү коргоо маселесине коомчулуктун көңүлүн бурдуруу экен. Азыр айлана-чөйрөгө жакшы көңүл бурулбай жатабы?

- Айлана-чөйрөнү коргоо мурда деле эң чоң маселе болгон. Азыр да, келечекте да көтөрүлүп, көңүл бурулчу негизги маселелердин бири. Себеби Кыргызстандын табияты, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү, социалдык багыттардын бардыгы табигый ресурстардын абалына түздөн түз байланыштуу.

Бул көргөзмө да коомдук эмес БИОМ уюмунун демилгеси менен өтүп атат. Кыргызстанда жалпы эки миңдей бейөкмөт уюм бар, алардын 200дөйү экологиялык багытта иштейт. БИОМ кыймылында жалаң жаштар иштеп, Кыргызстандагы экологиялык маселелерге активдүү киришип, иштеп жатышат.
Жайлоодон көчүп атканда ыкыр-чыкыр калтырбай баарын тазалап кетишкен. Бизде ата-бабалардан калган маданиятыбыз бар болчу.

- Адатта чет өлкөлүк коноктор Кыргызстанды жаратылышы кооз өлкөнүн катарына кошот. Ошол эле мезгилде коомчулуктун алдыңкы катмары учурда табият өтө жабыркап, өксүп баратканын айтып, коңгуроо кагып келатышат. Ушундай пикирлерге макулсузбу?

- Мындай пикирлерге кошулам. Табиятыбыз кооз, мыкты деп мактана бергендин деле кажети жок. Европада Швейцариянын табияты деле биздикинен кем эмес, кооз. Кооз деп эле жатып алган болбойт. Бизде табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, аларды булгабоо маселеси актуалдуу турат. Азыркы күндө көп учурда экономикалык тарапка ооп, экологиялык жакты унутуп коюп атабыз.

- Бишкекте өткөрүлүп жаткан фестивалдын бир максаты тазалыкты сактоо, табиятка жакшы мамиле кылуу тууралуу түшүнүктөрдү ойготуу экен. Анын алкагында таштандыны ар кайсы жерге таштабай, экинчи ирет колдонуу жолдору көрсөтүлөт. Кыргызстанда тазалык эмнеден көз каранды?

- Биринчиден, экологиялык маданият, тарбия, экологиялык билим берүү. Бала бакча, мектеп, окуу жайларда башталып, бир система түрүндө кетиш керек. Бизде ал жок болуп, бул жакка, тигил жакка тийди-качты болуп жатабыз. Жалпы бир багытта иш жүргүзүлүш керек. Экологиялык билим берүүнүн негиздерин бере башташыбыз керек.

- Кыргызстанда жаратылыш боюнча көпчүлүктүн түшүнүгү жок деген пикирлерди жергиликтүү тургундар өздөрү деле айтып жүрүшөт. Айланабызды бүт жаратылыш курчап турат, турмуштун өзү жаратылыш менен байланыштуу болуп атат. Анан эмнеге мындай мамиле жасалат?
Бизде табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу, аларды булгабоо маселеси актуалдуу турат.

- Биз биринчи кезекте экономикалык жана социалдык маселелерге көбүрөөк көңүл буруп жатабыз. Ал эми экологиялык маданият, тарбия деген нерсе жетишпей жатат. Ошондуктан бул өтүп жаткан фестивал ушул нерселерге арналган.

- Тарбиялоо жолдорун эмнеден көрүп жатасыз, кантип тарбиялаш керек?

- Бул адамдын өзүнөн. Илгертеден кыргыздардын айлана-чөйрөгө жасаган мамилеси кандай болгонун билесиңер. Жайлоодон көчүп атканда ыкыр-чыкыр калтырбай баарын тазалап кетишкен. Бизде ата-бабалардан калган маданиятыбыз бар болчу. Орто кылымдарда Европада чуманын чоң эпидемиясы болуп, көп кишилер кырылып калган. Анда канализация деген жок, өздөрү эле себепкер болгон.

- Маегиңизге рахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG