Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Деңиз деңгээлинен эки миң метр бийиктикте кен иштеткен компаниялар келтирген экологиялык зыяны үчүн жазана төлөөгө милдеттендирилиши мүмкүн.

Буга байланыштуу мыйзам долбоору жер кыртышынын бузулушу, мөңгүлөрдүн эриши жана суунун булганышы боюнча экологиялык зыяндын ордун толуктоо маселесин жөнгө салат. Бул мыйзам долбоорун “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев баштаган депутаттар тобу иштеп чыкты. Бирок Тоо-кенчилер бирлигинин төрагасы Орозбек Дүйшеев бул мыйзам долбоорун инвесторлорду үркүтө турган популисттик кадам катары баалоодо.

Кенемтени толтурууга ташталган кадам

Мыйзам долбоорун иштеп чыккандардын бири Өмүрбек Текебаев анын талаптары Кыргызстанда кен иштеткен “Кумтөр голд” сыяктуу ири компанияларга тиешелүү экенин белгиледи. Буга чейин жер кыртышын казуунун мөңгүлөргө жана сууга тийгизген таасири эске алынбай келгени мисалга алынды. Ошондуктан бул мыйзамды парламент колдоп, күчүнө кирсе, ал Кумтөрдү иштеткен “Центерра” сыяктуу ири компанияларды жылына миллиондогон сом жазана төлөөгө милдеттендирет.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Өмүрбек Текебаев бул мыйзамдык демилге тоо кен тармагындагы экологиялык зыяндын ордун толтурууга багытталганын айтты:
Кумтөр кени. 23-февраль, 2013-жыл.

Кумтөр кени. 23-февраль, 2013-жыл.

- Азыркы учурда кен өндүргөндө казылып алынган кыртышты жана калдыктарды мөңгүлөрдүн үстүнө төгүп, ал үчүн болгону бир тоннасына 1 сом 20 тыйын төлөшөт. Бул туура эмес. Биз мөңгүлөр жайгашкан кен миң метр бийиктиктеги ишканалар үчүн деп атайын Кумтөргө карата бул зыяндын өлчөмүн толтурууга бир тоннасына 200 сом деп жаздык. “Кумтөр голд” жылына 50 миллион тоннадан ашуун тоо тектерин казышат экен. Ошондо ал компания жылына 200 миллион доллардан ашуун казынага төлөп турууга аргасыз болот. Бул биздин табиятыбызга – мөңгү менен суу запастарыбызга келтирилген зыян үчүн төлөнгөн кенемте болот.

Тоо кенчилер толгоно баштады

Бул мыйзам долбоору тоо кендерин иштетүүчү компаниялардын нааразылыгын жаратты. Мындай кошумча төлөмдүн киргизилиши тоо-кен тармагына ашыкча каржылык жүк алып келип, жаңы инвесторлордун келишин токтотот дешет алар. Тоо кенчилер бирлигинин төрагасы Орозбек Дүйшеев иштелип чыккан мыйзам долбоорун тармакты муунтуп жок кыла турган демилге катары сынга алды:

- Тоо кен өнөр-жайы өтө татаал. Муну түшүнүү керек. Кенди казуу үчүн оңой эмес чыгымдар сарпталат. Мындан сырткары мамлекетке салык төлөйт. Анан мына ошондой шартта биз ага кошумча дагы тоо тектерин, кыртышты казуу үчүн төлөм киргизсек – бул өтө эле ашкере таңууланган жүк болуп калат. Анда бизден кен казабыз дегендер кете баштайт. Жаңы инвесторлор болсо мындай катаал шартты көрүп келишпейт.

Оорчулук очорултпайбы?

Ошол эле кезде айрым адистер экологиялык зыяндын ордун толтурууга байланыштуу чаралар инвестициялык келишимдерде көрсөтүлөрүн мисал келтиришти. Тоо кен тармагын билген талдоочу Мирлан Кимсанов мындай жагдайда атайын мыйзам менен инвесторлорго оорчулук алып келе турган кошумча төлөм киргизүүнүн зарылдыгы бар беле деген суроо койду:
Кумтөр кени. 14-март, 2013-жыл.

Кумтөр кени. 14-март, 2013-жыл.

- Тоо кен тармагындагы өнүгүү жолуна шарт түзбөй, кайра ага бут тосо турган мыйзамдарды кабыл алууга далалат болуп жатканы таңкалычтуу. Текебаев “бул мыйзам долбоору негизинен Кумтөргө эле тиешелүү, андан башка компанияларга таасир этпейт” деп жатат. Бирок Кыргызстандагы кен казуучу компаниялардын дээрлик бардыгы деңиз деңгээлинен эки миң метр бийиктикте жайгашкан кендерди иштетип жатышат. Анан дагы ар компания менен мамлекет инвестициялык келишим түзүп жатканда мына ошол экологиялык зыяндын ордун толуктоо шарттары каралган да. Анан эми ага кошумча дагы башка чыгымдар караласа, ага инвесторлор эмне дейт?

Анткен менен мыйзам долбоорунун авторлор тобу экологиялык зыян үчүн жазана-төлөмдүн өлчөмү чет өлкөлөрдө мында сунушталган ченден бир нече эсе жогору экенин белгиледи. Ошондуктан Текебаев мында мамлекеттик кызыкчылыкты коргоодон коркуунун кереги жок дейт. Ошол эле кезде депутат Текебаев “Центерра” сыяктуу компаниялар кен казууну токтотобуз деп өзүнүн кызыкчылыгын таңуулаган шартта ага чара көрүш үчүн Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилерине токтолду. Бул мыйзамдык демилге кен казуу өндүрүшүн атайылап токтотуу аракетине кылмыш жоопкерчилигин карайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG