Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:53

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө боюнча калың кар жаткандыктан жаз алды кар жана жер көчкү, суу ташкындары көп болоорун эскертүүдө.

Кырсыкты алдын алуу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу ушул темага арналды.

Катышуучулар: Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынын лидери, депутат Камчыбек Ташиев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сел, суу ташкыны боюнча бөлүм башчысы Нурбек Жумалиев.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Кыргызстанда өткөн жылы мурдагы жылга салыштырмалуу эки эсе көп өзгөчө кырдаалдар катталган экен. Андан 82 адамдын өмүрү кыйылган. Кырсыктар жылдан жылга көбөйүп жатат деп айтылууда.

Быйыл да кар калың жаады. Айрыкча Ак түз, Миң-куш, Майлуу-Суудагы уулуу заттардын калдыктары көмүлгөн жайлардын абалы начар экендиги айтылат. Анткени жер көчсө, урандын сарыккан суулары дарыяга агып түшүп, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан аркылуу жүрүп отуруп, Сыр дарыяга жетүүсү ыктымал. Ошондуктан аталган өлкөлөр менен бирдиктүү чаралар көрүлөбү?
Сел жүрүп кетсе, уулуу зат калдыктарын жууп кетүү коркунучу бар. Азыр аны №18 жайга көчүрүп жатабыз.

Кубатбек Боронов: Чындыгында 2011-жылы мурдагы жылга караганда өзгөчө кырдаалдар көбүрөөк катталды. Ошого жараша чыгымдар да көп болду.

Быйыл жаан-чачындын нормасы көбүрөөк болду. Кара-Дарыя дарыясы нормадан 221% көп. Тар дарыясы 143%. Быйыл сел, суу ташкындары күчөшү мүмкүн деп кооптонуп турабыз.

Алдын алуу иштерин жыл бою жүргүзөбүз. Бул да каржы маселесине байланыштуу болот. Бирок аба ырайы жакшы болуп турса, кышында да бузулган дамбаларды оңдоп иштейбиз.

Эң кооптуу жерлердин бири – Майлуу-Суу. Ал жерде Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен жумуштар жүрүп жатат. Керектүү долбоорлор түзүлүп, учурда өтө кооптуу делген аймактардан башка жакка көчүрүү иштери жүрүүдө. Мисалы, №3 калдыктарды сактоочу жай суунун жээгинде. Сел жүрүп кетсе, уулуу зат калдыктарын жууп кетүү коркунучу бар. Азыр аны №18 жайга көчүрүп жатабыз.

Кошуна өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр болот. Же ал жакта буга анча көнүл бурбай жатышабы, же "бул силердин аймакта жайгашкан" деген мамилеби, айтор ушуга байланыштуу жыйындарда бул маселени көтөрүп эле келебиз.

Камчыбек Ташиев: Опурталдуу аймактарды алдын алуу жумуштары үчүн орто эсеп менен 200-250 млн. сом бөлүнөт. Бирок атайын жүргүзүлгөн китепке караганда жылына республика боюнча 6 млрд. сом керек болот. Эгер жылына 200 млн. сомдон бөлүп тура турган болсок, анда 30 жылда гана опурталдуу аймактарды бүтүрүшүбүз мүмкүн. Бирок ошол убакытты күтүп отурсак 6 млрд. дагы көбөйтүп алабыз.
Урандын сарыккан суулары дарыяга агып түшүп, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан аркылуу жүрүп отуруп, Сыр дарыяга жетүүсү ыктымал

Каражат жетишсиздиги бул жумуштарды артка тарткандык болот. Аталган министрликти азыркы күндөгүдөй каржылоо менен биз опурталдуу кырсыктарды алдын алуу жумуштарын бүтүрө албайбыз. Бул маселени мамлекеттик деңгээлде карап чыгуу зарыл. Жылына алдын алууга жок дегенде жарым млн. сом бөлүп туруш керек.

“Азаттык”: Кышында кар көп жаагандыктан жаз алды менен суулар ташкындап, жер көчкүлөр жүрүшү мүмкүн экенин билдирип жатасыздар. Кайсы аймактар өзгөчө кооптуу болуп турат?

Нурбек Жумалиев: Жүргүзүлгөн мониторингге караганда, Жалал-Абад облусунда Кара-Дарыя участкасында, Көкарт, Ошто Араван-Сай, Баткенде Сох, Аксуу дарыясынын жээги эң опурталдуу деп айтылат. Ошондой эле Нарында Ат-Башыда Акчий участкасында, Ак-Чий, Чүйдө Бурана, Кызыл-Суунун жээктери да кооптуу.

Азыр министрлик жабдууларга муктаж. Эл өзү да сак болуш керек. Арыктарды тазалап жана жер-жерлерде окууларга катышып, сел, ташкында эмне кылыш керек деген маалыматтарды алышса жакшы болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG