Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:38

14-сентябрда Жалал-Абаддагы Арстанбап токой чарбасынын базасында жаңгак токойлорун сактап калуу маселесине арналган эл аралык жыйын өттү. Ага Кыргызстандан тышкары Орусия, Молдова, Казакстан, Тажикстан, Азербайжан, Кытай, Германия, Швейцария, Австрия жана Британия мамлекеттеринен келген 70ке жакын адис катышты.

Кыргызстандагы жаңгак токойлоруна эл аралык коомчулук көңүл бөлүп, сактап калуу чараларын сунуштап жаткан учурда мамлекет да буга катуу киришүүсү керек деген пикирин Жалал-Абаддан журналист, серепчи Жалил Сапаров “Азаттыкка” билдирди.

- Кезинде 1,5 млн. гектар жерди ээлеп турган жаңгак токойлору бүгүн расмий маалыматтар боюнча 50 миң гектарга да жетпейт экен. Жаңгак токойлорун мындан да азайтпай сактап калуу үчүн кандай сунуш бересиз?

- Арстанбап токой чарбасында болуп жаткан иш-чара тегинен болгон жок. Анткени бүгүнкү күндө жаңгак токойлорунун аянты 42-45 миң гектар деп расмий айтылганы менен, чыныгы иш жүзүндө андан да бир топ азайып кетти.
Мафия, коррупция жаңгак токоюна качан эле кирип, байырлап алган. Ошол кымбат баалуу эмеректерге колдонулуучу жаңгак уюлун кыйдырып, саттыргандар да мына ушулар болуп атат.

Жаңгак токойлорун сактап калуу үчүн эмне кылыш керек деген суроого эгемендүү жылдары ар түрдүү жооптор айтылды, бирок конкреттүү бир чаралар көрүлгөн жок. Мурдагы президент Бакиевдин тушунда жаңгак токойлорун кыйбоо, жаңгак уюлдарын өндүрүштүк максатта колдонбоо боюнча атайын меморандумга кол коюлган. Бирок ал аткарылган жок, анткени аны аткаруу үчүн да атайын механизмдери болуш керек.

Биринчиден, токой чарбасында иштегендердин айлык акыларын кароо керек, токойго жанаша жашаган калктын социалдык абалына көңүл бурулушу зарыл.

Бир гана нерсени айтайын, токой чарбасында жашап жаткан бир үй-бүлө бир жылда 20 кубметрге чейин отун керектейт. Эгер көмүр тартып барбаса, бир кышка ушунча көлөмдөгү отун керектелет. Бул токой аймагында эбегейсиз көп эл жашайт, алардын баары ушунчадан отун керектеп, ал үчүн жаңгак токойлорун кыя турган болсо, жыл сайын жалаң отунга канча жаңгак дарагы кетип атканын санай бериңиз.

- Демек жаңгак жыгачтары "ыйлаган бойдон" мешке кетип аткан турбайбы?

- Ооба. Экинчиден, кымбат баалуу эмерек жасаш үчүн колдонулуп келген жаңгак уюлу бүгүнкү күнү деле кыйылып, сатылып жатат. Жаңгак уюлу менен соода кылып, жан багуу дагы деле уланып жатат. Бул боюнча мындан 4-5 жыл мурда бир аз ызы-чуу болуп, мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүлдү эле, өткөн жылкы апрель окуясынан кийин токойго көз салган эч ким жок, ал сайын таламайга түшүп кеткен.

- Жергиликтүү бийлик, токой чарбачылыгы дегендер бар да...

- Токой чарбачылыгы коргомуш болуп жатат, бирок алардын колунан да эч нерсе келбейт. Анткени мафия, коррупция жаңгак токоюна качан эле кирип, байырлап алган. Ошол кымбат баалуу эмеректерге колдонулуучу жаңгак уюлун кыйдырып, саттыргандар да мына ушулар болуп атат. Алар токойчуларды же экологдорду чокуга бир коюп отургузуп коюп эле уурулук ишин улантып жатышат.
Токой чарбасында жашап жаткан бир үй-бүлө бир жылда 20 кубметрге чейин отун керектейт. Эгер көмүр тартып барбаса, бир кышка ушунча көлөмдөгү отун керектелет.

Бизде бардыгын тартип коргоо органдары менен бийликтеги коррупцияланышкан топтор жасап, жүргүзүп жатышат. Жергиликтүү күч кызматтарынын да күчү жетпей атпайбы. Мына ушул себептен эл аралык иш-чара болуп, Кыргызстандын ичинде ушундай бир чоң маселе келип чыкканын эл аралык коомчулук да сезип, моюнга алып атат. Ошол үчүн ушул эл аралык иш-чара өтүп атат.

- Кыргызстандагы жаңгак токойлорун сактап калуу үчүн эл аралык коомчулук аракеттенип жаткан соң, буга мамлекеттик жогорку деңгээлдеги бийлик, же башкача айтканда президент, өкмөт, парламент бул маселени чечүүнү колдоруна алуусу тийишпи?

- Маселенин баары ошол жаңгак токойлорун кыйып сатууга ошол жогорку бийликте отурган адамдардын аралашып жатканы бүгүнкү оор кырдаалга апкелип отурат. Эгер алар аралашпаганда жаңгак токой чарбасында мынчалык көйгөй келип чыкпайт эле, ошолор бар үчүн ушунчалык абалга жетип отурат.

Эми президенттик шайлоо келе жатат, мамлекеттик башкаруу системасындагы туруктуулукту калыбына келтирүү эң биринчи зарылдык, ошондуктан тезинен аны калыбына келтирип, чоң саясий эрк менен жаңгак токойлорун сактап калууга киришүү керек.

Ал үчүн адегенде токойлорду менчигинде кыйып жаткан коррупционерлерди тыйып, андан калса токой чарбаларында жашаган элди төмөн жакка көчүрүү керек. Андай болбосо биздин малдын туягы тийген жерге чөп чыкпай калып жатат.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG