Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:19

Кумтөр алтын кени Сарычат-Ээрташ коругунда чалгындоо иштерин жүргүзүүдө. Бул иштер андагы илбирстердин жана башка баалуу жапайы жаныбарлардын азайышына алып келерин айтышууда.

23-марттагы маалымат жыйынында экологдор Сарычат-Ээрташ коругунда чалгындоо, андан ары казуу иштери коруктагы илбирстин жана башка дүйнөдөгү сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлардын жоголуп кетүүсүнө алып келерин айтып чыгышты.

Ал эми Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин билдиришинче, бул маалыматтарды тастыктоо боюнча атайын комиссия иш жүргүзүп жатат.

“Кумтөр” компаниясы болсо мыйзам чегинде гана иш жүргүзүп жатканын билдирүүдө.

Кыргызстан - илбирстин мекени

Кыргызстанда болжол менен 150дөн 600 жүзгө чейин илбирс бар. Алардын 18и Кумтөр алтын кенине жакын жайгашкан Сарычат-Ээрташ экологиялык коругунун аймагында. Бирок дүйнөдө сейрек кездешүүчү жана эл аралык Кызыл китепке кирген бул жаныбардын жоголуп кетүү коркунучу жаралууда.

Илбирсти коргоо эл аралык фондунун өкүлү Кубанычбек Жумабай уулунун айтымында, Сарычат-Ээрташ коругунун аймагында “Кумтөр” компаниясы ушу тапта чалгындоо иштерин жүргүзүүдө.

- Башталып жаткан геологиялык чалгындоо-изилдөө иштери, ушул коруктун эң маанилүү бөлүгү болгон Коёнду деген жеринде жүргөнү жатат. Акыркы кездеги иликтөөлөргө таянсак, илбирс көп жашаган Кытай менен Пакистанда алардын тыгыздыгы 100 чарчы метр аянтка алты илбирске туура келет. Бул эң чоң көрсөткүч деп айтылат. Бирок 2010-жылдагы биздин иликтөөлөрүбүздө, Сарычат-Ээрташ коругунун ичинде 18 илбирс бар экендиги аныкталган. Бул дүйнөдөгү чоң деп айтылган көрсөткүчтөн үч эсеге жогору турат. Башка айтканда, дүйнөдө мындай аймак жок деп айтсак да болот.

Сарычат-Ээрташ экологиялык коругу 134 миң гектардан турат. Адистердин айтымында, 2009-жылы 5-июнда ошол кездеги өкмөт №356 токтому менен “Кумтөр” компаниясына 4380 гектар жерди иштетүү үчүн бөлүп берген. Мунун алдында 24-апрелде Кыргызстан “Кумтөр оперейтинг компани” менен жаңы келишим түзгөн болчу.

Жогорудагы коруктун аймагында узундугу 14 чакырымдан ашык эң чоң Петров мөңгүсү да бар. Сарычат-Ээрташ коругундагы аркар жана жапайы тоо эчкилердин да тукум курут болуу коркунучу бар экендигин Кубанычбек Жумабай уулу белгиледи.

- Коруктун өзгөчөлүгү мөңгүлөрдүн жана бийик тоолордун ортосунда жайгашкан. Географиялык өзгөчөлүгүнө байланыштуу бул жакка кире турган бир гана кууш жол бар. Ошол жол аркылуу туяктуу жаныбарлар - аркар, тоо эчки ушул жана Үч-Көл аймагына кирет.

Мамлекеттик органдар эмне дейт?

14-февралда вице-премьер-министр Аалы Карашев катышкан тегерек үстөл өтүп, анын жыйынтыгында, тиешелүү мамлекеттик органдарга бул коруктагы экологиялык абалды текшерип чыгуу боюнча тапшырма берилген. Ал жердеги чалгындоо жана кийин болуучу казуу иштеринин максаттуулугун 10 күндүн ичинде текшерүү тапшырмасы Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттикке тапшырылган. Бирок агенттиктин жетекчиси Учкун Ташбаев корукта чалгындоо иштери жүрүп жатканы боюнча кабары жоктугун “Азаттыкка” билдирди.

Экологдордун белгилешинче, Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик коруктун маанилүү бөлүгү болгон Үч-Көл жана Коёнду аймагын коруктун аймагынан бөлүүгө кызыкдар.

Ал эми Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын төрагасы Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, атайын комиссия Петров мөңгүсүнүн курамын текшерүүгө алышкан. Жыйынтыгын жакында атайын жыйында жарыялаганы турат.

- Тапшырманын негизинде комиссия түзүп, бир топ маселелерди карадык. Негизинен, Петров көлүнүн өз нугунан чыгып кетүү маселесин, экинчиден, анын курамындагы (мышьяктын) деңгээлин карадык.

Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги да Сарычат-Ээрташ коругундагы экологиялык абалды иликтөөгө алышууда. Агенттиктин төрага орун басары Калык Рустамов, мындан тышкары коруктун жери кандай жол менен “Кумтөр” компаниясынын карамагына өткөндүгү иликтенип жатканын айтты.

- Мыйзамдуу иштер жасалганбы, жасалган эмеспи деп текшерип жатабыз. Же транформация кылбай эле “Ак жол” партиясы аркылуу Жогорку Кеңеш келишимди ратификация кылып жибергенби? Ушундай маселелер да бар. Эгер биз тактап туруп, транформация болгон эмес экен деп тапсак, “Кумтөрдүн” иши мыйзамсыз болот. Ал эми Жогорку Кеңеш макулдук берген болсо, алардыкы туура болуп калышы мүмкүн. Бирок ал жер корук. Мыйзамда корук өз макамын жоготмоюнча, ал жерди транформация кылууга жана башка бирөөгө берүүгө болбойт.

Ал эми “Кумтөр” компаниясынын экологу Эрик Кожомкулов экологдордун айткан дооматтарын четке кагып, компания мыйзам чегинде гана иш жүргүзүп жатканын айтты.

- Менимче, “Кумтөр” бул боюнча кандайдыр бир билдирүү кылат деп ойлойм. Бирок бул жерде суроолор “Кумтөр” компаниясына эмес, лицензия берген мамлекеттик органдарга көбүрөөк тиешелүү. Бул маселе көптөн бери эле көтөрүлүп келатат. Көптөгөн бейөкмөт уюмдар көтөрүп чыккан, ошондой эле өкмөткө да жеткен. Мен кыскача айта кетсем, алардын айтканынын баары тең эле туура эмес. Алар көп учурларды көз жаздымда калтырып жатат.

Ошондой эле жума күнү Ысык-Көл районундагы экологиялык корукта багылып жаткан эки сокур илбирсти Алматы зоопаркына өткөрүп берүү зарылдыгын Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги айтып чыкты. Калык Рустамов "бул эки илбирсти Кыргызстан кокус өлтүрүп алса, эл аралык коомчулуктун алдында уят болобуз" деп эсептейт.

- Быйылбы же эмдиги жылыбы, эгер биз экөөнү өлтүрүп алсак, чоң окуя болот. Илбирстин эки баласын бербей, кызганып отуруп өлтүрүп коюшту деп айтышат. Чет өлкөлүктөр чоң сөз кылганды жакшы көрөт. Анан бизди да жаманатты кылышат.

Рустамовдун билдиришинче, Кыргызстанда бул эки илбирстин көзүнө операция жасоого мүмкүнчүлүк жок. Ал эми операция жасоо улам кечиккен сайын, алар чоңоюп, илбирстердин биротоло көрбөй калуу коркунучу бар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG