Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:30

Бишкекте жугуштуу илдеттерди изилдөөчү биолабораториянын курулушуна бир катар экологдор, укук коргоочулар жана жергиликтүү тургундар каршы чыгууда.

Бишкектин Көк-Жар айылы менен 12-кичирайонунун ортосундагы Ботаникалык бакка биолабораториянын курулушуна жергиликтүү тургундар каршылыгын билдирүүдө. Алар жугуштуу илдеттерди изилдөөчү биолабораториядан кокус оорулар тарап кетсе, жергиликтүү тургундар жабыркайт деп кооптонууда.

Көкжардык Эсенбек айыл тургундарынын көпчүлүгү ушундай ойдо экенин лаборатория курула турган жайды көрсөтүп жатып билдирди:

- Алар кокустук болгон учурда эмне кылат өздөрү да айта албай атат. Фильтрлери иштебей калат, дагы бир нерсе болуп инфекция бул жерден чыгып кетсе көрүп атасыз го 50 метр жерде 12-кичирайон, бул тарабында Көк-Жар, чоң жолдун боюнда, тегереги калк отурукташкан. Бул жерде Аламүдүн дарыясы, тоодон шамал ылдый көздөй согуп атат. Булар деле жети жыл иштеп анан кетет экен. Андан кийин эмне болот, кандай болот, ким кепил боло алат?

- Канча адам каршы болуп атасыздар?

- Бүт эле тургундар каршы. Эки-үч киши бар макул болгон. Көчө-көчө болуп кол да топтогонбуз. 12-кичирайондун тургундары да өзүнчо чыгып атат каршы болуп. Билесиңер го Барскоондо эмне болгонун. Канчалаган туристтер келбей калган. Эгер бул жерден да инфекция чыкса бизди да чыгарбайт, башкалар да кирбейт. Барскоондогу элдин канчалагыны өлдү, канчасы майып болду. Ага компенсация төлөгөн эч ким болгон жок. Ошону эле кайра кайталаганы жатышат. Бизге андай вирустардын кереги жок. Эгер ошончо эле каражат берип, жардам бергиси келсе анда эски лабораторияларды оңдоп, заманбап жабдыктарды алып келип берсин.

Биолабораториянын коркунучу

Кыргызстанга лабораторияны Канаданын компаниясы курат жана калк отурукташкан жерге жакын Ботаникалык бактан 4 гектар жер бөлүнүп берилген. Мындай келишим Жогорку Кеңештен ратификацияланып, 2008-жылы 22-августта кол коюлган. Биздин колубузга тийген келишимдин көчүрмөсүнө ылайык, бул объект адамдын жана жаныбарлардын саламаттыгын сактоо менен бирге, коркунучтуу оору пайда кылуучу микроорганизмдерди сактоочу жай болот деп жазылып турат.

Лаборатория 60 млн. долларга бааланып, бул сумма Канада тараптан каржыланат. Ал эми Кыргызстан газ, электр энергия, суу түтүктөрүн киргизүү үчүн бюджеттен 21 млн. сом бөлөт экен.

Белгилей кетүүчү жагдай, алгач 2008-жылы аталган биолаборатория азык-түлүктүн дүйнөлүк стандартын аныктоо максатында курулары айтылган. Ошол кезде анын наркы 40 миллион долларга барабар экени белгиленген.

Март айынын соңунда аталган эки райондун тургундары жана бир катар эколог, укук коргоочулар бул келишимге каршы чыгып, “Кыргызстанды экинчи Фукусимага айлантпайлы” деп чыгышкан. “Таза табият” уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева келишим Конституциянын бир топ беренелерине каршы келерин (48-берененин 2-бөлүмү, 40-берене 1-бөлүк, 20-берене) белгиледи. Ал алдыда курула турган лабораториядан биологиялык курал-жарак жасалышы мүмкүн экенин четке какпайт:

- Биздин лаборатория БСЛ-3 деп аталат. Мында 25тей вирустар жана алардын штаммдары бизге алынып келинип, бул жакта иштетет экен. Ошону карап көрсөк барып-барып эле жаңы биологиялык курал-жарактарды өндүрүүгө барат. Келишимде биолаборатория курулуп бүткөн соң Канада жети жыл көзөмөлдөйт деп жазылып турат. Ошондой эле анда коркунучтуу оору пайда кылуучу микроорганизмдерди сактоочу жай болот деп жазылып турат. Кризис болуп турган чакта Канада 60 млн. долларды эмнеге берет, анын акысына бир нерсе берилиш керек да.

Укук коргоочулар жана экологдор коркунучтуу оорулардын штаммдарын, башкача айтканда бактериялык өнүмдөр Кыргызстанга алынып келинип, же тескерисинче алынып чыгууда да кооптончу жагдайлар болорун белгилешүүдө.

Пайдасы барбы?

Анткен менен жергиликтүү микробиологдор Кыргызстандагы лабораториялар мышык ыйлаарлык абалда экенин, Канада менен бирге курулчу биолабораториялар өлкө үчүн зарыл экенин айтып жатышат. Микробиологиялык жана малекулярдык-генетикалык изилдөө борборунун жетекчиси Калия Касымбекованын айтымында, бул объект биологиялык коркунучтарды жана алардын тарашын алдын алуу боюнча бүткүл дүйнөлүк программанын алкагында курулуп жатыптыр. Анын алкагында чочко тумоосу, күйдүргү, кутурма жана башка жугуштуу ооруларды иликтөөгө салымын кошмок.

- Бөтөнчө азыркы убакта бизге бул лаборатория аябай керек. Эмнеге дегенде биз айыл чарба өлкөсү болгон соң эскпортко эт азыктарын, өсүмдүктөрдү чыгарышыбыз керек. Ал үчүн чыгып аткан продукциялар коркунучсуз деген сертификат талап кылынат. Андай документти заманбап жабдыктар менен, эл аралык стандартка туура келген лоборатория бериш керек. Бул жерде өзүбүздө чыгып аткан элдин арасындагы жугуштуу илдеттер менен малдын ылаңдары текшерилет.

Келишимде лабораториянын айынан жабыркаган жарандар сотко кайрылууга укугу жок деп жазылган. Бул боюнча суроо узатканымда Касымбекова мындай деди:

- Лабораторияда биздин эле жарандар ишетйт. Анда канадалыктар иштебейт. өзүбүз жооп беребиз да. Эгер мен иштеп атып бир нерсе кылсам мен жооп беремби же Канада жооп береби?..

"Экинчи Фукисимага жол жок!"

Бишкектин калк отурукташкан жерине курулчу биолаборатория кызуу талкууну жаратып жаткан чагы. Муну ушул эле аптада аны Бишкек шаардык кеңеши да карады. Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо, токой чарба агенттиги 2010-жылы бул маселени иликтеп, Ботаникалык бактын аймагына лаборатория курууга болбойт деген корутундусун чыгарып берген.

Агенттиктин бөлүм башчысы Эмилбек Умаралиев бул жерде элдин пикири да эске алынбаганын айтат:

- Андан сырткары биологиялык лаборатория патогенндик микроорганизмдер менен иштелгендиктен ошол жерге курулбасын деп корутунду чыгардык. Бул жерде адамга коркунучу – Жапонияда Фукусима эмне болду. Адамдык фактор дайыма катышып атат. Андан сырткары биз сейсмикалык жактан активдүү аймакта жашап атабыз. Экинчиден, ошол объект курулчу жерден Ысык-Ата тектоникалык жаракасы өтөт. Бул лаборатория Кыргызстан үчүн, элибиз үчүн керек. Бирок элден алыс кургула деген каалообузду билдирип атабыз. Негизи мындай объектерди куруу чечими кабыл алынганга чейин экологиялык корутунду керек. Бирок андай чечими жок эле келиишмдерге кол коюлуп, токтомдор чыгып кеткен. Аскерлердин тили менен айтканда кандай гана лаборатория болбосун аны биологиялык курал чыгарган заводго айлантуу бир саам эле экен.

Бирок эпидемиолог Зуридин Нурматов бул микробдорду изилдеген гана лаборатория болоруна ишендирүүдө:

- Бул жерде дал ошол биологиялык курал-жарактардан сактануу үчүн курулуп атат. Бул коркунучту алдын алуу үчүн алар аракет кылып атат. Мисалы чочко тумоосу чыкса ар бир жердин аны аныктаганга мүмкүнчүлүгү болуш керек. Эгер ошондой болгондо жеринен эле аныктап, ооруну алдын алууга болмок. Бул бүткүл дүйнө үчүн, адамзат үчүн өтө керектүү нерсе. Буткүл дүйнөлүк террористтер, биологиялык куралдарды алып таркап кетиши мүмкүн деп дагы айтып атышпайбы. Ошонун таркалып кетпеши үчүн курулуп атат.

Нурматов бул объект Канада курган менен Кыргызстандын карамагына өтүп, Кыргызстан көзөмөлдөй турганын билдирүүдө. Ошол эле кезде бул маселени иликтеген укук коргоочулар Канада бул лабороторияны жети жыл иштетерин, андан кийинки тагдырына кооптонуп жатканын айтышууда. Алар лабораторияда сакталып турган коркунучтуу оору пайда кылуучу микроорганизмдердин тарап кетүү коркунучун айтып, коңгуроо кагып жатышат.

Маалыматка ылайык, так эле ушундай биолаборатория Казакстанга курулуп жатыптыр. Андан сырткары Өзбекстанга куруу да пландалган экен. Ал эми БСЛ-3 лабораториялары Украина, Орусия, Канада, Австралияда бирден бар дешет.
Курулуш компаниясынын өкүлдөрү.

Биз Ботаникалык бакка барганыбызда карта көтөргөн үч адамды кездештирдик. Сураганыбызда алар канадалык курулуш компаниясынын өкүлдөрү экенин айтышты. Өзүн Константин деп тааныштырган бирөөсү курулуш иштери үчүн бул жердин коопсуздуугу иликтенип башталганын айтты. Ошондой эле имарат эки кабаттуу болуп, милиция кызматкерлеринин коргоосунда болот экен. Константиндин айтымында, имараттын долбоору Америкада жасалып, курулуш иштерин канадалык компания аткармакчы. Ал бизге мындан ашыкча маалымат берүүдөн баш тартты.

Эми Канада өкмөтү менен бирге биолаборатория куруу келишимин кайрадан карап чыгуу (денонсация) маселесин Бишкек шаардык кеңеши көтөрүүдө. Бул үчүн атайын жумушчу топ да түзүлдү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG